Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

Газа: Израил армиясы менен ХАМАСтын согушу уланууда


Газадагы израилдик аскерлер.
Газадагы израилдик аскерлер.

Израил менен ХАМАС радикал уюмунун согушуна 25 күн болду. Израилдин өкмөт башчысы аскердик аракеттерди токтотуу чакырыгын четке какты. 31-октябрга караган түнү ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги согушкерлерге тиешеси бар делген 300дөй жайга сокку урганы маалым болду. Газада миңдеген карапайым тургундардан тышкары, БУУнун 60тан көп кызматкери, маалымат каражаттарынын 30дан ашуун өкүлү мүрт кеткени кабарланды.

31-октябрга караган түнү Израил армиясынын аскерлери Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАСтын согушкерлери менен кармашып, жер алдындагы туннелдерди бутага алды. Бул аймактан ар кандай эсептер боюнча 800 миңдей палестиналык Газанын түштүгүнө чыгып кет ти.

Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху ок атышууну токтотуу чакырыктарын четке кагып, ХАМАСты жер менен жексен кылуу убадасын кайра кайталады.

“Израил 7-октябрдагы үрөй учурган кол салуудан кийин ХАМАС менен согушту токтотууга барбайт. Ок атышууну токтотуу - бул Израилди ХАМАСка, террорчулукка, жырткычтыкка багынып берүүгө чакыруу. Мындай болбойт”, - деди Нетаньяху.

Ал армиянын жердеги операциясынын масштабы акырындык менен кеңейип жатканын кошумчалады.

ЦАХАЛдын өкүлү Питер Лернер Би-Би-Сиге курган маегинде шейшембиге караган түндөн тарта Газада жөөт аскерлери менен ХАМАСтын жоочуларынын ортосундагы атышуу күч алганын айтты. Ал куралдуу топту атайылап мечиттерден жана карапайым тургундар жашаган турак-жайлардан ок атып жатат деп айыптады.

Буга чейин ХАМАС радикал тобунун жоочулары Израилдин танктарын ракеталар менен аткылашканын билдиришкен.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салып, 1400дөй адамдын өмүрү кыйылган. Жүздөгөн кишилер барымтага алынган. ЦАХАЛ 31-октябрда алардын санын жаңылап, 224кө жеткенин маалымдады.

Газадагы гуманитардык абал

Жалпысынан аймактагы 2,3 миллион палестиндердин теңинен көбү аба соккулардан улам үй -жайын таштап качууга аргасыз болушту. Жүз миңдеген кишилер Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу мектептерде же ооруканаларга баш калкалап жатышат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги үч жумадан бери жөөттөрдүн аба соккуларынан сегиз миңдей киши мүрт кеткенин билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун палестин качкындарынин иши менен алектенген башкармалыгынын жетекчиси Филипп Лазарини Израилди "палестиндерди жапырт жазалап жатат" деп айыптады. Ал согуш башталган соңку үч аптада БУУнун 64 кызматкеринин өмүрү кыйылганын да маалымдады. Лазаринин айтымында, ал жактагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө дагы тамак-аш, суу, дары-дармек жетишпей жатат. Мындан улам кырдаал дагы курчуса, БУУнун өкүлдөрү ал жакта иш алып бара албай калышы мүмкүн экенин эскертти Лазарини.

Израилдин армиясы билдиргендей, 30-октябрда Газага 39 машине гуманитардык жардам кирди. Ушуну менен 21-октябрдан бери Рафах өткөрмө бекети аркылуу гумантардык жардам жүктөлгөн 171 автоунаа кирди.

АКШ жакынкы күндөрү бул сан алда канча көбөйүп, күнүнө 100 машинеге чейин жетерине үмүттөнөрүн АКШ администрациясынын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби билдирди.

Кайрымдуулук уюмдар күнүнө 100 машине киргизүү менен карапайым калктын эң зарыл муктаждыктарын гана канааттандырууга болорун эскертип жатышат. Ал арада Мамлекеттик департаменттин өкүлү Метью Миллер ХАМАС радикал кыймылын "күйүүчү майды бербей жатат" деп айыптады. Миллердин айтымында, учурда Газа тилкесиндеги ооруканалардагы генераторлор күйүүчү майга муктаж.

"Биз гуманитардык кызматтарды күйүүчү май менен тезирээк камсыздоонун үстүндө иштеп жаткан маалда, ХАМАС көп көлөмдөгү күйүүчү майды басып жатат. Аны гуманитардык уюмдарга берүүнүн ордуна алар Израилге каршы теракттарды уюштуруу үчүн өз аскерлерине сактап жатышат", - деди Миллер.

Журналисттердин өлүмү

Журналисттерди Коргоо комитети тараткан маалыматка ылайык, Жакынкы Чыгышта согуш башталган 24 күндүн ичинде 31 журналист мүрт кетти. Уюм тараткан маалыматка ылайык, алардын арасында 26 палестин, төрт израилдик жана бир ливандык жаран бар. Палестиндердин көбү өз үйлөрүндө аба соккулардан мүрт кеткен. Ошондой эле маалымат каражаттарынын сегиз кызматкери жаракат алган, экөөнүн дайыны белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG