Ур барабан, тарт сурнай, шайлоого тизилгиле!
Жаңы жылда дүйнөдө рекорддук сандагы адамдар шайлоодо добуш берет. Башкача айтканда, 70тен көп мамлекетте, калкынын саны арбын Индия, Индонезия, Бангладеш, АКШ, Орусия, Британия, Мексика жана башка жерлерде жаңы лидерлер шайланат. Беларус, Орусия же Руандада азыркы автократ президенттер кайра шайланаары айдан ачык болсо, Америкада Дональд Трамп талапкер болор-болбосу белгисиз. Ал шайлоого катышса, азыркы президент Байден экөө тең Кошмо Штаттар тарыхындагы эң улгайган талапкер гана болбостон, калктын көбү экөөнүн тең шайлоого катышуусун каалабаган маанайда жарышка чыкканы турат. Шайлоо өтө турган ноябрь айында Трамп 78, Байден 81 жашта болмокчу. Башкы атаандаштар - республикалык жана демократиялык партиялардан ким талапкер аталарын алгачкы эки-үч айда билебиз.
Америкалыктарды болуп көрбөгөндөй экиге бөлүп салган бу жолку шайлоодо Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу эрегиш, дүйнөдөгү демократиянын келечеги өндүү талылуу маселелердин тагдыры таразага коюлат. New York Times жазганына караганда, АКШ акыркы эки жылда эле Украинага 111 млрд долларлык жардам көргөздү. Декабрдын башында АКШ Конгресси Украинага дагы 61 млрд долларлык жардам көргөзүү планын колдобой кийинкиге жылдырса, Евробиримдиктин Киевге 50 млрд евро бөлүү ниетине Венгрия вето койду. Украинанын жетекчилери басып алынган аймактарды орус армиясынан бошотуу операциясына чукул арада 11 млрд доллар зарыл экенин кайталап келатышат.
Согуш, анын кесепетинен элдин башына түшкөн мүшкүл, кыргын Украина менен Газада эле эмес, Африкада да уланууда. Мали, Нигерия жана Буркина-Фасодогу куралдуу салгылаштар акыркы эки жылда 20 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Акыркы үч жылда бул континентте тогуз жолу бийлик кан төгүү жолу менен алмашты. Кирип келген жылы эң көп шайлоо дал ушул континентте болот. Африкадагы эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири, 30 жыл илгери демократиялык өнүгүү жагынан көптү үмүттөндүргөн Туштүк Африкада азыр элдин көбү же 72% коррупция, кылмыштуулук, жумушсуздуктан тажап, кайра аскердик башкарууну тандоого ыктап турганын соңку сурамжылоо ашкереледи.
Шайлоого аттана турган Азиядагы демократиялык ири мамлекеттер Индияда экономикалык жана геосаясий ийгиликтерге шыктанган премьер-министр Нарендра Моди мусулмандарга каршы риторикасын күчөтүп, популисттик саясатка ооп баратса, Индонезия менен Бангладеште бийликтегилер оппозицияны куугунтуктап турмөгө камап, саясий автократиянын темир казыгын тереңдетип кагып жаткан кез.
Тайвандагы шайлоонун жыйынтыгы АКШ-Кытай атаандаштыгына май тамызары талашсыз. Бул өлкөдөгү 18 млн шайлоочунун көбү Кытай менен жакындашууну каалаган байистүү оппозициялык КМТ партиясын тандаса, жакын арада кырдаал курчуп кетпейт. Баары Бээжиндин саясатына жараша болот, Си Цзинпиндин өкмөтү Тайпэйге басымын күчөтсө, эки ири державанын ортосундагы тирешүү күчөп кетиши толук ыктымал.
Мексикадагы шайлоодо башкы эки талапкер тең аял болгондуктан, бул өлкөнү алгачкы ирет аял президент башкармакчы. Байкоочулар аял талапкердин экөө тең азырынча популизмден оолак болгону жакшылыктан үмүттөндүрөт дешет.
Украина менен Газадагы уруш
Украинадагы согушта Батыш өлкөлөрү 2022-жылдын аягында оптимисттик маанайда үмүттөнгөн ири жылыш байкалган жок. Киевдин контрчабуулу алар күткөндөй жыйынтык бербей, акыркы беш айда аскердик чыгаша-жоготуу эселеп көбөйгөнү менен, бир да ири кыштак же шаар бошотулган жок. Орусия азырынча Украинанын 18% аймагын ээлеп турат, анын жарымын же Крым жарым аралы менен Донбассты 2014-жылы эле өзүнө каратып алган. Байкоочулар согуш дагы узакка созулушу мүмкүн, кара майдын көтөрүлө түшкөн дүйнөлүк баасы орус экономикасын шердентип, кандуу согуштун айынан коомдук пикирден коркпогон Путин Украинага жардам берип жаткан батыштык өнөктөштөр берешендигинен качан чарчашат деп күтүп жатканын айтышат. Андай коркунуч жок эмес, Европада, Америкада шайлоочулар менен саясатчылар Украинага бөлүнүп жаткан ири каражаттын жүгүн жон териси менен сезе баштаган кез.
Ошентсе да, Европа Биримдиги украин жергесинин бүтүндүгүн, Москвадан көз карандысыздыгын коргоп калууга көрсөтүлчү жардамды азайтпай турганын кайталап келатат. Дүйнөлүк экономика боюнча Киль институту билдиргендей, Евробиримдик, Британия, Норвегия жана Швейцария биригип Украинага 155 млрд доллардай жардам бөлүп берип, бул жагынан АКШны артта калтырды. Согуштагы жаңылыктар эми алдыдагы айларда батыштык өнөктөштөр убада кылынган каражатты убагында жөнөтө алабы деген маселеге такалууда. Андан ары Америкадагы шайлоодо ким жеңет деген суроо Украинадагы согуштун келечегин чечүүчү факторго айланчудай.
Израил-ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) согушу жакынкы айларда тынчыбаса да, акыры эки тарапта тең бийликтегилердин алмашуусуна алып келери айныксыз болуп калгандай. Көп жылдан бери ХАМАС менен ФАТАХтын атаандаш бийлигинен, ага кошумча Израилдин рейддеринен тажаган палестиндер жаңы бийликтин келишин каалары талашсыз. Эгерде Израил армиясы миңдеген палестиндерди бутага алган чабуулдарын дагы күчөтө берсе, палестиндер арасында ХАМАСты колдогондор көбөйүп кетиши да ажеп эмес. Ошондуктан көпчүлүк мамлекеттер азыр Израилди Газа секторуна карата саясатын өзгөртүүгө, куралдуу аракеттерин басаңдатууга үндөп жатышат. Салгылаштар качан аяктаса да, Израилдин жетекчилери да алмашары айныксыз дешет эксперттер. 7-октябрда 1200дөй адамдын өмүрүн алган ХАМАСтын чабуулун алдын албай карап отурган үчүн тельавивдик далай жетекчилер кызматын тапшырууга аргасыз болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжал эки коңшулаш мамлекеттин түзүлүшү менен гана тынчый турганын эскертип, ошого үндөгөн тараптардын сунушу аткарылабы, жок дегенде ошондой максатта чечкиндүү кадамдар жасалабы – аны мезгил көрсөтөт.
Геосаясат, технология, илим
2010-жылы БРИКС деген аталыш алдында бириккен Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирип келген жылы күзүндө дагы беш мамлекетти кошуп алып кеңейгени турат. Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары сентябрда кошулса, БРИКСке дүйнө калкынын 40%дан ашыгы жана жалпы адамзат өндүргөн дүң өнүмдүн 26% туура келмекчи. Батыш менен Кытайдын ортосундагы атаандаштык, орус-украин согушун эске алганда кеңейген жаңы бирикме өз алдынча тышкы саясат багытын иштеп чыгууга умтулуп, эл аралык геосаясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн. Бирок бул өлкөлөрдүн саясий системасы, экономикалык жагдайы абдан айырмалуу болгондуктан, азырынча орток бир акча бирдиги же эркин соода аймагын түзүү сыяктуу кадамдар жасалары күмөн.
Дүйнөлүк экономикада инфляция пандемия маалындагы деңгээлден азайып, 2023-жылы 6,9% түзөрүн Эл аралык валюта кору жарыялады. Өнүккөн өлкөлөрдө экономикалык өсүш төмөндөп, орточо 1,5% айланса, өнүгүп бараткан мамлекеттерде 4% түзөрү күтүлүудө. Индия 5,5% өсүш менен алдыңкы сапка чыкса, Кытай 4,9% менен күтүлгөндөн төмөнүрөөк жыйынтык көргөздү. Кытайдын экономикасындагы жай өсүш жалпы эл аралык экономикага таасир этпей койбойт. Айрыкча жакын жайгашкан Борбор Азия экономикалык жактан Кытайга тыгыз байланышкан, чөлкөмдөгү орточо өсүштү Эл аралык валюта кору 2,5% деп боолгоду.
Буга чейин болуп келгендей, 2024-жылы жаңы технологиялар экономикалык көрсөткүчтөрдү кыйла өзгөртүп коюшу ыктымал. Өтүп кеткен жылы ири компаниялар жасалма интеллект технологиясын (AI, же artificial intelligence) ар кандай келишим же контракттарды түзүүдө, рекламалык материалдардан баштап ар түркүн документтердин түп нускасын жазганга, татаал жана көлөмдүү документтерди, изилдөөлөрдү анализдегенге колдонуп жатышты. Америкадагы алдыңкы банктардын бири AI технологиясын өкмөттүн жыйындарын анализдеп, тийиштүү бөлүмдөргө кыскача көрсөтмө жазганга пайдаланганын билдирди. Катардагы жарандар “мага ыр, аңгеме, резюме же дилбаян жазып бер” деп көбүрөөк эрмектешти.
Эксперименталдык фазадан ийгиликтүү өтүп жаткан жасалма интеллект технологиясына Батыш компанияларынын көбү инвестиция салып, изилдөө жана өнүгүү максатында активдүү колдонууга киришип жатышат. Google, Microsoft баш болгон компьютердик технологияга адистешкен компаниялар жасалма интеллектти өз программалары менен системаларын өнүктүрүүгө колдоно баштады. Азырынча бардык тармактарда төңкөрүш жасаары айтылып жаткан жасалма акыл канча иш орундарын кыскартууга алып келери белгисиз. Технологиялык компаниялар 2024-жылы аз дегенде 300 миңдей жумуш орду кыскарышы мүмкүн деп боолгоп жатышат. Жасалма интеллект медициналык, юридикалык жана башка тармактарда кандай пайдаланылат, этикалык, моралдык тобокелчилик, коркунучтардын кантип алдын алабыз деген маселе эл аралык деңгээлде талкуулана баштады. Бир катар мамлекеттер Эл аралык атайын агенттик түзүү зарыл деген сунушун да айтышты.
Ал тапта медицинада генетикалык терапия багытында чоң жылыштар жасалууда. 2023-жылдын аягында кан ооруларын дарылоодо тарыхый ачылыш жасалып, генди молекулярдык деңгээлде оңдоп, ДНКга түзөтүү киргизүү ыкмасы ийгиликтүү сыноодон өттү. Генетикалык дарылоо ыкмаларындагы ачылыштар рак ооорусун дарылоого да колдонулуп, келечекте оорулуунун иммундук системасына зыян келтирбей дарылоого жол ачылабы деген үмүт жаратты. Тилекке каршы, генетикалык деңгээлдеги дарылоо абдан кымбат экенин эске алганда, ага азырынча көпчүлүктун колу жетпеген бойдон кала берчүдөй.
Америка, Кытайдын астронавттары жаңы жылдын экинчи жарымында Айды айланып учуп, роботтун жардамы менен андагы жер кыртышын, таш-топуракты изилдөөнү улантары пландалган. Сентябрда Жапония Марска, индиялык астронавттар декабрь айында Венера планетасына учууну мерчемдеп жатышат.