Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Египет: Коопсуздук күчтөрү мечитти "тазалашты"


"Ал-Фатх" мечитиндеги аял полицияга кыйкырып турган чагы, 17-август, 2013
"Ал-Фатх" мечитиндеги аял полицияга кыйкырып турган чагы, 17-август, 2013

Египетте “Мусулман агайындар” кыймылынын жүздөгөн жактоочусу жашырынган мечитти өлкөнүн коопсуздук күчтөрү толук тазалашканын кабарлашты.

Операцияда канча адам өлгөнү белгисиз.

Бүгүн өлкөнүн коопсуздук күчтөрү Каирдеги “Ал-Фатх” мечитин курчоого алып, кечке жуук чабуул коюшту. Анын алдынан мечиттин мунараларына ок атылганын телеканалдар көрсөтүп жатышкан. Бир топ кишилер камалганы айтылууда.

Тазалоо операциясынын алдынан мечиттин ичинде тургандардын бири, Омайма Халава деген аял телефон аркылуу “Ал-Жазира” телеканалына сүйлөп: “Эч ким бул жерде корголгон эмес. Алар мечитти атып жатышат. Баарыбыз коркунучтабыз”, - деген эле.

Каирдеги ал мечитте жума күнкү кандуу нааразылык маршына катышкан жүздөгөн адамдар бекинип турушкан. Өлкөдө бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин “Мусулман агайындар” исламчыл кыймылы уюштурган жума күнкү демонстрациядагы кагылыштарда өлгөндөрдүн саны 173 адамга жеткенин да бийликтер бүгүн ырасташты.

Жума күнкү “Нааразылардын маршын” кыймыл ушул аптанын шаршембисиндеги кандуу чабуулдарга жооп катары өткөргөнүн билдирген болчу. Шаршембиде коопсуздук күчтөрү аталган кыймылдын шаардагы эки лагерин буздуруп, кагылыштарда 600дөн ашуун киши набыт кеткен.

Шаршембиден берки кагылыштарда көз жумгандардын саны 750дөн ашты. France-Presse маалымат агенттиги жумуриятын Ички иштер министрлигине шилтеме менен “Мусулман агайындар” кыймылынын миңден ашуун жактоочусу камалганын кабарлады.

Египеттин армиясынан куралган утурумдук өкмөттүн өкүлү Шериф Шавки бүгүн Каирде сүйлөп, азыр өкмөт “Мусулман агайындарды” жок кылуунун мыйзамдуу жолдорун караштырып жатканын билдирди.

Убактылуу өкмөт башчысы Хазем ал-Беблави болсо “мыйзамды бузгандар менен жарашуу болбойт” деди.

"Колу канга боёлгондор менен, өз өлкөсүнө, өз элине колун көтөргөндөр менен биригүү мүмкүн эмес. Мыйзамды бузгандар менен жарашууга болбойт", - деди Беблави.

Убактылуу өкмөт азыр ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин баарын “террористтик план” деп билерин айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG