Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Кыргызстанда үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдар милиция менен соттун көңүл сыртында калып жатат. Ошондой эле күнөөлүүнү жоопко тартуу, соттук иштерди алып баруу, иликтөө амалдарын жүргүзүү кыйла аксап келет

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун соңку баяндамасында Кыргызстандагы зомбулукка кабылган аялдар, кыздар маселесине жана мамлекеттин бул көйгөйгө карата кандай чара көрүп жаткандыгына байкоолор камтылган. “Данисте” түрмөгүнөн баяндамага саресеп салабыз

“Сизди өлтүрө турган болсо анан чалыңыз”

Ася күйөөсү тарабынан аёосуз зомбулук көргөн келин:

- Ачуусу келгенде мага кол көтөрөт. Токмоктоп да салат. Ачкычымды алып, үйдөн кууп чыгат. Күйөөм кол көтөрө баштаганда мен органдарга кайрылганмын. Бирок эч кандай жардам ала алган эмесмин. Алар “үйүңөрдөгү жаңжал турбайбы, өзүңөр чечишип алгыла” деп жооп беришкен. “Качан өлтүрүп салса анан барабыз” деген тамашаларын да уккам.

Кызыл камчы күйөөсүнөн араң кутулган Асяны жооткоткон милициянын жообу "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Кыргызстандагы зомбулук астында жашап жаткан аялдар маселесине арналган соңку баяндаманын темасы болуп калды.

Аталаган уюмдун изилдөөчүсү Хиллари Марголис 90 кыз-келинди кепке тарткан. Ал “Сизди өлтүрө турган болсо бизге чалыңыз” деген тема бекерден тандалып алынбаганын, Кыргызстан өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркагандарга карата ар кандай кызматтарды көрсөтүүдө, колдоодо жана колдо бар коргоо чараларын колдонууда натыйжасыз иш жүргүзүп жатканын аныктаган:

- Үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу иштер өтө сейрек учурда гана күнөө коюу жана өкүм чыгаруу менен аяктайт. Милицияга кайрылганда аялдар көпчүлүк учурда толук маалымат албайт. Алар коргоо укугуна ээ боло аларын да билишпейт. Айрым учурларда аларды кордогон адамды сот куугунтукка алары да маалымдалбайт.

"Хьюман Райтс Уотч" уюму өткөргөн суроо-жооптордо үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккендер, ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөр, милиция кызматкерлери, сотттор, коомдук лидерлер жана мамлекеттик ишкана өкүлдөрү Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук оор көйгөй бойдон калып жатканын ырасташкан жана жардамга муктаж же акыйкаттык издеген жабырлануучулар ар тараптуу тоскоолдуктарга дуушар болору белгилүү болгон. Макаланын автору, изилдөөчү Хиллари Марголис Кыргызстанда күч органдардын ишине да кылдат сереп салган:

- Биз маектешкен аялдар бир нече жылдап зомбулукта жашап жатканын айтышты. Себеби алардын кайрылар жери жок. Алардын дээрлик көпчүлүгү милицияга ишеним артпай калган. Мындай түшүнүк, милиция үй-бүлө зомбулугун олуттуу нерсе катары кабыл албагандыктан келип чыккан.

Кээде милиция чоң муштум эркекти “эмнеге аялзатына кол көтөрөсүң?” деп суракка алыштын ордуна, кайрадан келтек жеген келинге келип арачы болгон учурлар жок эмес. Бишкектеги кризистик борбордо баш калкалап жүргөн Заринанын мисалы дал ушундай.

- Алар зомбулукка кабылган аялды көңүл сыртынан эле кабыл алышат. Же келекелеген мамиле жасашат. Бир милиция минтип айтат “сиздин күйөөңүз сиз менен жашагысы келип жатат. Балким ага кайтып бараасыз” дейт.

Зомбулуктан жапа чеккен аялдардын тегиз баары милицияга кайрылуу майнапсыз аракет экенин билишет дейт “Сезим” кризистик борборунун психологу Наталья Павлова:

- Көпчүлүк учурда милиция айтат “бул силердин өзүңөрдүн үй-бүлөлүк ички ишиңер. Биз аралаша албайбыз” деп. Демек, милицияга кайрылуу майнапсыз.

Уядан башталган басынтуу

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер жардам алууда, өз укуктарын коргоодо жана адилеттикке жетүүдө дагы башка тоскоолдуктар бар. Алардын бири психологиялык басынтуу.

Кыргызстанда кыздар жаштайынан эле социалдык басмырлоого дуушар болушат.

Мисалы, кандай болгон күндө да үй-бүлөнү сактап калуу, басынтуу, элге уят болуу, экономикалык жактан көз каранды болуу, алсыз болуу, айрыкча мамлекеттик каттоодон өтпөй турмуш кургандар элден чыгып калуу жана күйөөнүн өч алуусунан коркуу.

Изилдөөчү Хиллари Марголис үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккендер үчүн баш калкалай турган жайлардын жетишсиздиги, укук коргоо органдары менен соттор тараптан эч кандай чара көрүлбөгөнү, жардамдын жоктугу сыяктуу тоскоолдуктар зомбулукка туш болгон кыз-келиндердин оозун тыйып, чыдап жашоого мажбур кылат деп эсептейт:

- Өлкөдө “аялдар эгер зомбулукка туш болгон учурун коомчулукка ашкере кылса, анда үй-бүлө бузулууга алып келет” деген оор дарты бар.

Бул дарттын тамыры өлкөдө эзелтен бери эле келген салттарда жатат, дейт “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова. Кыз бала чыдамкай болушу керек деген сөз ушул күндө да көпчүлүк үй-бүлө тарбиясында байма-бай айтылып келет:

- Эмне үчүн дегенде чыр үйдөн чыкпашы керек, чыдаш керек болчу. Бул кыздарды кенедейинен чыдамкайлыкка тарбиялоодон келип чыккан. Учурда зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүүчү кызматтар, борборлор таптакыр жетишпейт. Мисалы, Бишкек, Чүйдө миллион адамга бирин-экин кризистик борборлор кантип жетиштүү болсун? Гранттар бүгүн бар да, эртең жок. Эгер бул борборлор да иштебей калсачы?

Жетишпеген баш калка

Бишкектеги “Арулан” кризистик борборунун психологу Надежда Домашева чыдамы түгөнүп, аргасыз коомчулуктан жардам сурап чыккандарга өлкөдө каражат жетишсиздиги кейиштүү жагдай дейт:

- Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка деп, аябай эле аз акча бөлүнөт. Кичи долбоорлор менен кантип таасир этет элек. Баарынан өкүнүчтүүсү бир да мамлекеттик кризистик борбордун жоктугу.

Эл аралык уюм Кыргызстандагы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту изилдөө үчүн азыркы учур өтө маанилүү деп эсептейт. Алар 2015-жылдын аягына чейин жергиликтүү серепчилер жана мамлекеттик кызматтар 2003-жылда кабыл алынган мыйзамдын ордуна келе турган Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу жаңы мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке алып чыгарына ишенет. Жаңы мыйзам мурдагы мыйзамдагы коргоо жана оңдоо элементтерин сактап калуусу өтө маанилүү. Ошол эле учурда, мурдагы мыйзамдын жетишпеген жактарын көрсөтүп, мыйзамды ишке ашыруу механизмдерин да камтыш зарыл экенин белгилешет.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун изилдөөчүсү Хиллари Марголис 2003-жылдагы үй-бүлөдөгү зомбулук мыйзамы көптү үмүттөндүргөнү менен аз гана жетишкендиктерге ээ болду дейт:

- Аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо жоопкерчилиги мамлекеттин мойнунда. Ошондой эле аларга коргоо кызматтарын камсыз кылуу, мыкаачылык мамиледен алып чыгуу зарыл болуп турат.

Изилдөөдө кыргыз өкмөтүнүн маалыматы да берилген. Анда милицияга катталган үй-бүлөдөгү зомбулуктун кээ бири гана соттор тарабынан каралары, сотко жеткендер көпчүлүк учурда кылмыш иши катары эмес, административдик иш катары иликтенип, жеңилдетилген жаза алып жатканы көрсөтүлгөн. Алар да көпчүлүк учурда “ээнбаштык” беренеси боюнча гана жаза алып жатканы баяндалат.

Жетишсиз аракет

Бардык эле милиция, соттор жана өкмөт кызматкерлери үй-бүлөдөгү зомбулукка кайдыгер карашпайт. Кээ бир милиция кызматкерлери Хюман Райтс Вотч уюмуна аларга үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча арыздар дайыма келип түшөрүн айтып, убактылуу корук кат жазып берерин билдиришкен. Кээ бир жабырлануучулар соттор аларга ажырашууга же күйөөсүнөн алимент кестирип алууга жардам беришкенин маалым кылган.

Саламаттыкты сактоо жана Ички иштер министрлиги үй-бүлөдөгү зомбулуктун жабырлануучуларына укуктарын коргоо боюнча колдонмо жана маалымат китепчесин даярдашкан.

Баяндамада жабырлануучулар баш калкалаганга убактылуу жай, психологиялык жардам, адилеттүүлүкө жетүүгө кеңеш берүү сыяктуу кызматтар дээрлик мамлекеттик уюмдардын колунан келери да камтылган.

Көп жыл бою күйөөсүнөн запкы жеп жүрүп акыр-аягы наристелери менен кризистик борбордон баш калка тапкан Томарис алгач ирет тынч уйку таап, чыныгы эс алуу дегенди билген:

- Акыры мен бул жакка келдим. Бул жерде мени угушту. Мен биринчи жолу эч кимдин эшигин каккылабай, түн бир оокумда милицияга же тааныштарга чуркабай, акырын келип тынч уктаса болорун билдим. Чын эле, тынч келип, эч кимден коркпой-үркпөй жатып уктаганыма сүйүнүп турам. Балдарым менен биринчи жолу коопсуз абалдабыз.

"Хьюман Райтс Уотч" уюму Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын ар бирине өз-өзүнчө сунуштарды берген. Ошондой эле бейөкмөт уюмдарга, Кыргызстанда иш алып барган эл аралык уюмдарга да сунуш, багыттарды жолдогон.

Уюмуна аялдар күйөөлөрү башын тамдын дубалына же цементтелген жерге ургулаган; жаактарын сындырган; эс-учун жоготтуруп, баш сөөктөрүн сындырган, бычак сайган, үбөлүк, ашканадагы темир жана башка буюмдар менен сабаган; кыштын кыраан чилдесинде бут кийимсиз же жылуу кийимсиз үйгө киргизбей койгон; боюнан түшкөнгө чейин тепкилеген; бычак же күрөк менен кубалаган; муунтуп же тумчуктурган; өлтүрүү коркунучун келтирген; ооздоруна түкүргөн; жумуш орундарына барып аларды мазактаган жана башка ар түрдүү окуяларды айтып беришкен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG