Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Грециянын карыз кризиси курчуду


Акча алуу үчүн кезекте турган гректер. Афины, 29-июнь, 2015-жыл.
Акча алуу үчүн кезекте турган гректер. Афины, 29-июнь, 2015-жыл.

Греция дефолт жарыялап, еврону колдонгон аймактан чыгуусу мүмкүн деген кооптонуулардын эпкини Европада эле эмес, Азияда да сезилип, бүгүн биржалардагы соодада баалуу кагаздардын баасы нарксызданды. Грециянын өзүндө банктар, баалуу кагаздар базары кеминде бир аптага жабылды. Азыркы өкмөт карыз маселесин 28-июнда жалпы элдик референдумга салганы жатат.

Европа лидерлери жана Афиныдагы бийликтер да Греция евроаймакта калуусун көздөшөрүн айтканы менен грек өкмөтүнүн соңку кадамдары мунун тескерисин көрсөтүүдө.

Өкмөттүн кечээ түнкү жыйынынан кийин өлкөдө нак акча тартыштыгы жаралганынан улам Грециянын каржылык системасын коргоо үчүн “токтоосуз чара көрүү” зарылдыгы жарыяланды.

Банктар кеминде бир аптага, 7-июлга чейин жабылды. Өтө зарыл гана соода операциялары болбосо, чет өлкөлөргө акча которууга да тыюу салынды. Фондулук биржанын иши да бир жумага токтотулду. Банкоматтардан болсо адамдар эң көп дегенде күнүнө 60 евро гана акча ала алышат.

Грек премьеринин француз президенти жана немис канцлери менен соңку сүйлөшүүлөрү. Брюссель, 26-июнь.
Грек премьеринин француз президенти жана немис канцлери менен соңку сүйлөшүүлөрү. Брюссель, 26-июнь.

Өкмөттүн бул чечимдери алдында гректер акыркы аптада банктардан бир миллиард евродой акчасын чыгарып алышкан эле.

Премьер-министр Алексис Ципрас калкка өкмөт жыйынынан кийинки кайрылуусунда көрүлүп жаткан чараларды мындайча чечмеледи:

- Европанын Борбордук банкынын грек банктарынын ликвиддүүлүгүн чектөө боюнча чечими, Грециянын Борбордук банкын банктардын ишинде тыныгуу жарыялап, акча чыгарууну чектөөгө түрттү. Бирок жарандардын грек банктарындагы депозиттеринин коопсуздугу толугу менен сакталат. Айлыктарды жана пенсияларды төлөө да ушундай болот. Кыйынчылыктар жаралса, дүрбөлөңгө түшпөстөн, түшүнүү менен кабыл алыныш керек.

Карызга белчесинен баткан Греция 30-июнда Эл аралык валюта коруна бересесинин 1,7 миллиард долларын төлөп бериш керек.

Казынада акчасы жок грек өкмөтү карызды кайра эле карыз алып жабууга муктаж. Бирок акыркы апталарда, бир нече айлампа менен өткөн сүйлөшүүлөрдө жаңы карыздын шарттары боюнча грек өкмөтү менен кредиторлор мунаса таба алган жок.

Акча күткөн гректер. Афины, 29-июнь.
Акча күткөн гректер. Афины, 29-июнь.

Башкача айтканда кредиторлордун салык жана пенсия реформасын жүргүзүп же пенсия өлчөмүн кыскартып, салыкты көбөйтүү, ошондой мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык акысын кыскартуу талабына Грециянын өкмөтү көнбөй койду.

Мындан улам евроаймактын каржы министрлери Грецияга жардам көрсөтүү программасынын мөөнөтүн узартуудан баш тартты. Европанын Борбордук банкы болсо Грецияга чукул жардамдын көлөмүн көбөйтпөөнү чечти.

Бийликке солчул идеялары менен келген премьер-министр Алексис Ципрас болсо кредиторлордун талабын грек элин кемсинтүү деп атап, аны кабыл алуу же четке кагуу маселесин 5-июлга референдумга чыгарды:

Премьер Ципрас элге кайрылган кез. 28-июнь, 2015-жыл.
Премьер Ципрас элге кайрылган кез. 28-июнь, 2015-жыл.

- Биздин өнөктөштөр каалайбы же жокпу, ага карабай суверендүү жолубуздун келечеги боюнча чечимди алдыдагы жекшемби күнү эл кабыл алат. Элдин эркин баарыбыз урматтайбыз. Бул ар-намысты, үмүттү жана демократияны тандоо! Биз муну балдарыбыздын, кийинки муундун келечеги үчүн жасашыбыз керек! Биз муну грек эли жана бул өлкө суверендүү бойдон калышы үчүн жасообуз керек!

Ципрастын өкмөтүнүн кредиторлор менен эрегишке түшүүсүн Грециянын өзүндө оппозициядагы саясий күчтөр колдогон жок. Мурдагы премьер-министр, “Жаңы демократия” партиясынын лидери Антонис Самарас азыркы өкмөт Грецияны толугу менен туңгуюкка алып келгенин белгиледи.

Каржылык маселенин референдумга салынышын кредиторлор да сынга алып жатат. Эл аралык валюта корунун президенти Кристин Лагард референдум тыянагынын юридикалык күчү жоктугун эскертти.

Ал эми Евробиримдиктин комиссарларынын бири Гюнтер Эттингер мындай дейт:

- Биз грек эли тартуучу зыянды алдын алгыбыз келет. Бүгүн эртең менен баары көргөндөй, өкмөт жоопкерчиликсиз мамиле жасады. Банктарды жабуу аркылуу күндөлүк турмуш ыргагын токтотууда. Биз Грецияны мүмкүн болсо евроаймакта сактагыбыз келет. Бирок бул азыр суроо жараткан маселе. Грек өкмөтү сүйлөшүүлөрү аркылуу өзүн туңгуюкка алып келди. Алар биздин сунуштарды четке какты.

Маалыматтарга караганда, Европа лидерлери Афиныга эгер парламент реформа планын кабыл алса, 1,5 миллиард евро насыя берүүнү сунуш кылган.

Мунаса табуу үчүн али убакыт бар экенин бүгүн немис канцлери Ангела Меркел, француз президенти Франсуа Олланд да билдиришти. Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер болсо бүгүн анда Грецияны дефолттон жана евроаймактан кетишин сактагыдай жаңы сунуш жоктугун ачыктады. Юнкердин айтымында, ал гректерди алдыдагы референдумда “ооба” деп добуш берүүгө чакырат, эгер “жок” деп добуш беришсе, бул Европаны жээригендик болот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG