Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:15

“Гуантанамодогу” тажик мекенине кайткысы жок


У.Абдуллаев тажик тыңчылары андан оч алышат деп коркот
У.Абдуллаев тажик тыңчылары андан оч алышат деп коркот

АКШ “Гуантанамону” жабууга камданып жатканда, ал жерде отурган 30 жаштагы тажик Умар Абдуллаев мекенине кайтуудан коркуп, андан көрө түрмөдө дагы жети жыл отурганга даяр экенин билдирди.

Умар Абдуллаевдин адвокаты Мэттью Охаранын айтымында, Абдуллаев эгер азыр мекени Тажикстанга кайтып барса, аны кайра түрмөгө отургузуп коюшат.

АКШнын президенти Барак Обаманын администрациясы Кубадагы түрмөдө отургандардын көбүн өз мекенине кайтаруу планын киргизген. Эми Охара Абдуллаевди Тажикстанга кайтарбоо аракетин көрүп жаткан кези.

Умар Абдуллаев Тажикстандан 1992-жылы граждандык согуш учурунда Ооганстанга качып кеткен. Ал учурда Абдуллаев болгону 13 жаштагы өспүрүм бала эле. Кийин 2001-жылдын 11-сентябрындагы террор чабуулунан кийинки массалык түрмөгө камоолор учурунда ооган жеринен “Гуантаномого” түшүп калган экен. Ал жерде отурган кезде тажик тыңчылары келип: “Эгер постсоветтик аймактагы исламчылардын арасына тыңчы болуп кирсең, сени чыгарып кетебиз”, - дешкенде, Умар аларга макул болбогонун, андыктан эми Тажикстанга барса, алар өч алышаарын айтат.

АКШнын юстиция департаменти Кубадагы камакта күнөөсүз отурат дегендерди мекенине кайтарууну карап, Абдуллаевди да Тажикстанга өткөрүп берүүнү ойлонуп жаткан. Департаменттен Умар жөнүндө жооп болбогону менен, анын расмий өкүлү Дин Бойд: “Эгерде камактагылар өз мекенинде кыйноолорго кабылат деген коркунуч болсо, алар мекенине кайтарылбайт”, - деп гана жооп берди.

“Абдуллаев аны башка бир үчүнчү мамлекетке башпаанек берип, жөнөтүшмөйүнчө, мекенине кайткысы жок”, - дейт адвокат Охара.

Зайнулобиддин Мерочов буга чейин аталган түрмөдө отуруп чыккан, азыр Тажикстанда жашайт. Ал түрмөдө Умарды көргөнүн айтат: “Мен аны “Гуантаномодо” бир эле жолу түндө көрдүм, - дейт Мечоров. - Умарды карцерден чыгарып келатышкан экен. Мени ал жакка алып кирип баратышкан болчу. Биздин ортобузду айнек-дубал бөлүп турду. Биз 45 мүнөттөй сүйлөшүп калдык. Мен кийин ал жакта башка тажиктерди да көрдүм, бирок Умарды көргөнүм жок”.

Абдуллаев азыр – “Гуантаномдо” калган акыркы тажик. Ага чейин президент Буштун учурунда бул түрмөдөн 11 тажик бошоп, мекенине кайткан. Алардын экөө мекенинде 17 жылга түрмөгө кесилген, калгандары - эркиндикте.

Тажикстандык журналист Мухиддин Идизода граждандык согуш мезгилинде Ооганстанга качып кеткен. Анын айтымында, “Гуантаномого” түшүп калган тажиктердин көбү мектепти Пакистанда же Иранда бүтүрүшкөн. Кийин алар мекенине кайтып келатканда талиптер кармап алып, жибербей коюшкан.

“Ооган туугандардын көбү тажиктерди америкалыктарга 3 миңден 10 миң долларга чейинки баада сатып жиберишкен, - дейт ал. - Бирок, Кудайга шүгүр, азыр алар кайра Тажикстанга кайтып келишти. Алар күнөөсүз эле түрмөгө түшүп калышканын баары эле билет”.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама “Гуантаномону” 22-январга чейин толук жабуу боюнча буйрук берген. Ушул аптанын шейшембисинде түрмөдө 230 чет-өлкөлүк адам калганы кабарланды. Бул түрмөдө кармалгандар менен алардын адвокаттары бир канча жылдан бери кыйноолор уланып келатканын айтып, даттанып келишкен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG