Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Эски божомол Римдин калкын дүрбөттү


Ушул шаршембиде миңдеген италиялыктар Римден шашылыш чыгып кетишти. Ага бул күнү жер титирөө болоору тууралуу илгерки божомол себеп болгон.

Римдиктердин дүрбөшүнө мындан бир нече жыл мурда эле көзү өтүп кеткен, сейсмология илимин өз алдынча окуп, үйрөнгөн италиялыктын жоромолу деген маалыматтар түрткү берген. Маркум Раффаэле Бендани мурда кеминде эки жер титирөөнүн убактысын туура айткан экен.

Айрымдар Рим шаары 2011-жылдын 11-майында катуу зилзалага кабылат деп болжолдогон деп ырасташкан Раффаэле Бендани 1979-жылы, 86 жаш курагында борбордук Италиядагы Фаэнца шаарында дүйнөдөн өткөн. Кезинде сейсмология менен астрономияны өз алдынча окуп үйрөнгөн бул адам чынында эле буга чейинки бир катар жер титирөөлөрдүн убактысын туура айткан экен.

1927-жылы Италиянын ошол кездеги диктатору Бенито Муссолининин колунан сыйлык алган Бендани 1923-жылы Адриатика жээгиндеги Марке аймагы 1924-жылы 2-январда зилзалга кабылат деп болжолдогон. Бул жер титирөө болгон, бирок мөөнөтү эки күнгө кечиккен. Кийинчерээк Бендани Италиянын түндүк-чыгышындагы Фриули провинциясында 1000дей адамдын өмүрүн алган 1976-жылкы зилзаланы да күн мурунтан айтыптыр.

Окумуштуулук менен олуялыкты айкалыштырган Бендани зилзаланын болорун убактысын Ай, Күн жана планеталар өз турумун алмаштырган кезде Жердин кыртышына таасир берүүчү тартылуу күчү аркылуу эсептечү экен. Андыктан, Бенаданиники деген божолмолдун жаңыртылып Интернет аркылуу таратылышы римдиктерди дүрбөлөңгө салбай койгон жок.

Бийликтер бул күтүлгөн дүрбөлөңдү утурлай качандыр бир кезде жасалган олуячылыктын бүгүнкү реалдуулук менен эч байланышы жоктугун түшүндүрүү үчүн бир топ аракеттенишкен. Бирок чыракка 10-май күнү Римден 100 чакырымдай алыстыкта катталган кичинекей жер силкинүү да май тамызгандай болду.

Бир нече жылдан бери Италия борборунда жашап жаткан жердешибиз Гүлсана Сарногоевага кечээ кечке жуук телефон чалганыбызда, ал Римде эле экен:


- Мен көп деле ишенбейм. Чын эле корккон бир топ адамдар шаардан чыгып кетишти. Адамдардын мүнөзү бири-бирине окшош келет эмеспи. Маалымат белгисиз адамдар тарабынан Интернет аркылуу таратылган экен. Эми аларды ( бийликтер) издеп, табабыз деп жатышыптыр.

Шаардык полициянын билдиргенине караганда, шаршемби күнү аларга телефон чалуулардын саны өскөн. Ал эми жергиликтүү басма сөздүн маалыматтарына ишенсек, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл11-майда эс алуу алган мамлекеттик кызматчылардын саны 20%га көбөйгөн.

Ошондой эле көптөгөн дүкөндөр жабылган, өзгөчө Римдин Чайнатаун деп аталган районунда шаршембиде дүкөндөрдүн 90%ы иштеген жок. Бирок жергиликтүү дүкөнчү Леонардо Маци ишин таштаган эмес:

- Алардын баары жер титирөөдөн кооптонушкандан улам кетишти. Кытайлыктардын баары кетти. Алар абдан ырымчыл экен, -
дейт бул италиялык.

Италиянын аймагындагы акыркы ири жер титирөө мындан эки жыл мурда өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Аквила шаарында болгон эле. Анда күчү 6,3 баллга жеткен зилзаладан 300дөй адам каза таап, миңдеген имараттар зыян тарткан.

Айтор элдин кооптонуусун басуу үчүн шаар бийликтери түз телефон байланышын да уюштурушту. Ал эми Италиянын Жарандык коргонуу агенттиги өз интернет сайтында илим канчалык өнүккөнү менен зилзаланын убактысын күн мурунтан так болжоо мүмкүн эместигине, Рим сейсмикалык жактан активдүү аймакта жайгашпагандыгына басым жасады.

Италиянын улуттук Геофизика жана вулкан институту элге сейсмология тууралуу маалымат берүү үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Иликтөөчүлөр менен окумуштуулардын ырастоосунда, Бенданинин 11-май боюнча божомолу тууралуу аларда эч далил жок.

Көз өтүп кеткен олуянын атын алып жана кол жазмаларынын баарын сактап келе жаткан ассоциациянын президенти Паола Лажорионун айтымында, алардын колундагы документтерде быйыл майда Римде жана анын айланасында кандайдыр зилзала болору тууралуу эскерилбейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG