Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Грециянын карыз кризиси кайрадан курчуду


Грециянын каржы министри Янис Варуфакис парламент отурумунда. Афина, 16-июнь, 2015-жыл.
Грециянын каржы министри Янис Варуфакис парламент отурумунда. Афина, 16-июнь, 2015-жыл.

Грециянын карызы кайрадан күн тартибине чыкты. Еврону колдонгон аймактын каржы министрлери менен Афинынын Люксембургдагы соңку сүйлөшүүсү майнапсыз жана макулдашуусуз аяктады. Бул Греция дефолтко кабылышы мүмкүн дегенди туюндурат.

Соңку сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктагандан кийин 22-июнга Евробиримдиктин мамлекет жана өкмөт башчыларынын чукул саммити чакыртылды.

Грек премьер-министри Алексис Ципрас 19-июнда чукул саммит чакырылышын кубаттап, өлкөсү евроаймакта калган, ошол эле учурда экономикалык өсүш жолуна түшүүсүнө мүмкүндүк берген чечим табыларына ишеним билдирди.

Сүйлөшүүлөр зарылдыгын Эл аралык валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард да белгиледи. Лагард кечээ Афиныга карызды төлөө мөөнөтү узартылбасын, эгер 30-июнга чейин акча түшпөсө, Греция дефолт абалына кептелерин эскерткен эле.

Сүйлөшүүлөрдү Грециянын атынан жүргүзүп жаткан каржы министри Янис Варуфакис болсо бейшемби күнү майнапсыз аяктаган жыйындан соң буларга токтолду:

Янис Варуфакис жана Кристин Лагард. 18-июнь, 2015-жыл.
Янис Варуфакис жана Кристин Лагард. 18-июнь, 2015-жыл.

- Биз акыл-эстин кырсыкты кабыл алуучу абалына жакындадык. Андыктан мен кесиптештеримди акыл-эстин бул абалынын курмандыгы болбоого чакырам. Биз жакшы келишимге жетише алабыз. Грек өкмөтү бул грек драмасын аягына чыгаруу үчүн зарыл болгон ишенимди жаратуучу идеялар менен чыгууда. Европада бир кезде түзгөн монетардык союздун бузулушун ойлоно баштоонун өзү эле евроаймактын эле эмес, андан тышкары жашаган европалыктардын жыргалчылыгын да коркунуч алдына кептейт.

Грек министри карыз боюнча сүйлөшүүлөрдө тараптардын баарынын эмес, Афинынын гана жоопкерчилигине басым жасалып жатканын кошумчалады.

Ал эми евротоптун башчысы, Нидерланддын каржы министри Йерун Дейсселблумдун айтымында, грек тарап олуттуу жана ишенимдүү сунуш бере алган жок, алдыдагы күндөрү жаңы сунуштарды алып келүү алардын иши:

- Биз ишенимдүү жана толук кандуу планды уккан жокпуз. Эгер алар муну жасай алышпаса, Грециянын келечегин чоң тобокелчиликке кептешүүдө. Андыктан мен алдыдагы күндөрү алар ушул сунуштар менен келет деп үмүттөнөм.

Карыз кризисинин курчушу Греция Эл аралык валюта коруна 30-июнда 1,8 миллиард долларды төлөп берүү мөөнөтү келип калганына байланыштуу. Бирок казынада акча жок грек өкмөтү аны жабуу үчүн жаңы карыз алууга муктаж.

Кредиторлор жаңы карыз берилиши үчүн өкмөт айрым реформаларга баруусун, маселен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы менен пенсияга кеткен акчаны кыскартууну, кошумча нарк салыгы алынуучу товарлардын тизмесин кеңейтүүнү талап кылууда.

Бирок бийликке солчул идеялары жана үнөмдөөнү токтотуу убадасы менен келген премьер Алексис Ципрастын өкмөтү мындай чараларга баруудан баш тартып жатат. Еврошаркеттин өз ичинен Грециянын эң ири кредитору Германия. Немис канцлери Ангела Меркел соңку кырдаалды мындайча комментарийледи:

- Германиянын аракеттери азыр да Грецияны евроаймакта сактоого багытталган. Мен мурдагыдай эле эрк болгон жерде жол табылат деген ишеничтемин. Эгер Грециянын саясий лидерлеринде бул эрк болсо үч тараптын макулдашуусу али мүмкүн.

Немис канцлери үч тарап дегенде Грециянын өзүн, Евробиримдикти жана Эл аралык валюта корун эске алып жатат.

Алексис Ципрас Санкт-Петербургдагы форумда. 19-июнь, 2015-жыл.
Алексис Ципрас Санкт-Петербургдагы форумда. 19-июнь, 2015-жыл.

Бул аралыкта грек премьери Алексис Ципрас бийликке келгенден берки экинчи визити менен Орусияга барды. Санкт-Петербургда Орусия газын Түркияга жеткирүүчү “Түркия агымы” куурун Грецияны көздөй узартууну караган меморандумга кол коюлду.

“Түркия агымы” - Орусия Евробиримдик менен мамилеси бузулганынан улам токтоп калган “Түштүк агым” кууруна альтернатива катары сунуштаган долбоор.

Орус өкмөтүнүн вице-премьери Андрей Дворкович грек премьеринин сапарын “европалык биримдиктеги ажырымдын жана Грециянын кайсы тарап менен болсо да кызматташууга даярдыгынын ишарасы” катары сыпаттады.

Ципрастын визити Афины Орусиядан насыя издеп жатабы деген жоромолдорду жаратты. Бирок көпчүлүк аналитиктердин пикиринде, Афины Орусиядан чукул акчалай жардам алышы арсар, Москва Грецияны Евробиримдиктин ичиндеги дос өлкөнүн добушу катары колдонууга умтулат. Афины болсо Москва Евробиримдиктен азык-түлүк импортуна киргизген эмбаргону Греция үчүн жеңилдетишине жетишүүнү көздөйт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG