Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

«Түрк кеңеши Анкаранын саясатын колдойт»


Түрк кеңешинин лидерлери жана делегация башчылары, Баку, 15-октябрь, 2019-жыл.
Түрк кеңешинин лидерлери жана делегация башчылары, Баку, 15-октябрь, 2019-жыл.

Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кошулду. Мындай чечим кеңештин Бакуда өткөн саммитинде колдоо тапты. Бул саммит Түркия Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы операция өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Түрк кеңешинин мүчөлөрү Анкаранын саясатын канчалык колдошот? Ташкент бул уюмга эмне үчүн мүчө болууну чечти? Ушул жана башка суроолорго азербайжандык саясат таануучу Зардушт Ализаде жооп берди.

«Азаттык»: - Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстан Түрк кеңешинен өзүн оолагыраак кармап келген. Эми президент Шавкат Мирзиёевдин жетеги астында Ташкент бул уюмга кошулуп олтурат. Мирзиёев Түрк кеңешинин Өзбекстан үчүн пайдасын эмнеден көрөт?

Политолог Зардушт Ализаде.
Политолог Зардушт Ализаде.

Зардушт Ализаде: - Менимче, Мирзиёев мырза - элдин маанайын эске алган саясатчы. Каримов бул уюмга эстүү мамиле кылып, анын символикалык гана мааниси бар экенин белгилеп келген. Мирзиёев «дагы көбүрөөк адамдардын колдоосуна ээ болуш үчүн элдин ой-пикирин, сезимин колдонууга эмне үчүн болбосун» деп ойлойт. Анын үстүнө бул уюмдун мүчөсү болуу Өзбекстанга кошумча милдеттерди жүктөбөйт.

«Азаттык»: - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин былтыркы саммитинде Венгрия уюмга байкоочу мамлекет макамын алган. Эми Өзбекстандын уюмга кошулушу менен Түрк кеңеши кеңейип жатканын, анын потенциалы чоң экенин лидерлер Бакудагы саммитте да белгилешти. Бирок бул уюм конкреттүү маселелерди канчалык чече алат?

Зардушт Ализаде: - Чөлкөмдөгү мамлекеттер Түрк кеңешине кирсе да, кирбесе да эки тараптуу маселелер боюнча же экономика жана аскердик тармактарда ансыз деле бири-бири менен кызматташып келет. Ошентсе да бул уюмдун мүчөлөрү Түрк кеңешин өз калкынын арасындагы кайсы бир үмүт-тилектерге төп келген уюм катары көрүшөт.

«Биз, түрк тилдүү мамлекеттер, бири-бирибиздин кызыкчылыгыбызды чогуу коргой алабыз» деп билдиргиси келишет. Бирок кайрадан эле мындан көп майнап чыкпайт. Ошол эле учурда Түрк кеңешине кирген мамлекеттер бул ресурсту колдонуш керек, анын эч кандай зыяны жок деп эсептешет.

Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» операциясы. 13-октябрь, 2019-жыл.
Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» операциясы. 13-октябрь, 2019-жыл.

«Азаттык»: - Бакудагы саммит Түркия Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы аскердик операциясын жүргүзүп жаткан учурда өттү. Түрк кеңешинин калган мүчөлөрү ошол эле Сирия сыяктуу геосаясий маселелерде Анкаранын саясатын канчалык жакташат?

Зардушт Ализаде: - Уюмга мүчө болгон мамлекеттердин баары эле Түркиянын Сириядагы саясатын колдооруна ишенем. Алар бул жагдайда Түркияны кагазда жазылган эрежелерге жана Батыштын талабына карабастан өз улуттук кызыкчылыгын коргоп жаткан өлкө катары көрүшөт. Ушундан улам бул саммитте Түркия толук колдоо алды деп ойлойм.

«Азаттык»: - Ошол эле учурда Батыш Түркиянын Сириядагы чабуулун айыптап жатат. Түрк кеңешинин саммитинин алкагында Бакуда өткөн жыйындардын биринде түрк президенти Эрдоган кайрадан Анкаранын аракетин актады. Ал Түрк кеңешинин платформасын өз кызыкчылыгын алдыга сүрөш үчүн жана башка өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болуш үчүн колдонуп жаткан жокпу?

Зардушт Ализаде: - Биринчиден, бардык саясатчылар өз саясатын алдына сүрөш үчүн бардык платформаны колдонууга аракет кылат. Бул маселеде Эрдоган деле четте турбайт. Балким Түркия Түрк кеңешинин колдоосуна анча деле муктаж эмес чыгар. Ошентсе да Батыштын Анкаранын чөлкөмдөгү таасирин азайтуу аракетине каршы Түркия өз кызыкчылыгын коргоо маселесинде жалгыз эмес экенин көрсөткүсү келбей койбойт.

Түрк кеңешинин лидерлери, Баку. 15-октябрь, 2019-жыл.
Түрк кеңешинин лидерлери, Баку. 15-октябрь, 2019-жыл.

«Азаттык»: - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кирген Казакстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр Орусия менен жакын мамиледе. 2015-жылы Түркия орус аскердик учагын атып түшүргөндө Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Анкаранын кадамын айыптап чыккан эле. Албетте, андан бери кырдаал өзгөрдү. Ошентсе да Орусияга салыштыра келгенде Түркиянын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү таасири канчалык?

Зардушт Ализаде: - Борбор Азия өлкөлөрүнүн деле Түркия менен жакын мамиле түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми орус-түрк алакасы учурда шайма-шай экенин билебиз. Жакшы кызматташып жатышат. Азыр ортолорунда эч кандай деле маселе жок. Мен Орусия ачык айтпаса да, Түркиянын Сириядагы операциясын колдойт деп ойлойм.

Тандоо зарыл болгон учурда Орусияга ыктаган мамлекеттер өз кызыкчылыгын эске алып, Москванын саясатын колдошсо керек. Ал эми Орусияга анча көз каранды болбогон өлкөлөр Түркияны дагы жакыныраак мамлекет деп эсептешет.

Мисалы, Азербайжан эч качан экөөнүн бирөөсүн тандабайт. Расмий Баку Орусия менен да, Түркия менен да достук мамиледе экенин билдирип келет. Бирок тандаш керек болгон учурларда Азербайжан Түркияны тандайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG