Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Орусия Умаровду "Домодедово" теракты үчүн айыптады


Доку Умаров "Домодедоводогу" жардыруунун жасаганын айткан видеодон сүрөт, 7-февраль, 2011
Доку Умаров "Домодедоводогу" жардыруунун жасаганын айткан видеодон сүрөт, 7-февраль, 2011
Орусиянын тергөө комитети чечен сепаратисттеринин лидери Доку Умаровго январда Москванын аэропортун жардырган деген кине менен бүгүн айып такты. Мындан бир күн мурда эле бийликтер Түндүк Кавказда куралчан жикчилерге каршы аскерий операцияда 17 козголоңчуну өлтүрүшкөнүн кабарлашкан.

Бүгүн Москвадагы маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин журналисттерге: “Баш калаадагы “Домодедово” аэропортундагы чабуул боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде Орусиянын тергөө комитети козголоңчу топторунун активдүү мүчөлөрү жана уюштуруучулары Доку Умаров менен Аслан Батукаевге айып тагуу боюнча чечим чыгарды”, - деди.

Орусияда издөөдөгү негизги фигура жана Түндүк Кавказдагы козголоңчулардын анабашчысы Доку Умаров теракттан кийин интернеттеги видео-кайрылуусунда жардырууну өзү уюштурганын айткан. Ал буга чейин былтыр Москванын метросундагы эки станцияда болгон жардыруу үчүн да жоопкерчиликти өзүнө алган эле. Метродогу ошол теракттарда 40 адам өлгөн.

Аслан Батукаев болсо Амир Хамзат деген ат менен да таанылган. Ал буга чейин даярдаган жанкечтилер бир топ теракттарда, алардын ичинде, “Домодедового” чабуулда да катышкан дешет.

Дүйшөмбүдөгү аскерий операция жөнүндө жазган ар кайсыл маалымат булактары, укук коргоо органдарынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнө шилтеме жасап, Умаров да, Батукаев да ошол чабуулдарда жок кылынган болушу мүмкүн деп жазып жатышат.

Умаровдун түрдүү чабуулдардагы өлүмү жөнүндө буга чейин да бир нече жолу орус бийлигинин өкүлдөрү сүйүнчүлөй коюп, кийин уятка калган учурлары болгон.

Бул жолку операция Чеченстан менен чектеш жердеги Ингушетия республикасындагы кичинекей эле Верхний Алкун кыштагында болду. Ага жерден аскерлер, абадан да аскерий тик учактар тартылышты. Атышууларда аскерлерден үч адам окко учканы айтылды.

Андан сырткары, тергөө комитети “Домодедоводогу” жардырууга жардам кылган деп, эки адам кармалганын кабарлады.

“Ингушетияда өтүп жаткан атайын операция учурунда Яндиев Ислам жана Илес деген бир туугандар да кармалышты, - деди комитеттин расмий өкүлү В.Маркин. - Тергөөнүн маалыматына караганда, дал ушул кишилер жанкечти-террорист Магомед Евлоевди Москвада тосуп алып, 24-январда “Домодедового” алып барышкан”.

Маалыматка караганда, алардын үйүнөн жанкечтинин белбоосу, жардыргыч заттар табылган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG