Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Каирде Мубарак кеткенден берки эң чоң кагылышуу болду


Каирдеги тополоң, 8-май.
Каирдеги тополоң, 8-май.

Каирде мусулмандар менен копт-христиандары ортосунда болгон кагылышта, соңку маалымат боюнча, 12 кишинин өмүрү кыйылды.

Египет өкмөтү 8-майда шашылыш өткөн жыйындан кийин өлкөнүн коопсуздугун камсыздооо үчүн “темир чеңгел” менен аракет кыларын эскертти. Ишемби күнү кеч шамдан кийин башталган диний араздашууга байланыштуу Египеттин өкмөт башчысы тыш өлкөлөргө мерчемделген сапарынан баш тартты. 9-май саат 11ге чейин чатак болгон аймакта коменданттык саат жарыяланды.

Ондон ашык адамдын өмүрүн жалмаган чатакка диний касташуу шыкак болду. Күбөлөрдүн айтышынча, мусулман динине өтүүнү каалаганы үчүн бир христиан аял күчтөп ибадатканада кармалып жатат деген кепке ишенген 500дөй мусулман салафийлер тарса же христиан чиркөөсүн курчап алышып, аялды бошотууну талап кылышкан. Бул кабар ырасталбаганы кабарланды.

Маалыматка караганда, кыжырданган адамдар бирибирине ок жана таш атып, атүгүл жардыргыч заттарды аянбай ыргыткан. Каирдин батыш ныптасындагы жаатташкан тараптарды ажыратуу үчүн танкалар коштогон аскерлер асманга ок атып, көздөн жаш агызчу газ пайдаланган.

Каирде окуган кыргызстандык Эрмат Дербишев “Азаттыкка” тарсалардын өрттөнгөн чиркөөсүн сыналгыдан көргөнүн, бирок чатак эмнеден чыкканынан кабары жок экенин айтты.

Жаңжал болгон Имбаба районунда бир чиркөө өрттөлгөн. Батыш маалымат булактары Египет өкмөттүк телеканалына шилтеп, диний кагылышууда 12 адам өлүп, 230дан ашуун адам жарадар болгонун кабарлады. Бул жөнүндө Каирдин ал-Асхар университетинде окуган Мавлянбек Кадыр уулу “Азаттыкка” телефондон буларды айтты:

- Жекшемби күнү түшкө чейин 10 адам өлгөнү, ал эми түштөн кийин дагы эки киши курман болгонун, жарадар болгондор 232 адам экенин Египеттин өкмөттүк телеканалы кабарлады.

Өлкө борборундагы катаал кырдаалга байланыштуу Египеттин өкмөт башчысы Эссам Шараф 8-майда Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирлигине мерчемделген визитин кийинге калтырды. Башкаруучу аскерий жетекчилик жаңжалга тиешеси бар деген 190 адам кармалганын жарыя кылды.

Министрлер кабинети борбор калаадагы жагдайды төрт саатка жакын талкуулады. Жыйындан кийин Египеттин юстиция министри Абдело Азиз Гинди “өкмөт ибадатканаларга жана адамдардын диний эркиндигине кол салууларды өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч ирети” баалап, аларга каршы күрөштө “терроизмге каршы мыйзамга ылайык” чечкиндүү аракеттенерин эскертти.

Эрмат Дербишев жекшемби күнү шаардын ортолук бөлүгүндө улуттук жана диний биримдикке чакырган митинг болуп жатканын көргөн.

- Аббасия деген жер бар - христиандардын борбору. Ошоерден өтүп баратып, тынчтыкка чакырган митинг болуп жатканын көрдүм. Алар арабча:” Мусулмандар, христиандар-биз баарыбыз египеттиктербиз”, - деп кыйкырып жатышыптыр.

Коопсуздук кызматтарынын айтымында, диний жаатташууну сындап, өз ара ынтымакка чакырып, Каирдин ортосуна бараткан 400дөй мусулман менен тарсаларды ондогон адамдар ташбараңга алып, эки ортодо мушташ чыккан.

Франсс Пресс агенттигинин билдиришинче, Египеттин муфтийи Али Гумаа кагылышты айыптап, диний араздашууга баргандарды “өлкөнүн коопсуздугу менен ойношууда” деди.
Бул февралда президент Мубарак бийликтен кетирилгенден берки эң чоң тополоң болду.

XS
SM
MD
LG