Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Хирург-онколог Эмил Сагыналиев 2002-жылдан бери Германияда эмгектенет.

мил Сагыналиев Билефельд шаарындагы ооруканада көкүрөк жана ичеги-карын клиникасында көп жылдар бою иштеген. Бишкекте кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүткөн соң Улуттук хирургия борборунда эки жылдай эмгектенген. Медицина илимдери боюнча докторлукту Германияда жактаган.

Хирург-онколог "Азаттыкка" маегинде өз кесибинин өзгөчөлүгү, кыргызстандык адистерди Германияда даярдоо жана Бишкекте кыргыз-немис ооруканасын куруу долбоору жөнүндө кеп салды.

“Азаттык”: Эмил мырза, сиз хирург-онколог болуп иштейт экенсиз. Бул эмне жумуш экенин окурмандарга түшүндүрүп берсеңиз?

Медицина илимдеринин доктору Эмил Сагыналиев

Медицина илимдеринин доктору Эмил Сагыналиев

Сагыналиев: Германияда хирург-онколог Кыргызстандагы хирург-онкологдордон айырмаланат. Бул жакта жалпы хирургия жана онкология боюнча жумушту бир эле хирург аткарат. Кыргызстанда жалпы хирургия жана онкология эки башка кызмат. А биз Германияда рак менен ооругандарды да, башка кеселдерди да дарылай беребиз.

“Азаттык”: Кечээ мен сизге телефон чалган кезде, сиз операцияга бараткан экенсиз. Айтсаңыз, сиз хирург катары күнүнө канча операция жасайсыз?

Сагыналиев: Биз орто эсеп менен алганда, күнүнө пландуу түрдө үч-төрт операция жасайбыз. Бир жумада беш күн болсо, эсептеп көргүлөчү, ошондо канча операция болот?

“Азаттык”: Бир жылда сиз жасаган операциялар миңге жетет турбайбы?

Сагыналиев: Жок. Мен айткан үч-төрт операциянын чоңураагын, татаалын биз жасайбыз да, жеңил рак эмес, грыжа, сокур ичеги сыяктуу операцияларды жасоодо жаш доктурларга көмөк беребиз.


“Азаттык”: Эмил мырза, Билефельд шаарындагы сиз иштеген оорукананын башка клиникалардан айырмасы эмне? Негизинен кандай кеселдерди дарылаганга адистешкен?

Сагыналиев: Биринчиден, Германияда ооруканалар бири-биринен көп деле айырмаланбайт. Буга окшогон клиникалар ондоп саналат. Ырас, Трансплантация борбору, Саркома борбору өңдүү өзгөчө адистешкен клиникалар да бар. 1500 орундуу Билефельд клиникасында травматология, ортопедия, кан тамырлар хирургиясы, жалпы онкология, химиялык терапия, неврология, балдар хирургиясы, кардиология жана башка бөлүмдөр бар. Бир гана саркома жана трансплантация борбору жок.

Билефельд клиникасынын дагы бир чоң өзгөчөлүгү - бул жерде Европадагы эң чоң эпилепсия борбору жайгашкан. Мен болсо профессор Реймонддун жетекчилиги астында жалпы висцералдык жана торакалдык (көкүрөк) хирургия бөлүмүндө иштедим. Онкология боюнча. Азыр профессор Реймонд экөөбүз эки башка шаарда иштеп жатабыз. Бирок биздин долбоор боюнча ар дайым байланышып, анын жүрүшүн талкуулап турабыз.

“Азаттык”: Бул Кыргызстанда хирургдарды даярдоо боюнча өтө масштабдуу долбоор экен. Анын алкагында профессор Реймонд менен бирге Бишкекте 30 миллион евролук немис-кыргыз клиникасын куралы деп аракеттенип жаткан экенсиздер. Анын 25 миллионун Германия тарап финансылоого макул экенин сиз бир жыл мурда берген интервьюда айткансыз. Бул долбоордун абалы кандай болууда?

Сагыналиев: Азыр долбоорду аткаруу боюнча жумуштар жасалууда. Өткөн жылы долбоордун биринчи этабына ылайык, Кыргызстандан бир нече жаш, таланттуу адистерди тандап алдык. Алардын кээ бирлери учурда Германияда иштей баштады, ал эми экинчилери - Бишкекте немис тилин окуп жатышат. Алар кийинчерээк Германияга келишет. Биринчи этапта, үч жыл бою Ысык-Көлдө семинарларды өткөрүп, жаш таланттуу кыргызстандыктарды тандайбыз.

Долбоордун экинчи этабы боюнча, 30 млн. евролук немис-кыргыз ооруканасын курганга тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Буйруса, жакында кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү болот. Июль айынын аягында профессор Реймонд экөөбүз жана жаш кесиптештер болуп, Бишкекте үч күндүк лапароскопиялык көргөзмө операцияларды өткөргөнү жатабыз. Долбоордун биринчи этабын Кыргыз өкмөтү жакшы колдоодо. Үч жыл мурда долбоор башталгандан бери cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев бизге аябай жардам берди. Ырас, кыйынчылыктар бар. Ага карабай, долбоорду ишке ашырганга күчүбүз жетет деп ойлойм.

Германиялык дарыгерлер Кыргызстанда өткөргөн семинардан бир көрүнүш. 2012-жыл.

Германиялык дарыгерлер Кыргызстанда өткөргөн семинардан бир көрүнүш. 2012-жыл.

“Азаттык”: Эмил мырза, таланттуу жаш доктурларды конкурстук негизде тандап алып, Германияга алып келип үйрөтүп жатабыз дедиңиз. Демейде, Кыргызстанда кандай гана жакшы жөрөлгө болбосун, сөзсүз түрдө тааныш-тууганды “тартуу, алга түртүү” менен коштолот. Бул “оорудан” кантип сактандыңыздар?

Сагыналиев: Эң жакшы суроо. Бизде семинарлардын катышуучулары 32 жаштан өйдө болбосун деген критерий бар. Ошондуктан ага 32 жашка чейинки жаш хирургдар катышат. Биз үч жылдан бери ар бир семинар-лекциядан кийин викторина сыяктуу сынак өткөрөбүз, ар бир катышуучунун жоопторуна ылайык эртеси күнү алган балын көрсөтүп, илип турабыз. Эч кимге эч кандай жардам берилбейт. Алгачкы он кишини семинардын бешинчи күнү (акыркы күнү) комиссиядагы немис профессорлор өздөрү тандап алышты. Мен ушу сыяктуу сөздөр болбосу үчүн комиссиянын ишине катышкандан баш тарткам.

“Азаттык”: Сизге маалым, Европа өлкөлөрүндө мыкты технология менен жабдылган клиникалар сөзсүз эле борбор шаарларда жайгашкан эмес. Эмне үчүн кыргыз-немис клиникасы Бишкекте курулушу керек деп ойлойсуздар.

Сагыналиев: Туура айтасыз. Германияда чоң жана адистешкен ооруканалар сөзсүз эле борбор шаарда жайгашкан эмес. Алар атүгүл аябай кичинекей шаарлардан орун алган. Жүрөккө татаал операцияларды жасоочу кардиохирургиялык борбор 300 миң калкы бар Билефельд шаарынан бир нече эсе кичинекей калаада жайгашкан. Биздин болочок оорукана үчүн Бишкекти тандап алган себебибиз, ордо шаарга бардык облустардан адамдар тез келгенге ыңгайлуу. Ошол жагын ойлодук. Германияда өлкөнүн бардык бөлүктөрүнө жетүү оңой. Жол жакшы. Ооруканалар да көп.

“Азаттык”: Былтыр күзүндө Бакыт Көбөгөнов аттуу Германияда иштеген дарыгер жигит Бишкекте баасы 30 млн. евролук клиника куруу боюнча долбоорду кыргыз өкмөтүнө сунуш кылганы маалымат каражаттарында кабарланган. Көбөгөновдун айтымында, бул акчанын 24 млн. евросун Германия тарап каржылоого макул экен. Болочок поликлиникада иштөө үчүн Fresenius фондунун эсебинен Кыргызстандан он жаш адис тандалып алынып, Германияда даярдалып жатканын Бакыт Көбөгөнов маалымдаган. Бул сыягы сиз айткан долбоордон башка долбоор го? Же экөө бирби?

Сагыналиев: Жоопту акыркы сурооңуздан баштайын. Бакыт Көбөгөнов айткан да, мен айткан да бир эле долбоор. Ал биздин команданын бир мүчөсү. Германияда кыргызстандык ассистент доктурлардай болуп иштеп жатат азыр. Алар болочокку клиникада иштечү катардагы кесиптешибиз. Бакыт Көбөгөнов болгону былтыр чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык мекендештердин форумунда биздин долбоорду коомчулукка тааныштырды.

“Азаттык”: Анда долбоордун башында тургандар - профессор Реймонд менен сиз экенсиз да?

Сагыналиев: Туура.

“Азаттык”: Сиз немис тилин жакшы билген бардык эле кыргызстандык доктурлар Германияда иштей алат деп ойлойсузбу? Европанын эң чоң өлкөсүндө иштөөнүн негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

Сагыналиев: Немис тили менен кошо кесибин да мыкты билген жаш доктурлар Германияда иштеп кете аларына толук ишенем. Мындай тырышчаак, таланттуу доктурларды жыл сайын семинарларда көрүп жүрөбүз. Көпчүлүк эле врачтар тилди билишпейт. Бирок тилди үйрөнсө болот. Германияда иштөөнүн өзгөчөлүгү бул - доктурлар көп жана эффективдүү эмгектенишет деп ойлойм. Ошондой эле Кыргызстандагыга салыштырмалуу көбүрөөк иштешет. Мисалы, нөөмөттөгү доктур бардык келген ооруларды өзү жалгыз кабыл алат; өзү УЗИ жасайт; керек болсо операцияга жардамдашат, андан чыгып, кезекте турган кеселдерди кабыл алат. Ошентип таң атканча тынбайт. А күндүзү пландалган үч-төрт операцияга дайыма катышат.

“Азаттык”: Кыргыз ооруканаларындагы абалга да токтоло кетели. Дарыгерлеринин айлыгы аз, ооруканалар начар жабдылганы, мамлекеттик каржылоо жетишсиз экенинен башка да доктурлардын кесиптик даярдыгы жана өз жумушуна болгон жоопкерчилиги өтө төмөндөп кеткени жөнүндө көп кеп-сөздөр айтылып жүрөт. Медициналык академияда да пара берип окуйт экен, окуунун сапаты төмөндөп кеткен деген да сөздөр бар. Бул пикирлер канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

Сагыналиев: Бул сурооңуз негиздүү. Тилекке каршы, чабал экономикага байланыштуу жана айла жоктуктан, бюджеттин тартыштыгынын кесепети ооруканаларга, аларды дарылоонун сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Мен Бишкекте да иштегем. Кыргызстанда шарт өтө начар. Биз жакшы иштеп, экономикабызды көтөрсөк, ооруканалар да жакшы болорунан күмөн санабайм. Германиянын ооруканаларында иштөө жана дарылоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Клиникалар мыкты жабдуулар менен камсыздалган. Врачтардын айлыгы жетиштүү. Алар эч нерсени ойлобой так иштешет. Айтылгандай шартка карабай, биздин кыргызстандык доктурлар да чоң-чоң операцияларды жасап жатышканын былтыр барганда көрдүк. Алардын эмгегине тан берем. Ырас, терс жактары да бар.

Окуу боюнча айтсам, мен совет доорунда медицина институтунда окугам. Ал кезде Бишкектеги мединститут талапты студенттерге катуу коюп, аябай күчтүү болчу. Азыркы абалды билбейм. Сиз айткандай сөздөр болууда. Анын канчасы чын, канчасы калп, айта албайм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG