Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Түрк кеңешинин жыйынында беш документке кол коюлду


Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйыны.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйыны.

Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VII жыйынында беш документке кол коюлду.

Алар: түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетин түзүү, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү, Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басарын жана «Түрк маданияты жана мурасы» фондунун президентин дайындоо жөнүндө чечимдер.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Өзбекстанды кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Ушуну менен уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө болду. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ. Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандагы Нахчыван шаарында 10 жыл мурда түзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG