Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Орусия менен Ирандын президенттери "жараканы" талкуулашат


Дмитрий Медведев менен Махмуд Ахмединежаддын былтыркы "жылуу маанайдагы" жолугушуусунан бери абал өзгөрдү, 16-июнь 2009.
Дмитрий Медведев менен Махмуд Ахмединежаддын былтыркы "жылуу маанайдагы" жолугушуусунан бери абал өзгөрдү, 16-июнь 2009.

Бүгүн Азербайжанда Каспий боюндагы мамлекеттердин саммити өтүп жатат. Анын алкагында Орусия менен Ирандын президенттери сүйлөшөөрү күтүлүүдө. Дмитрий Медведев менен Махмуд Ахмединежаддын жолугушуусу эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы алакада жарака кеткен учурга туш келди.

Ирандын ядролук программасы боюнча талаш-тартыш күчөп, Тегеранга каршы эларалык санкциялар киргизилгенден кийин да бир топ жылдар бою Орусия анын жакын союздашы болуп келди эле.

Бирок ортодогу мамиле соңку айларда айрым маселелердин айынан солгундаганы байкалат.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иранга каршы киргизген бир топ санкцияларды Орусия колдоду. Президент Дмитрий Медведев болсо Тегарандын ядролук амбициясы артканына да зээни кейигенин жашырган жок.

Орусия түштүк Иранда тургузган “Бушер” реакторунун курулушу бир канча жыл улам артка жылдырылып отуруп, быйыл августта гана араң бүттү. Москва муну курулушка бөлүнгөн каражат жетпегени менен түшүндүргөн эле. Бирок чынында аны бүткөрүүнү Иран өзү эле создуктуруп келген делет.

Ошентсе да ортодогу мамилеге катуу жарака кетирген окуя быйыл сентябрда болду окшойт. Москва Тегеранга узак аралыкка жетчү S-300 зениттик ракета сатуу боюнча 800 млн.долларлык контрактыдан баш тартып койду.

Буга таарынган президент Ахмединежад “Орусия Иранды душмандарга сатып койду” деп билдирди. Бирок анын артынан ушул шаршембиде Ирандын тышкы иштер министрлиги араздашууну бир аз болсо да тынчытып, Москва менен кайра жылуу мамилеге кайтуу максатында “Эки өлкөдө саясий, экономикалык жана технологиялык кызматташууга чоң потенциал бар” деген билдирүү таратты.

Министрликтин расмий өкүлү Рамин Мехманпараст “Russia Today” телеканалына сүйлөп жатып, Иран менен Орусиянын узак убакыттан берки үзүрлүү кызматташтыгына Батыштагы күчтөр алакыт болуп жатканын айтты.

Ал арада тышкы саясат боюнча Медведевдин жардамчысы Сергей Приходько: “Азыркыдай санкциялардын тушунда да биз Иран менен атомдук маселелер жана башка иштер боюнча кызматташууга жол ача турган жагдайларды издешибиз керек”, - деди.

Ахмединежад болсо бүгүн Бакудагы маалымат жыйынында сүйлөп, анын өлкөсү ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок бу маселеде дүйнөлүк коомчулук Иранга басым жасаганын коюп, коркута бергенди токтотушу лаазым экенин кайталады.

Ирандын ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр 5-декабрда кайра башталышы керек. Ага Ирандын өзүнөн сырткары, Британия, Франция, Германия, АКШ, Орусия жана Кытай катышат. Бирок тараптар азырга чейин анын күн тартибин талкулай элек.

Д.Медведев менен М.Ахмединежад Каспий өлкөлөрүнүн Бакудагы саммитинин алкагында жолугушууда. Саммитке алардан сырткары, Азербайжандын, Казакстандын жана Түркмөнстандын президенттери катышууда. Байкоочулар Каспий боюндагы мамлекеттердин үчүнчү саммитинде да деңиздин байлыгын бөлүштүрүү боюнча маселеде олуттуу прогресс болбойт го дешет.

Алар жалпы региондогу коопсуздук маселесин да талкуулашаары айтылды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG