Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Египет учагын барымтага алган киши кармалды


Барымтага алынган учак. 29-март, 2016-жыл
Барымтага алынган учак. 29-март, 2016-жыл

Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга Египеттин учагын мажбурлап кондурган, борттогуларды “учакты жардырам” деп коркуткан жаран кармалды.

Ал Египет жараны экени, борттогу адамдарга зыян тийгизбегени маалымдалды.

Мурдараак бийликтер кылмышка шектүү жаран “террорчу” эместигин айтып, сүйлөшүүлөр уланып жатканына карабай, анын максаты түшүнүксүз экенин билдиришкен эле.

Egypt Air компаниясынын Airbus 320 учагын барымтага алган жаран учактан колун көтөрүп чыкканын, каршылык көрсөтпөй эле колго түшкөнүн Египеттин мамлекеттик каналдарды кабарлады. Ал Александрия шаарындагы университеттин профессору Сейфиддин Мустафа экени айтылууда.

Мурдараак барымтачы Египетте камалган аялдарды бошотуу жана Евробиримдик өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп берүүнү талап кылып жатканы маалымдалган. Ошондой эле ал мурдагы аялы жашаган Кипрден башпаанек сураган.

Египет учагын барымтага алган жаран кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

Египеттин жарандык авиация министри Шериф Фатхи учакты барымтага алган жаран менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, учактагы төрт чет элдик жана экипаждын үч мүчөсүнөн башка жүргүнчүлөр бошотулганын билдирген эле. Учактагылардын көбү египеттиктер болгон.

29-мартта эртең менен cаат сегиз жарымдар чамасында Александрия-Каир багытындагы Airbus 320 учагы жерден көтөрүлгөн соң жарым саат өтүп барымтага алынган.

Барымтачы учкучтарды Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга конууга мажбурлаган жана жардыргыч зат байланган куру бар экенин айтып коркуткан.

Окуядан кийин министр Шериф Фатхи окуяга байланыштуу чукул жыйын куруп:

- Биздин ишенимдүү булактардан алган маалыматтарыбызга караганда, учакты барымтага алган кишиде эч кандай курал жок. Бирок ал жардыргыч заты бар курду белине байлап алганын айтууда. Чындап эле ушундай куру барбы же жокпу, азырынча билбейбиз. Бул олуттуу коркутуу экени анык. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн колдон келген бүт аракет жумшалат,- деп билдирген.

Барымтачынын аты-жөнү Сейфиддин Мустафа экенин Кипр Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Андан башка маалымат бериле элек.

Кипр президенти Никос Анастасиадис окуяны “терроризм” менен байланышы жок деп билдирген:

- Эмне болгон күндө да бул окуянын терроризм менен байланышы жок. Колдон келишинче эч кимге зыян келтирбей, жагдайдан чыгуу жолдорун издеп жатабыз.

Кабарларга караганда, барымтачы Кипрде жашаган мурунку аялына араб тилинде жазылган катты жеткирүүнү талап кылган.

Негизинен чет элдик учактарды кабыл алган Ларнак аэропорту окуя болгон учурда убактылуу жабылды.

Мындан беш ай мурун орусиялык А321 учагы Египеттин Шарм эл-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга учуп бара жатып, Синай жарым аралынан кыйроого учураган жана 224 адам мерт кеткен эле. Кийинчерээк бул кырсык “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жасаган теракт экени маалым болгон.

XS
SM
MD
LG