Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Кашмир маселеси Нью-Йоркто талкууланды


Пакистан премьери Наваз Шариф менен Индия премьери Манмохан Сингх. 29-сентябрь, 2013-жыл
Пакистан премьери Наваз Шариф менен Индия премьери Манмохан Сингх. 29-сентябрь, 2013-жыл

Индия жана Пакистан жетекчилери талашка түшкөн Кашмир чөлкөмүндөгү чек арада куралдуу инциденттерди азайтуу чараларын күчөтүшмөкчү.

2010-жылдан берки бийик жолугушуу Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясы учурунда болду. Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх менен Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шарифтин кездешүүсү бир саатка жетпеген убакытка созулуп, жетекчилер демаркациялык тилкедеги чыңалууну талкуулашты.

Индия премьеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Шившанкар Менондун айтымында, жолугушуу жемиштүү болду. Себеби ортодогу алакаларга көлөкө түшүрүп келген маселелер жогорку деңгээлде талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийинки пресс-конференцияда Менон лидерлер демаркациялык тилкеде кырдаалды жакшыртуу багытындагы алгачкы кадамдар тууралуу макулдашканын билдирди.

- Бүгүн биз туш болгон проблемаларды чечүүгө тийишпиз. Тилкеде улам бир инцидент, ок атышпоо келишимин бузуу фактыларына күбө болуп келе жатабыз. Муну жөнгө салуу керек. Терроризмге байланышкан маселелер да көп. Алар да чечилүүгө тийиш. Бул багытта жылыш болот деп ишенем. Бирок мен олуя эмесмин, ага бир жылда, эки жылда же андан да тез жетерибизди айта албайм.

Тараптар ок атышпоо тууралуу келишимди бузгандыгы үчүн бири-бирин айыптап келишет.

Менон Пакистандын премьер-министри Шариф Мумбаи кол салуусу үчүн күнөөлүү экстремисттерди жоопко тартуу боюнча чара көрүлөөрүнө убада бергенин кошумчалады. 2008-жылы болгон чабуулдан 164 киши каза тапкан.

Ишембиде Башкы ассамблеяда чыгып сүйлөгөн Сингх Пакистан менен мамилелер ал өлкө өз аймагынан Индияга каршы теракттарды ишке ашырып жаткан экстремисттерди пайдаланууну токтотсо гана мүмкүн болот деп айткан.

Шариф болсо Индия Балучистан чөлкөмүндөгү жикчилдердин Пакистан өкмөтүнө каршы күрөшүн колдоп жатат деген божомолдорду козгоду.

Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани жолугушуу конкреттүү бир келишим менен аяктабаса да, болочок кызматташууга жакшы пайдубал болуп бере алаарын белгиледи:

- Лидерлер эки өлкөнүн мамилелерин жакшыртууга дилгирлигин көрсөтүштү. Менимче, бул - жолугушуунун эң маанилүү аспекти болду. Алар алакалардын азыркы абалына алып келген бардык проблемалар менен факторлорду талкуулашты.

Белгилей кетчү жагдай, Шариф премьерлик кызматка ушул май айында кайра кайткан болсо, Индиянын өкмөт башчысы эмки жылы бийликтен кетмекчи.

Пакистан негизделген 1947-жылдан бери эки коңшу Кашмирди талашып келатышат. Ар бири аны өз аймагы деп эспетешет. Чек аралар тууралуу расмий келишимдерге Кашмирдин бөлүнүшү камтылган эмес.

Пакистан жана Индия куралдуу күчтөрүн мындайча айтканда, “көзөмөл сызыгы” бөлүп турат. Эки өлкө 1947-жылдан бери 3 жолу согушкан. Эки ирет жаңжал Кашмир талашынан улам чыккан.

Аналитиктер НАТО аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышы Индия менен Пакистан ортосундагы тирешти күчөтүшү ыктымал деп боолголошот.

XS
SM
MD
LG