Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Евробиримдикке жылына ондогон миллиард кубометр газ ташыйт деп мерчемделген куурду куруудан Москванын баш тартуу себеби эмнеде?

Орусиянын “Газпром” өкмөттүк компаниясы 5 млрд. доллар сарптагандан кийин токтотулган “Түштүк агымы” газ кууру жөнүндө кыскача маалымат:

“Түштүк агым” долбоору жөнүндө меморандумга 2007-жылы Римде Орусиянын “Газпрому” жана Италиянын Eni компаниясы кол койгон. Бул экөө газ куурун куруу максатында 2011-жылы Франция жана (EDF Group), Германиянын (Wintershall AG) компаниялары менен бирге South Stream Transport компаниясын негиздейт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн куур өтчү Болгария, Сербия, Венгрия, Греция, Словения, Австрия, Хорватия менен өкмөт аралык келишим түзүлөт. Бул өлкөлөр куур бүтсө, газды үзгүлтүксүз алып калабыз деген үмүттө болчу. Анткени, Москва-Киев ортосундагы келишпестиктен улам, Украина аркылуу газдын келүүсү соңку он жылда үч жолу кычыраган кышта үзгүлтүккө учураган.

Орусиянын Анапа курорт - шаарын Кара деңиздин асты аркылуу Болгариянын Варна шаары менен туташтырчу куурдун узундугу 931 километр. Анын курулушу 2012-жылы башталып, наркы 10 млрд. долларлык биринчи бөлүгү 2015-жылдын аягына чейин бүтүшү керек болчу. Ал аркылуу жылына 63 миллиард кубометр газ ташылмак.Толук бүтсө, 2400 чакырымга жетчү газ жолу Европанын ичкери жактарына тартылып, анын жалпы баасы “Файнэншл таймс” гезитинин жазышынча, 50 млрд. доллар болмок. Расмий маалымдалгандай, бүгүнкү күнгө чейин “Газпром” курулушка 5 млрд. доллар сарптаган.

Путин Эрдоганды эш тутууда

“Түштүк агым” газ куурунун курулушу токтотуларын президент Путин 1-декабрда Анкарадагы сапары маалында жарыялап, долбоордун токтотулганы үчүн айыпты Болгария өкмөтүнө жүктөдү:

- Биз Болгариядан азыркыга чейин уруксат алынбаганды эске алып, мындай шартта Орусия береги долбоорду уланта албайт деп эсептейбиз.

"Газпромдун" сайтына жайгаштырылган "Түштүк агымынын" картасы.

"Газпромдун" сайтына жайгаштырылган "Түштүк агымынын" картасы.

Путин газ кууру Болгариянын жээгине жеткенден кийин туруп калганы акылсыздык болорун айтып, Еврокомиссияны кымбат долбоорду ишке ашырууга бөгөт коюп жатты деп күнөөлөдү жана эми Түркияны көздөй кеткен чакан куур куруларын шардана кылды.

Бирок ал эмне себептен Болгария Кара деңиз астынан куур тартканга уруксат бербегенин, неге Еврокомиссия өз позициясында бекем турганын, Москва эмне сунуш кылганы тууралуу ооз ачпады.

Путиндин айтымында, Болгария болочокто газ куурунан ар жылы 400 миллион евро пайда тапмак.

Болгария, Сербия жана Венгриянын билдиришинче, курулуш токтойт деп аларга алдын ала эскертилген эмес. 2-декабрда расмий София Евросоюздун талабынан чыга албаганын моюнуна алды. Бул жөнүндө билдирген болгар президенти Росен Плевнелиев эгер Орусия газды Европада ЕБнын мыйзамына ылайык сатканга ынаса, долбоорго эч ким каршы чыкпаганын айтты:

- "Түштүк агымы” боюнча чечим Орусия менен Европа Биримдигинин колунда. Сиздердин көңүлүңүздөрдү бир нерсеге бурам: эгер Орусия Европанын мыйзамына көнсө, бул долбоорго кимдир бирөө каршы чыгат деп элестете албайм. Ушул убакка чейин Орусия Евробиримдиктин мыйзамын аткарууга ниети барын билдирген жок.

Ушу тапта Евробиримдик "Түштүк агымы” боюнча топтолгон талаштуу маселелерди Болгарияга ыңгайлуу кылып жөнгө салуу үчүн София менен иштешип жатканын 4-декабрда Еврокомиссиянын президенти маалымдады. Жан-Клод Юнкердин айтымында, Брюсселдин шартын Москва мурдатан эле билчү.

Болгарияны ким айнытты?

