Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Мумбайдагы уруш аяктагансыды


Мумбайдагы "Тадж-Махал" мейманканасы, 29-ноябрь.
Мумбайдагы "Тадж-Махал" мейманканасы, 29-ноябрь.

Индия Мумбай шаарында коопсуздук күчтөрү менен согушкерлердин үч күнгө созулган тирешүүсүнөн келтирилген зыянды аныктап жатат. Соңку расмий маалыматка караганда, андан 195 адам каза тапканы ырасталды.

Автоматтар жана гранаттар менен куралданган согушкерлер Индиянын каржы жана ишкер борбору катары эсептелген Мумбай шаарына шаршемби күн кол салышкан эле. Оболу темир жол вокзалында, көчөдө, шаардык оорукана менен театрдын жанында жүргөндөрдү туш келди аткылашкан согушкерлер, бир сааттан бир аз ашуун убакыттын аралыгында шаардын эки аземи: "Тадж-Махал" жана "Оберой-Трайден" мейманканаларына, жөөт диний жана билим берүү борбору жайгашкан "Нариман" турак-жай комплексине кирип, ал жердегилерди барымтага алышкан.

Адегенде бейшембиде "Тадж-Махал" мейманкасында барымтада калгандар бошотулган эле, бирок согушкерлердин акыркы очогу да ушул эле мейманканада алардын соңку үчөөсүнүн жок кылынышы менен өчүрүлгөндөй болду.

Согушкерлерге каршы операция өткөргөн индиялык коммандостун, же атайын күчтөрдүн колбашчысы Жей Кей Датт буларды айтат:

-Биз ичте кеминде үч террорчу бар деп айтып жатканбыз. Биз азырынча үч террорчунун тең өлүгүн таптык. Азыр мейманканаы түрө айланып, корридорлорду, ар бир бөлмөнү текшергенге чейин, мен операция бүттү деп айта албайм. Бирок учурда мейманкананын ичинде уруш же атышуу жок.

Ал эми полиция башчыларынын бири Хассан Гафур "согуштук операциялардын баары аяктады, террорчулардын баары жок кылынды", деп айтты.

Мумбайдын өзгөчө кырдаалдар боюнча мекемесинин соңку маалыматына караганда, үч күндүк кыянатчылыктардан 195 адам өлгөнү ырасталды, дагы 295 киши жаракат алган.

Курмандыктардын көпчүлүгү индиялыктар, бирок арасында 20дай чет элдиктер бар. Алардын бешөө америкалык, мындан сырткары Израилдин, Австралиянын жана Европа өлкөлөрүнүн жарандары да бар.

Жума күнү "Оберой-Трайдент" деген экинчи мейманкада барымтадан 100дөй адам бошотулганда, ал жерден 20дай кишинин сөөгү табылды. Ал эми жөөттөрдүн "Хабад Любавич" деген борборунда беш адам, анын ичинде ошол борбордун раббини менен анын жубайы да каза тапкан.

АКШнын Индиядагы элчиси Девид Малфорд террордук чабуулду айыптоо менен бүгүн Индиянын өкмөтүнө террорчулукка каршы күрөштө АКШнын жардамын сунуш кылды. Ал Делиде Индиянын тышкы иштер боюнча катчысы Шив Шенкар Менон менен жолуккандан соң мындай деди:

-Кошмо Штаттар кызматташууга, жардам көргөзүүгө, иликтөө иштерине тартылууга милдеткер. Мен бул окуяга бизге мүнөздүү экенинин маанисин жана АКШ калкынын кайгыруусун баса белгилеп кетким келет.

Кол салуу үчүн исламчыл согушкерлердин мурда анчалык белгисиз "Деккан Мужахидин" деген тобу жоопкер болду. Мындай маалымат чабуул башталган – шаршемби күнү эле электрондук почта аркылуу таратылган.

Индия бийликтери кол салуу үчүн коңшу Пакистандагы күчтөрдү шек санап жаткандай. Премьер- министр Манмохан Сингх бейшемби күнү теледен жасаган кайрылуусунда кол салгандар "өлкөнүн сыртында жайгашканын", Индия согушкерлерге башкалканч берип жаткан "коңшулары" менен келише албасын айткан.

Пакистан өкмөтү болсо чабуулга эч тиешеси жок экенин белгилеп, Делини бул маселеге саясатты аралаштырбоого чакырды. Азыр Индия бийликтери кол салган согушкерлердин ким экендигин аныктоого аракеттенүүдө. Белгилүү болгон маалыматтардын бири – согушкерлер Мумбайга деңизден үйлөнмө кайыктар менен келишкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG