Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Араб өлкөлөрү Ирандын ядролук программасына кабатыр


Ирандын президенти Хасан Роухани Бушер атомдук станциясына кирүү схемасынын жанында.
Ирандын президенти Хасан Роухани Бушер атомдук станциясына кирүү схемасынын жанында.

Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлчү ар кандай келишим региондогу Ирандын коңшуларына коркунуч жаратпашы абзел.

Мындай билдирүүнү Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Сауд Арабиянын падышасы Салман 4-майда Эр-Риядда жасады.

“Франция жана Сауд Арабия Иран менен ишенимдүү, бекем, текшерүү мүмкүн болгондой, талаш-тартышсыз келишим түзүүсү зарыл деп эсептейт” деп айтылат президент Олланд жана падыша Салмандын сүйлөшүүсүнөн кийинки соңку билдирүүдө.

Бул билдирүүнүн Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин 5-майда Эр-Риядда башталчу саммити алдында жасалганы кокустук эмес. Анткени, алар эгер Иран массалык кыргын салчу куралга ээ болсо, чөлкөмдөгү кырдаал дагы оорлоп кетиши ыктымал деп кооптонушат. Андан тышкары, франциялык дипломат Рейтер агенттигине айткандай, Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөр Иранга каршы эл аралык санкция токтотулса, Тегеран чөлкөмдөгү бардык жетеленме топторду каалагандай каржылай баштайт деп чочушат.

Өйдөдө аталган уюмга Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги, Катар, Кувейт, Сауд Арабия жана Оман кирет.

Иран уранды ядролук бомба жасоо үчүн эмес, электр энергиясын өндүрүү жана медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында байытканын айтып жүрөт.

Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча корутунду келишимге Иран жана дүйнөнүн бакубат алты мамлекети 30-июнда кол коюуга тийиш.

АКШ Мамкатчысы Жон Керри Ядролук куралдарды жайылтпоо келишими боюнча 27-апрелде Нью-Йоркто болгон жыйында сүйлөп, алтылык жана Иран кол койчу келишим Тегерандын атомдук бомбага ээ болуусун мүмкүн кылчу бардык жылчыктарды жабат деп билдирген:

- Кошмо Штаттар жана биздин P5+1 деп аталган өнөктөштөрүбүз Иран менен бир катар параметрлер боюнча жалпы пикирге келишти. Алар биротоло бүткөрүлүп, аткарылчу болсо, Ирандын ядролук курал жасоого зарыл ядролук материалдарга ээ болуусун мүмкүн кылган бардык чыйыр жолдор буулат жана Ирандын ядролук программасы ырасында эле тынчтык үчүн пайдаланылат деп эл аралык коомчулукту ишендирет.

Керри айткан Р5+1 тобуна Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде вето укугу бар АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

2-апрелде Лозаннада тараптар талаштуу келишимдин негизги параметрлерин макулдашканын Иран президенти Хасан Роухани жана АКШ Мамкатчысы Жон Керри Твиттердеги өз баракчаларында тастыкташкан.

Маалымат булактары кабарлаганга караганда, ядролук келишим боюнча Иран байытылган уранынын чоң бөлүгүн сырт өлкөгө сактоого жибериши шарт, ошондой эле уран байытуучу 19 миң даана центрифугасынын үчтөн экисин токтотушу абзел. Бул шарттар аткарылса, Иранга каршы эл аралык санкциялар жеңилдетилет.

13-майда АКШ президенти Барак Обама Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушат. АКШлык расмий булактардын айтымында, Обама 30-июнда Иран менен бакубат алты мамлекет кол койчу келишим Тегерандын атомдук бомбалуу болуусуна жол бербейт деп алты араб өлкөсүн ишендирүүгө аракет кылат.

XS
SM
MD
LG