Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Хоспис ракка чалдыккан балдарга керек


Кыргызстанда жылына онкологиялык дартка чалдыккан 200гө жакын бала ооруканага түшөт. Алардын элүүгө чукулу илдеттин акыркы стадиясында, башкача айтканда, оор абалда экени аныкталат.

"Биз Бишкектен бекер дарыланып жаткан жерибизден Ошко которушту. Бул жерде дары түгүл, жеңил ооруну баса турчу дарылар да жок экен. Кызымдын жаны аябай кыйналды. Эки ай көз алдымда жаман болду, үйдө карадык. Аябай жаман болгондо Ошко ооруканага көтөрүп барабыз. Татынакай кызымдан айрылып калдым", - деп көз жашын төккөн Айсалкын Түмөнбаеванын төрт жаштагы кызы Аймүрөк эки ай мурда чарчап калган. Наристесин бооруна кыскан эне бир жарым жыл кызы менен чогуу онкологиялык дартка каршы күрөшкөн.

Аймүрөк алгач Бишкектен дарыланып, өткөн жылдын декабрь айында операция жасалган. Кийин Ош шаарына которулган. Кыздын абалы күндөн-күнгө күчөп, ооруну баскан дарылардын жоктугунан наристе кыйналып жатып жарыкчылык менен коштошкон. Ош шаардык ооруканасынын онкологиялык бөлүмүнүн дарыгерлери кыздын диагнозу чындыгында оор экенин, ичер суусу түгөнгүчө күтүү гана калганын айтышкан.

Онкологиялык ооруканадагы балдар
Онкологиялык ооруканадагы балдар

Ушул сыяктуу айыккыс ооруга чалдыккан балдарды өмүрүнүн акырына чейин тийиштүү деңгээлде багып, адистик жардам көрсөтө турган атайын жай – же хоспис өлкөдө азырынча жок.

Улуттук онкология борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиева абалы оор, жашоосу бүтүп бараткан балдарды кармай турган бөлмөлөр бар экенин айтат.

- Бир жылда биринчи стадиядагы оорусу менен 180-200дөй бала катталат. Азыр 45тей бала Бишкектеги онкология бөлүмүндө дарыланып жатат. Алардын үчөө-төртөө эң оор абалда, башкача айтканда, айыккыс деп эсептелинет. Республика боюнча мындай балдардын саны канча экени так белгисиз. Алар үчүн атайын бөлмөлөр бөлүнүп, ооруну басаңдатуучу дарылар куюлат.

Башкы дарыгер Султангазиева белгилегендей, такай кароого муктаж балдардын саны канча экени белгисиз. Онкологиялык гана эмес, башка оор илдеттердин айынан такай бирөөнүн көзөмөлүндө, үйдө жаткан балдардын саны тууралуу ачык маалымат жок.

Өмүрүнүн акыркы күндөрүн өткөрүүчү атайын жай - хоспис ачуу демилгесин ушул жылдын башында “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева көтөрүп чыккан. Бир жарым жылдан бери онкологиялык илдет менен жабыркаган балдарга ар кандай жардам көрсөтүп келген фонд мындай сунуш менен Бишкек мэриясына, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган.

- Биз хоспис үчүн жер, атайын имарат бөлүп берүүнү сурандык. Алгач бош имараттарды издешти, мурунку 14-бейтапкананын жанынан бош имаратты беребиз деп, кайра ал ойдон баш тартышты. Андан соң жер бөлүп берели, өзүңөр куруп алгыла дешти. Бирок банк эсебибизде акчанын жоктугунан ал жерди алууга да мүмкүнчүлүк жок. Ошентип биз атайын банк эсебин ачып, каражат топтой баштадык. Азыр эми бир имарат сатып алууну чечтик. Бирок баштапкы акчаны төлөө үчүн да бизге акча керек.

Атайын банк эсебин ачкан Динара Аляева баштаган демилгечилер ушул тапта социалдык сайттар аркылуу төгөрөктүн төрт бурчунан акча топтоодо.

Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчи орун басары Бактыгүл Жайылова “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун өкүлдөрүнө алгач сунушталган баш калаадагы 14-бейтапкананын имараты эскилиги жеткендиктен хосписке жарабай калганын түшүндүрдү.

- Алар 14-бейтапкананын жанындагы имаратты сурап кайрылышкан, бирок ал жактын шарты жарабайт. Берип коюп кийин кокустан бир нерсе болсо биз жооп беребиз да. Азыр мэрия менен чогуу башка имараттарды караштырып жатышат го.

“Жардам берүү оңой” фонду азырынча төшөктөн турбаган балдардын үйлөрүнө барып жардам көрсөтүүсүн улантууда. Оорудан азап чеккен бала жашоосунун акыркы ирмеминде дагы тийиштүү жардамдан кур калбай, кыйналбай өтүшү керек деген Динара ыктыярчылар менен өз демилгесин ишке ашырууга белсенип киришкен. Ошол эле маалда балдарга зарыл тамак-аш, морфин сыяктуу ооруну баскан дары-дармек, медициналык каражаттарды четтеги кыргыз диаспораларынан, кайрымдуулук акциялары аркылуу чогултушат. Аларды өз дарегине жеткирип, баласы менен чогуу азап чеккен эне-аталарга психологиялык тренингдерди өткөрүшөт.

Борбор Азия өлкөлөрүндө балдар үчүн хоспистер Казакстанда гана бар. 2011-жылы коңшу өлкөдө ачылган биринчи балдар хосписи толугу менен мамлекет тарабынан каржыланган. Орусияда биринчи хоспис 1997-жылы Ижевск шаарында ачылса, ушул тапта Беларуста жети хоспис бар. Алардын көбү ар кандай кайрымдуулук фонддору тарабынан негизделсе, айрымдарын жеке адамдар ачкан.

XS
SM
MD
LG