Бул жөнүндө лондондук эксперт Жонатан Стерн “Азаттык” радиосуна мындай деди:

- Евробиримдиктин ырасташынча, “Түштүк агымы” кууру жөнүндө өкмөттөр аралык келишим Үчүнчү энергия пакетине туура келбейт. Өзгөчө, ага үчүнчү жактын катышуусу тууралуу эң маанилүү принциби сакталган эмес. Бул жобо Евробиримдиктин Болгариядан курулушту токтотуусун талап кылуусуна негиз болгон. Кейпи алардын талабы ийгиликсиз болду. Бирок (АКШ) сенаторлорунун визити ийгиликтүү болду окшойт.

Жонатан Стерн (Jonathan Stern) Британиядагы Отун энергиясын изилдөөчү Оксфорд институтунун (Oxford Institute for Energy Studies) Жаратылыш газын изилдөө программасынын жетекчиси. Анын жогорудагы сөзүнүн таржымалы мындай;

- Болгария “Түштүк агымы” курулушун токтоторун быйыл 8-июнда АКШнын үч сенатору Софияга келген кезде жарыялаган. Кабарларга караганда, республикачыл Жон Маккейн баштаган сенаторлор куурду “Стройтрансгаз” башындагы концорциум курат экен деген маалыматка тынчсыздануусун билдирген. “Стройтрансгазды” президент Путинге жакын эсептелген Геннадий Тимченко Вашингтон санкция жарыялаган адамдардын тизмесинде бар, бирок Евробиримдиктин “кара тизмесинде” жок. Ошого Вашингтон эгер тендерге Тимченко көзөмөлдөгөн компания жеңсе, долбоорго катышкан болгариялык фирмаларга да санкция жарыяланары эскертилген.

"Газпромду" кашайткан Үчүнчү энергия пакети

Орусияга жакпаган Евробиримдигинин Үчүнчү энергия пакети 2009-жылы 3-сентябрда ишке кирген. Ага ылайык, мунай - газ компаниялары куурларын көз карандысыз операторлорго сатышы абзел жана көзөмөл пакетке ээ болбошу керек. Ага барбаса, куурларды атайын түзүлгөн “көз карандысыз операторлор системасы” башкарууга тийиш. Же энергетикалык компаниянын ишмердигин атайын “байкоочу орган” көзөмөлдөшү керек. Айтылган документтин вазийпасы: энергоресурстарды сатууда жана бөлүштүрүүдө атаандаштыкты жана эффективдүүлүктү камсыздоо; газ жана мунай сатуучулардын куурларды жана бөлүштүрүү түйүндөрүн көзөмөлдөөсүн азайтуу. Эң маанилүүсү Еврокомиссиянын вице-президенти, бюджет жана адам ресурстары боюнча комиссары Кристалина Георгиева түшүндүргөндөй, алдагы мыйзам керектөөчүлөрдү мунай - газдын ашыкча кымбаттап кетүүсүнөн коргойт:

Кристалина Георгиева.

Кристалина Георгиева.

- Европада газ куурларын куруу Европанын мыйзамына ылайык болушу абзел жана бул мыйзам биздин керектөөчүлөрдү, өнөр жайчыларды, жарандарды газ менен камсыздоочулардын атынан газды алып келүү чектелгенде баанын жогорулап кетүү тобокелчилигинен коргойт.

Евробиримдикке 28 мамлекет мүчө. Энергия рыногун коргоо тартиби уюм алкагында 2012-жылы күздө толук орнотулган. Ошон үчүн Орусия “Түштүк агымы” газ жолунун курулушун Болгария, Венгрия жана башка мамлекеттер менен бирден сүйлөшүп жатканда, куурга кызыкдар өлкөлөргө таянып жана Украинадагы кризистен пайдаланып, Еврокомиссияга өз шартын таңуулай алам деп ойлогон, дейт Британиянын The Economist жумалыгынын улук редактору Эдвард Лукас:

- Орусиянын Болгария, Сербия, Хорватия, Словения жана Австрияда таасири күчтүү. Бул бирок алдагы өлкөлөргө таянып, Евробиримдиктин комиссиясынын башчысына чакырык таштоого жетишсиз болду. Акыр - аягында, эгер сиз Евробиримдиктин мыйзамы боюнча мыйзамсыз куур курсаңыз, алар менен реалдуу бизнес кылышыңыз абдан кыйын болот.

Эдвард Лукастын айтымында, Болгарияда Орусиянын саясий да, экономикалык да чоң активдери бар болгондуктан оңой менен Евробиримдиктин энергия рыногун башкаруу эрежесине моюн сунбайт.

Бүгүн Евробиримдик өз өлкөлөрү керектеген газынын 30% Орусиядан алат. Демек, тараптар өз ара газ соодасы туруктуу жана көп багыттуу болушуна кызыкдар. Анда эмне үчүн эки жак Үчүнчү энергия пакетине карабай, альтернативдүү газ жолу боюнча бир мунасага келе албады, деген суроо туулат.

"Какаганга муштаган" болдубу?

Британиялык эксперт Ховард Роджерстин байкашынча, “Түштүк агымы” куурунун курулушунун арсар абалда калуусуна Орусиянын мартта Крым жарым аралын аннексиялап алганы жана Украинадагы кризис олуттуу жолтоо болду:

- Арийне, Украинадагы окуялардын натыйжасында бузулган саясий климаттын кесепетинен “Түштүк агымы” боюнча бир чечимге келүүдө реалдуу прогресс болбоду жана долбоор кыйрады.

Ховард Роджерс – Оксфорд университетинин Энергия изилдөө институтунун Жаратылыш газын изилдөө программасынын директору.

Орус президенти Владимир Путин менен "Газпромдун" президенти Алексей Миллер.

Орус президенти Владимир Путин менен "Газпромдун" президенти Алексей Миллер.

Башка бир байкоочулар Орусиянын Евробиримдиктин энергия рыногунда анын мыйзамы менен иштегенге макул болбой жатышын, Кремлдин саясий оюндарында буроо катары кызмат кылган “Газпромдун” атаандаштыктан корккону менен түшүндүрүшөт. Мисалы, RusEnergy компаниясынын талдоочусу Михаил Крутихин ушундай пикирде:

- Башкы себеби - “Газпромдун” атаандаштык шартында иштөөгө жөндөмсүз экенинде жана атаандаштыкты каалабаганында. Евробиримдикке энергия ресурстарын ташыган компаниялардан Еврокомиссиянын эрежесине ылайык иштөө талап кылынат. Бул биринчиден. Экинчиден, “Газпром” бул куурга өз өнөктөштөрү менен чогуу ээ болуп, башкарууну, башкача айтканда, тарифтерди өзү орнотуп, газды каалагандай бөлүүнү көздөп жаткан. Бир сөз менен айтканда, куурга жеке монополист болууну каалады.

Орусиянын “Түштүк агамы” куурун Болгарияны көздөй тартууну токтотуп, Түркияны көздөй буруу планы Батыш мамлекеттери Орусияга Украинадагы окуяларга байланыштуу жарыялаган санкциялар жана дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин арзандап кетүүсүнүн кесепетинен “жылт” пайда болгон идея болушу ыктымал деген да пикир бар.

- Кара майдын арзандашы жана санкциянын Орусиянын мамлекеттик бюджетине түшчү кирешеге тийгизген таасири ал боюнча бир нерсе жасаганга түрттү окшойт. Ошон үчүн мында зарылдыктан башка да чоң саясий ишара да бар, - дейт британ талдоочусу Ховард Роджерс. Ал ошондой эле мындай пикирин кошумчалады:

- Менин боолгошумча, Орусия газды Евробиримдиктен башка территорияга буруу жана азыркы инфраструктураны Түркиядан Түштүк Европага кеңейтүү Үчүнчү энергия пакети таңуулаган диктатурадан кантип кутултат деп ишенет. Менимче, бул бир аз оптимисттик көз караш. Сиз кубаттуулуктарды Евробиримдиктин территориясына кеңейтээр замат Үчүнчү энергия пакетинде каралган чараларды аткарууга тийишсиз.

Айтмакчы, Батыштын көпчүлүк серепчилери тээ 2012-жылы эле “Түштүк агымы” газ куурунун боро-трубалары Кара деңиздин асты менен Болгарияны көздөй жаткырыла баштаганда эле бул долбоор президент Путиндин өлкө ичиндеги саясий кадыр-баркын көтөрүү максатында башталган опурталдуу саясий авантюра экенине көңүл бурушкан. Алардын бири Канаданын Карлтон университетинин Европа, Орусия жана Евразиялык изилдөөлөр институтунун илимпозу Роберт Катлер туура эки жыл мурда “Азаттык” радиосуна берген интервьюда мындай деген:

- Президент Владимир Путин Орусия телеканалынын түз көрсөтүүсүндө премьер-министр Дмитрий Медведевге куур 2012-жылдын аягында башталышы керек деп буйрук берди. Улуттук инвестиция мына куур курганга салынды, анын үзүрүн көрөбүз деп айтып, өлкө ичинде аброюн көтөрүү максаты да болгону айкын. Эгер Путин бул буйругуна Медведев: “Биз аны жасайбыз” деп жооп бергенден кийин, ал ишке ашпай калса, алардын Кремлдин фракцияларындагы бийлиги жана "Газпромго" болгон жалпы эл аралык ишеним жөнүндө өлкө ичинде түрдүү суроолор жаралат.

Ошол 2012-жылы сентябрда Еврокомиссия “Газпромду” Ортолук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө атаандаштык мыйзамын бузууда деп күнөөлөп, атайын иликтөөнү баштаган болчу.

Евробиримдиктин курамындагы бир катар өлкөлөр “Түштүк агымына” кызыкдар болгону, компаниялары курулуш токтогонунан зыян тартарын билип туруп, ички рыногунда “Газпромго” жеңилдик берүүгө ынанбай жатканынын дагы бир себеби ирети алардын Орусиянын эл аралык келишимдерин көзгө илбей, Крым жарым аралын Украинадан аннексиялап алуусуна чыдап тура албаганы болду. Бул жөнүндө москвалык серепчи Валерий Хомяковдун пикири:

- Батыш акыркы 25 жылда биринчи жолу Орусияга каршы бирдиктүү позицияны карманды. Батыш мурда Орусияны Түштүк Осетиядагы (2008-жылкы Орусия-Грузия согушу) окуялардан кийин өнөктөш деп эсептесе, азыр андай дебей калды. Кошмо Штаттар, Европа Биримдиги жана НАТО арасында бир бүтүмгө келүү жеңил боло койгон жок. Бизге байланыштуу түрдүү пикирлер болду. Бирок алар: бөтөн мамлекеттин территориясын кертип алуу болбойт, эл аралык келишимдерди бузууга болбойт деген баалуулукту тандап алышты. Ошон үчүн акча албетте Болгария үчүн керек жана пайдалуу болушу мүмкүн экенине карабай, ал Батыш баалуулуктарын тандады. Ушул негизги себеп.

Талдоочулардын сөздөрүн жыйынтыктап айтканда, Орусиянын “Түштүк агымы” газ куурун, расмий Москва айткандай, 5 миллиард долларлык жумуштар бүткөрүлгөндөн кийин чала таштап коюунун юридикалык, экономикалык жана саясий себептери бар. Юридикалык жүйөсү: “Газпромдун” Евробиримдиктеги жалпы эрежеге ылайык иштөөнү каалабаганы жана Еврокомиссиянын Орусия үчүн мыйзамды бузуудан баш тартканы, экономикалык жүйөсү: “Газпромдун” атаандаштык шартында иштөөдөн качуусу, саясий себеби: Орусиянын Крымды аннексиялап алуусу жана Чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдогонуна Батыштын нааразылыгы.

"Түштүк агымы" токтогондон ким утту?

Ошентип, “Түштүк агымы” куурун Болгарияны карай тартуу токтотулуп, Түркияны көздөй тартылат. Ошол эле күнү бул өлкөгө караштуу Botas Petroleum Pipeline Corporation менен тийиштүү меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, жаңы газ жолу бүткөндө ал аркылуу жылына 63 млрд. кубометр көгүлтүр отун ташылат. Анын 14 млрд. метр кубун Түркия алса, калган көлөмү Түркиянын Грецияга чек аралаш жердеги хабга – кампага чогултулат.

Путин жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Путин жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Эми он миллиард долларлык долбоорду токтотуудан ким пайда тапты да, ким чыгаша тартты, кимге кандай сабак болду деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.

- “Түштүк агымы” газ куурунун тагдыры Евробиримдикке энергия ресурстары келчү жолдорду көбөйтүү зарыл экенин жана бир өлкөнүн көзүн карап калбасы керектигин кашкайта көрсөттү, - дейт Союздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку комиссары Федерика Могери айым:

- Орусиянын кечээ жарыялаган чечими Европа Биримдигине келчү жолдордон башка да энергия булактарын ыкчам диверсиялоо керек экенибизди айтууда.

Маалымат булактарында кабарлангандай, Жаңы жылдын биринчи күнүнөн тартып, Орусия газды Түркияга мурдагыдан 6% арзан сатат жана болочокто дагы 15% төмөндөшү ыктымал. Ушундан келип, акыркы жылдары Москвада иштеп жаткан финансист Крис Уэфер “Түштүк агымы” куурунун курулушунун багыты өзгөртүлгөндөн баарынан мурда Түркия утту деген ишенимде:

- Жеңүүчү Түркия экени айкын деп ойлойм. Себеби ал куурду алат жана Европаны энергия менен чоң камсыздоочу болуу дымагын күчөтөт. Түркия узак убактан бери Евробиримдиктин мүчөсү болом деген мүдөөсүнө жетүүгө умтулуп жүргөн. Ал мүдөөсү азыр биротоло өчкөн сыяктуу. Бирок алдагы келишим Түркиянын позициясын келерки он жылда экономикалык, энергетикалык, ошондой эле саясий жактан бекемдеши ыктымал.

Москва эмне үчүн газдын нугун Түркияны көздөй бурду? Мунун менен Болгарияны жазаладыбы? Эл аралык темада жазган москвалык журналист Борис Тумановдун көз карашынча, Кремль Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын акыркы мезгилде күчөп бараткан антибатышчыл маанайына ийип кеткен:

- Унутпайлы. “Түштүк агымын” куруудан кескин баш тартууга, кейпи, жакында биздин жетекчилердин башында пайда болгон - Эрдоганды, тагыраак айтканда, анын антибатышчыл маанайын пайдалансак болот деген идея түрттү. Дал ушинтип биз азыр Франциядагы оңчулдардын лидери Марин Ле Пенди, анын “Улуттук фронтун” пайдаланууга аракеттенип жатпайбызбы. Аны бир аз мурда “нацист” деп атачубуз.

Маселе биздин Болгарияны жазалоону же дагы бир нерселерди кылууну каалаганыбызда эмес. Болгария бул окуяда Евробиримдиктин жана жалпы Батыштын кысымынан улам Орусияга зыян келтирген өлкөлөр кандай "жапа чегерин көрсөтчү үлгү" болуусу абзел. Болгария азыркы окуяда күнөөсүз, бирок айласыздан курмандыкка чалынды.

Кытайдын утушу эмне?

Серепчилер башка жеңүүчү катары Кытайды аташат. Анткени, май айында Москва-Бээжин ортосунда 38 млрд. кубометр газ келишимине кол коюлганын эске алганда, Батышка акчу көгүлтүр отун азайып, Чыгыш агымы көбөйөт. Бул Кытайды региондун экономикалык борборуна айлануусуна жана өзүн Евробиримдик менен АКШга татыктуу өнөктөш көрсөтүүсүнө салым кошот.

Бирок мындай пикирге москвалык эксперт Михаил Крутихин кошулбайт:

- Кытай Европаны алмаштыра албайт. Газдын көлөмүн эле карагылачы. Былтыр Батыш Европага 138 миллиард кубометрге жакын газ сатылды. Кытай менен 38 миллиард кубометрге келишим түзүлдү. Бул 38 миллиард Кытайга 2030-жылдан мурда жетпейт. “Газпромдо” Европа рыногунун ордун ээлечү кардары жок. “Газпромдун” бул рыноктогу ийкемсиз баа саясаты бааны бузууну, өзүнүн рыноктогу ордун кыйсыпыр кылды дегенди билдирет. Ал эркин атаандаштык өкүм сүргөн рынокко өзүнүн монополисттик шартын таңуулаганга аракет кылууда.

Орусиянын “Түштүк агымын” куурун куруу токтотулат деген жарыясынан кийин бул долбоорго тартылган европалык компаниялардын баалуу кагаздарынын наркы арзандады. “Файнэншл Таймс" гезити 2-декабрда маалымдаганга караганда, Италиянын Saipem компаниясынын фондулук биржалардагы акцияларынын баасы 10,8%, Германиянын Salzgitter компаниясынын акциялары 7,4% арзандаган.

Сөз соңунда, Кремлдин ондогон миллиард долларлык үлкөн долбоорду ара жолдон токтотуу чечимине Батыш маалымат каражаттары кандай баа бергени жөнүндө учкай токтоло кетейин:

Нью-Йоркто чыкчу Business Insider интернет порталы “Энергияга баанын арзандашы жана Украинадагы кризис Орусиянын 40 млрд. долларлык газ куурунун долбоорун өлтүрдү” деп жазды. “Путин фараон сыяктуу ”Түштүк агымын” токтотуп, жүзүн жоготту” деп атады баш макаласын лондондук белгилүү “Файнэншл Таймс” гезити. Ал эми “Нью-Йорк Таймстын” жазышынча, долбоорду токтотуу Путиндин “дипломатиялык сейрек жеңиши”. Европа-Орусия чатагында утуучу Түркия гана болду",- деп жазат береги гезит.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG