Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Эл өзүн бактылуу сезсе, өлкө өнүккөн деп саналабы?


Кар жааганына сүйүнгөн хайберлик балдар. Пакистан. 8-январь 2012
Кар жааганына сүйүнгөн хайберлик балдар. Пакистан. 8-январь 2012

Мамлекеттин өнүгүүсүн эзелкидей ички дүң жыйым эмес элдин бактылуулугу менен өлчөөнү жактагандар көбөйүүдө.

Бул маселеге арналып, 2-апрелде Улуттар Уюмунда “Жыргалчылык жана бак-таалай: жаңы экономикалык парадигма” деп аталган жыйын өттү. Бутан падышалыгы төрагалыгы астында болгон Нью-Йорктогу конференцияда өлкөнүн өнүгүүсүн жана элдин жыргалчылыгын улуттук дүң жыйымдын ордуна “улуттун бактылуулугунун дүң көрсөткүчү” менен ченөө мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Ички дүң жыйым эбактан бери экономикалык өнүгүү жана саясатчылардын ишмердигин аныктоонун ченөлчөмү. Бирок ал прогресстин социалдык жана экологиялык чыгымдарын эсепке албайт.

Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2011-жылдын июль айында эл аралык уюмдун башкы катчысын “Миң жылдыктын өнүгүү максаттарын” баалоодо “бактылуулук жана жыргалчылык” көрсөткүчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн үйрөнүүгө чакырган резолюция кабыл алган. “Миң жылдык максаттарын”, кыскача МЖМди түзүү 2000-жылы башталган. Бул жөнүндө БУУнун башкатчысынын мурдакы биринчи орун басары Луиза Фрешет айым мындай дейт:

- Миң жылдыктын өнүгүү максаттары өнүгүүнү кирешеге жараша эсептелген жардылыкка эмес алда канча кенен өлчөм менен ченегенге аракет кылды. Ал биринчи МЖМде колдонулду. Бирок саламаттык жана билим берүү жөнүндө сөз кылганда, бактылуулук көрсөткүчү өнүгүүнү экономикалык көрсөткүчтөрдөн бөлөкчө жол менен аныктай турганына көңүл бурат элем.

Луиза Фрешет - Канададагы Инновацияларды эл аралык башкаруу борборунун көрүнүктүү изилдөөчүсү.


Күлүп турган жастыктар
Күлүп турган жастыктар
Мамлекеттин өнүгүүсүн улуттук дүң жыйым эмес элдин “бак-таалайы жана жыргалчылыгы индекси менен өлчөөнү Бутан падышалыгы 1970-жылдары баштаган. Азыр Бутанда улуттук дүң бактылуулукту аныктоодо 33 индикатор колдонулат. Анын ичинде элдин психологиялык абалы, саламаттыгы, билими, маданияты, экологиялык жагдай, жашоо стандарты, адамдардын өз ара мамилеси жана убакытты пайдалануусу сыяктуу көрсөткүчтөр бар.

Британ жана француз өкмөттөрү да улут өнүгүүсүн ички дүң жыйымдын ордуна “букаралардын жыргалчылыгы” менен өлчөөнү колдоп чыгышкан.

Бирок бул көрсөткүчтүн каршылары да бар. Англиянын Кент университетинин профессору, социолог Фрэнк Фюреди бактылуулук индексин колдонуу аракети өнүгүүнүн чен-өлчөмүн маанисиз кылат деген пикирде:

- Менимче, бул татаал экономикалык проблемалардан качуунун модалуу бир жолу. Сиз өнүгүүнүн аныктамасын кеңейтүү менен аны өлчөөнүн өзүн мазмунсуз кыласыз. Себеби, экономикалык эмес же проблема менен материалдык байланышы жок нерселерди колдоого алынса, бардык көрсөткүчтөр талаштуу болуп калат. Бактылуулукту колдонуу менен өнүгүүнү кызыкчылык менен баалап каласыз. Бул социалдык-инженердик миссия эмеспи.

Профессор Фюред бактылуу жашоого жетишип, бирок товар жана азык-түлүк тартыштыгынан чыга албаган өлкөлөр катары мурдакы СССРдин, советтик блокко кирген өлкөлөрдүн жана эркин экономика жолуна түшкөнгө чейинки Кытайдын мисалын айтты. Өткөн айда Түркмөнстанда “өлкө бактылуу жыргал заманга” өткөнү ырасмий түрдө жарыяланды.

Германия канцлери Ангела Меркель космос менен түз байланыш учурунда европалык астронавт Андрэ Кюперстин сөзүн угууда. Гановердеги көргөзмөдө. 5-март 2012
Германия канцлери Ангела Меркель космос менен түз байланыш учурунда европалык астронавт Андрэ Кюперстин сөзүн угууда. Гановердеги көргөзмөдө. 5-март 2012
Вашингтондогу Глобалдык өнүгүү борборунун улук изилдөөчүсү Чарлз Кенни ички дүң жыйымдын кемчилиги болгону менен бактылуулук көрсөткүчү өнүгүүнү аныктаганга жетишсиз деп санайт.

Ал эми Париждеги Эл аралык дипломаттык академиянын орун басар ректору Тимоти Рыбактын оюнча, Бутандын өнүүгүнү бактылуулук көрсөткүчү менен өлчөө сунушу көңүл бурганга арзыйт жана көп талкууну талап кылат:

- Бактылуулук искусттводо болушу мүмкүн. Аны эми илимге айлантканга аракет жасалууда. Ага көп көңүл бурулууда. Менин оюмча, катаал мүнөз адамдар:"Бул эмне өзү? Бул көрсөткүчтөрдү кантип аныктайсыңар? Аларды кантип өлчөйсүңөр?” - деп суроону кырынан коюшууда. Бул бизге ылайыктуу чен бирдигин аныктаганга жардамдашат деп ойлойм.

Нью-Йорктогу талкууда БУУнун башкатчысы Кофи Аннан материалдык жыргалчылык - элдин жакшы жашоосунун жападан жалгыз чен-өлчөмү боло албасына токтолду.

- Ички дүң жыйым эбактан бери экономикалык өнүгүү жана саясатчылардын ишмердигин аныктоонун ченөлчөмү. Бирок ал прогресстин социалдык жана экологиялык чыгымдарын эсепке албайт, - деди Пан Ги Мун.

Анын көз карашынча, социалдык, экономикалык жана экологиялык жыргалчылыкты бири биринен бөлүп кароого болбойт. Ошон үчүн өнүгүүнүн бул үч өзөгүн өзүнө камтыган жаңы экономикалык парадигма керек.

Бул маселе быйыл июнда Бразилияда болчу эл аралык жыйында каралат.

XS
SM
MD
LG