Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Париж: атышуу жана жардыруу коштогон рейд


Париждин Сен-Дени районундагы рейд учурунда. 18-ноябрь, 2015-жыл.
Париждин Сен-Дени районундагы рейд учурунда. 18-ноябрь, 2015-жыл.

Францияда өткөн жумадагы террордук чабуулдарга катышы бар делгендерди издөө аракеттери уланууда. Бүгүн Париждеги рейд учурунда террорчу деп шектелгендердин экөөсү өлүп, жетөөсү кармалды. Өлгөндөрдүн бири жанкечтиликке барып, өзүн жардырган. Бүгүнкү рейд учурунда полицейлер да жаракат алган.

Француз коопсуздук күчтөрү Париждин түндүгүндөгү Сен-Дени районундагы рейди аяктаганын өкмөттүн басма сөз катчысы Стеффан Ле Фолл Бишкек убактысы боюнча кечки саат 17ге барып ырастады.

Полициядагы булактардын айтымында, коопсуздук күчтөрү бул ирет 13-ноябрдагы координацияланган чабуулдардын артында турат деп шектелгендердин бири Абделхамид Абааудду кармоону көздөшкөн.

Рейддин жүрүшү ок атышуу жана жардыруу менен коштолду.

Абделхамид Абаауд ортодо.
Абделхамид Абаауд ортодо.

Бүгүн таң ата электе башталган операция учурунда террорчу деп шектелгендердин бири атып өлтүрүлсө, алардын арасынан жанкечтинин курун тагынган аял расмий өкүлдөрдүн айтымында, өзүн жардырууга барган. Окуя учурунда полициянын беш офицери да жаракат алды.

Сен-Дени районунун бүгүнкү рейдге күбө болгон тургундарынын бири Санока Абдулай Рейтердин кабарчысына мындай деди:

- Таңкы төрт жыйырма бештерде ок атышуулардын катуу добушунан улам чочуп ойгондум. Эмне болуп жатканын карайын деп айнектен башымды чыгардым эле, полицейлер терезени жабуумду талап кылышты. Алар, өрт өчүргүчтөр тепкичтен өйдө-ылдый түшүп, чыгып жатышты. Полиция террорчуларды курчаганын ушундан кийин гана билдик. Атышуу отуз мүнөттөй созулду.

Рейд учурунда Париждин Сен-Дени районуна армиянын жоокерлери да жайгаштырылды.

Бийликтер бул райондогу мектептерди, дүкөндөрдү кеминде бир күнгө жапты, жергиликтүү тургундарга үйлөрүнөн чыкпай турууга кеңеш берилди. Коомдук транспорт да иштеген жок.

Француз прокурорлорунун айтымында, террорчу деп шектелгендердин коопсуздук күчтөрү менен тирешүүсү артынан жети адам камакка алынган.

Алардын үчөө батир ичине бекинип алгандар. Өлгөндөрдүн жана камалгандардын ким экендиги айтыла элек.

Алардын арасында бүгүнкү рейддин башкы бутасы болгон Абделхамид Аббауддун бар же жогу анык эмес.

Жыйырма жети жаштагы Аббауд теги боюнча марокколук. Бельгия борбору Брюсселдин Париждеги чабуулдардан кийин рейд өткөн Моленбек районунун тургуну.

Буга чейин ал Бельгияда же Сирияда деп болжолдонуп келген.

Медиадагы кабарларга караганда, ал Сирияга, “Ислам мамлекети” тобунун катарына кошулуу үчүн 2014-жылы кеткен жана кеминде кайра бир ирет Европага кайткан.

Парижде рейд жүрүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Шаршембидеги рейдге чейин француз бийликтери 13-ноябрда “Ислам мамлекети” тобу жоопкер болгон, кеминде 129 адамдын өмүрү кыйылып, 350сү жаракат алган чабуулга түздөн-түз сегиз адам катышканы аныкталганын жарыялашкан.

Алардын алтоо өзүн-өзү жардырып, жанкечтиликке баргандар. Бирөө полиция менен атышууда өлгөн.

Эми француз расмий өкүлдөрү видеого тартылып калган тасма 13-ноябрдагы кол салуунун балким тогузунчу катышуучусу да бардыгын көргөзүп жатканын айтууда.

Рейтер агенттигинин тергөө тобундагыларга таянып жазганына караганда, Парижде 89 адам мерт болгон "Батаклан" концерттик залынан “киришкиле” деген СМС жазылган мобилдик телефон табылган.

Шифрленген байланыш

Бул аралыкта АКШ Сенатынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Париждеги терактты жасагандар жана алардын жардамчылары маалымат технологияларын шифрлөө ыкмасы менен колдонгондой көрүнүп жатканын белгиледи.

Сен-Дени районунун тургундарын эвакуациялоодөн бир көрүнүш
Сен-Дени районунун тургундарын эвакуациялоодөн бир көрүнүш

Республикачыл сенатор Ричард Беррдин пикиринде, “Ислам мамлекети” тобу Париждеги чабуулду жасагандарды буга шыктандырып гана тим болбостон, анын ишке ашырылуусун түздөн-түз жетектеген.

Сенатор Берр бул тууралуу журналисттерге америкалык чалгын мекемелердин жашыруун маалыматын алган соң билдирди.

Анын айтымында, террорчулар маалымат технологияларын шифрлөө ыкмасы менен колдонгонунун так далили жок, бирок бийликтер алардын өз ара эч бир сүйлөшүүлөрүн таппаган соң мына ушундай жыйынтыкка келүүдө.

Өзү АКШ менен Европанын атайын кызматтары электрондук кат алмашууларда, интернеттеги чаттарда жана телефон платформаларын пайдаланууда шифрлөө ыкмасынын көбөйшү шектүү делген ишмердикке байкоо салууну кыйындатып жатканын буга чейин эле айтышкан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG