Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

Өткөн айда Ирландия, Британияда уйдун этине кошулуп сатылган жылкынын эти эми Франция, Швецияда табылып, кээ бир жерлерде уйдун эти деген жазуу алдында таптаза жылкынын эти сатылып жатканы аныкталды. Атүгүл арасында эшектин эти да болушу мүмкүн деген маалымат тарады.

Кыргыз, казак өңдүү элдерде жылкынын эти тамактын гүлү деп эсептелсе, ушу тапта байкабай жылкынын этин жеп койгонун уккан айрым европалыктар өзүлөрүн кечирилгис күнөөгө баткандай сезип жаткан кез.

Германиялык биолог-профессор Виктор Майер-Роков европалык кардарлардын бир даары жөн гана алданып калганына ачууланса, кээ бири андан башка сезимде калганын айтат.

- Абдан эмоционалдуу, сезимтал кабыл алгандар бар. Анткени жылкынын, аттын өзгөчө бир кадыр-барктуу, керемет, адамга дос асыл жаныбар катары тарыхы бар эмеспи. Башка эле малдын эти деп жазылып сатылганы - барып турган алдамчылык.

Европанын Англия, Ирландия өңдүү өлкөлөрүндө жылкынын этин тамакка кошуу – коом таптакыр кабыл албаган көрүнүш болсо, Франция, Италия жана башка жерлерде аны даамдуу азык деп эсептегендер жок эмес.

Ачууланган европалыктар азыр сөөмөйүн Румынияга кезеп жатышат. Анткени жүздөгөн жылдар бою ат чегилген арабаны унаа катары кеңири пайдаланып келген румындар алты жыл мурун транспорттун мындай түрүнө мыйзам аркылуу тыюу салышкан. Нагыз күчүнө киргенине аз убакыт болгон бул мыйзамдын айынан Румыниядагы миңдеген жылкы, ал гана эмес эшектер да касапчынын колуна барып түшкөн.

Лондондо чыгуучу Independent гезити жазгандай, Румынияда союлуп устукандалган далай жылкынын эти андан ары Кипрдеги ортомчуларга тийип, ал жактан Голландияга экспорттолуп, Франциянын түштүгүндөгү тонналаган эт сакталчу муздаткыч-кампаларда кармалып, ошондон кийин гана Люксембургдагы эт саткан европалык борборго жөнөтүлүп, ал жактан кеминде 16 өлкөгө сатылган.

Ушундай узак жолдун кайсыл жеринде жылкынын этине “уйдун эти” деп жазылып, мөөр басылганын эми тергөөчүлөр иликтеши керек.

Евробиримдиктин Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу катчысы Оуэн Патерсон азырынча кээ бирлер талап кылгандай, Европада этти импорттоого тыюу салууга негиз жок деген пикирде. "Бул жерде кеп – сатылган эттин сапатында эмес, андан адам өмүрүнө коркунуч келтирчү заттар табылган жок, тамак-аш коопсуздугунун стандарттары бузулган эмес. Баарынан башкысы, уйдун эти деп жазып, кардарларды алдаган ортомчулар тууралуу сөз жүрүп жатат", деди Патерсон. Франциянын кардарлар министри балким, алдамчылардын дареги такталып калса, француз өкмөтү сотко барууга даяр деп билдирди.

Ал эми жылкынын этин кыргыздар эмне үчүн жогору бааларын коомдук ишмер, окумуштуу зоотехник Кемел Ашыралиев төмөнкүдөй чечмелейт.

- Жылкы эч убакта, мисалы, пресстелип, же жыйып койгон чөп сасып, же жыттанып кетсе, аябай ачка болуп турса да аны жебейт. Башка мал жей берет. Жылкынын дагы бир тазалыгы – суу ичип атканда эң акыркы бир жутум сууну оозун чайкап туруп кайра бүркүп таштайт жерге. Баспай, кыймылдабай, бир жерде туруп калган малдын этинде холестерин көп болот. Ал эми жайытта жүргөн мал бир жерге жатып албайт. Ал бел ашат, суу ичет, кээде оюн салат. Биздин жер тоолуу келет, түз жер эмес, капталдарда, өйдөдө, ылдыйда басат. Ошентип кыймылдап жүрүп семирет. Кыймылдап жүрүп эт кошкон малда холестерин аз болот. Жылкынын этин биз изилдеп бүтө элекпиз.

Кыргыздар ушинтип кадыресе тамак катары пайдаланган жылкынын эти Европада ызы-чуу жаратты. Айрым эксперттер уйдун эти деп сатылган этти жакшылап текшерүү керек, арасында эшектин эти да табылышы мүмкүн деп коңгуроо кагууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG