Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Орусия газы Украина аркылуу Европага ага баштады


Эки аптага жакын тыныгуудан соң Орусиянын көгүлтүр оту Украина аркылуу Европага кайрадан ага баштады. Мунун алдында эки өлкөнүн газ компаниялары Москвада он жылга эсептелген келишимге кол коюшкан эле. Жаңы макулдашуунун чоо –жайы кандай?

Украинанын эки аптага жакын кургак турган кууруна Орусия газды 20-январь, шейшембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30дан тарта койо берди. Мындан соң Украинанын "Нафтогаз" компаниясы, анын соңунан украин чек арасынан ары жагындагы биринчи өлкө - Словакия көгүлтүр отту ала баштаганын, Еврошаркеттин байкоочулары газ кадимкидей кетип жатканын ырасташты. Бирок көгүлтүр от европалык керектөөчүлөргө толук жеткенге чейин 36 саат убакыт талап кылынат.

Баа жана карыз боюнча талаштан улам Орусия Украинанын өзүнө газ берүүнү 1-январдан, ал эми Европага Украина аркылуу газ берүүнү 7-январдан тарта токтоткон эле. Эки өлкөнүн ортосундагы газ чатак адатка айланган көрүнүш айланганы менен быйылкы кризис өтө олуттуу болду. Анын үстүнө ал Европада атадаттан тыш суук өкүм сүргөн учурга туш келди. Брюссель мындай кырдаалдын түзүлүшү үчүн эки тарапты тең сындоо менен Москва менен Киевге ишенимдүү ишкер өнөктөш катары беделине доо кетирип жатканын эскертип келди.

Соңку кездери бири –бирин айыптап келген "Газпром" менен "Нафтогаздын" жетекчилери эми Орусиянын премьери –министри Владимир Путин менен Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошкенконун көзүнчө 19-январда кол коюшкан келишим он жылга, 2019-жылга чейин эсептелген. Украин өкмөт башчысы Юлия Тимошенко бул окуяны атүгүл "тарыхый учур" деп баалады:

-Менимче бүгүн чындап эле тарыхый учур сыяктуу. Европа менен Украинаны газ менен камсыз кылуу системасында он жылга тынчтык жана болжолдоого боло тургандай жүрүм –турум.

Жаңы келишимге ылайык табыгый газдын соода-сатыгында эки өлкө быйылкы жылдын 1-январынан тартып европалык рыноктун наркына өтүүнү макулдашты. Мындан тышкары өз ара эсеп-кысап иштеринде эч кандай ортомчу, далдалчы компаниялар болбойт. "Газпромдун" башчысы Алексей Миллердин шейшембиде орус президенти Дмитрий Медведев менен жолуккан кезинде жаңы келишимде Украина үчүн кандай баа каралганы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

-Биринчи чейректеги базалык баа 1000 кубометрине 450 доллар. 20%дык төмөндөтүүчү коэффицентти эске алганда,Украина үчүн биринчи чейректе 1000 кубометрдин баасы 360 доллар болот. Бул арзандатуу Орусиянын газын Украина аркылуу транзитөө акысы мурдагы эле бойдон калганына байланыштуу колдонулду. Ал 1000 кубометрдин 100 чакырымга транзити үчүн 1,7 долларды түзөт.

Ошентип, арзандылган күндө деле Украина үчүн газ баасы быйылкы жылдын биринчи чейрегинде эки эсеге жакын кымбаттап олтурат. Өткөн жылы “Нафтогаз” 1000 кубометр “көгүлтүр отунду” “Газпромдон” 179,5 долларга сатып алып турган.

Келишимге ылайык баа жылдын ар чейрегинде кайра эсептелинип турат. Газдын баасы мунай жана мунай продуктуларына байланыштуу болгондуктан, аларга баанын өзгөрүшүнө жараша Украинага карата баа да өзгөрүшү мүмкүн. Украин расмий өкүлдөрүнүн божомолуна караганда, балким 1000 кубометрине 250 доллардан төлөө туура келип калат.

Ал эми транзит акысынын 1000 кубометрди 100 чакырымга ташууга быйылкы жыл үчүн мурдагыдай эле 1,7 доллар бойдон калганы менен ал баа европалык деңгээлге келерки жылы чыгат. Ушул маселеде "Нафтогаз" менен "Газпромдун" пикири эки башка. "Газпром" 1000 кубометр газды 100 чакырымга ташуу үчүн Европа өлкөлөрү 4-5 доллар алат десе, "Нафтогаз" баа 8-9 долларга жакын деп эсептейт.
Орусиянын премьер- министри Владимир Путин болсо жаңы келишимге кол коюу учурунда анын өлкөсү Украинанын газ куурларынын ишине аралашууга даяр экенин ишара кылды:

-Биздин көз -карашыбызда энергетикалык чийки затты Европага жеткирүү багыттарын, азыркы эле транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай, болушунча диверцификациялашыбыз керек. Мен атүгүл украиналык өнөктөштөргө биз Украинанын газ транспорт системасын өнүктүрүү боюнча иштөөгө даяр экендигибизди айттым.

Бирок Путин бул багыттагы кандай иштешүү болорун чечмелеген жок. Украина маселен акыркы жылдары Орусия анын газ - транспорт системасына толук же жарым-жартылай ээлик кылуу аракетине каршы болуп келген. Энергия маселелерине адистешкен италиялык эксперт Федерико Борнардонун пикиринде, азыркы келишимдин коомчулукка ачык айтылбаган жактары да болуусу мүмкүн:

-Биз Юлия Тимошенко орусиялыктарга башка нерселерди да убада кылган-кылбаганын билишибиз керек. Менде орусиялыктар келишимди саясатка байланыштырдыбы деген шек бар. Анткени алар Чыгыш Европага таасир көргөзүүнү, Чыгыш жана Борбордук Европада бийлиги калуусун каалашса, саясий жактан Украинаны көзөмөлдөө талап кылынат.

Украинанын ички саясий сахнасында болсо президент Виктор Ющенко менен премьер- министр Юлия Тимошенконун атаандаштыгы өкүм сүрүп келет. Келерки президенттик шайлоого катышарын жашырбаган Тимошенконун Орусия менен газ макулдашуусуна авторлош болуусу анын саясий беделин көтөрүүсү, ал эми Москва менен өнөктөштүк Ющенко менен атаандаштыктагы абалын чыңдоосу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG