Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:32

Иран БМК саммитинен колдоо табаарына үмүттөнөт


БМКнын Тегеранда өтчү XVI саммитинин баннери.
БМКнын Тегеранда өтчү XVI саммитинин баннери.

Тегеран Бейтарап мамлекеттер кыймылы - БМКнын он алтынчы саммитине камынууда.

26-31-август күндөрү болчу жыйынга 40тан ашуун өлкөнүн лидерлери жана жүздөгөн бийлик даражалуу дипломаттар катышаары боолгонууда. Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпарасат жыйынды “Ирандын тарыхындагы даркан окуя” деп мүнөздөдү. Маанилүү жыйындын коопсуздугун камсыздоо үчүн Тегеранда чоң даярдыктар жүрүүдө. Шаар калкы саммит учурунда беш күнгө өргүүгө чыгарылат.

Бейтарап мамлекеттер кыймылы, кыскача БМКга 120 өлкө мүчө жана баары бириккенде Улуттар уюмунда эң көп добушка ээ. Кыймылды СССР баштаган Варшава келишими сыяктуу блокторго туруштук берүү максатында 25 мамлекет 1961-жылы Белградда түзгөн.

Мындай чоң жыйынды өткөрүү глобалдык балакеттин бир очогу эсептелген Ирандын кадыр-баркын көтөрөрү шексиз. Иран саммитте өлкөнүн талаштуу ядролук программасына байланыштуу ири Батыш державаларынын кысымына каршы колдоо алам деген тилекте. Ирандын эксперттер ассамблеясынын мүчөсү, таанымал диниятчы Ахмад Хатами саммитти өткөрүү – ислам истеблишменти үчүн чоң жетишкендик дейт.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун жана Египет президенти Мухаммед Мурсинин жыйынга келүүсү Тегеранда чоң жеңиш деп сыпатталууда. Израил Пан Ги Мунду саммитке барбаганга чакырган эле. АКШ анын визити натуура кабыл алынат деген көз карашын айткан.

Тегерандагы саммит учурунда Египет БМКнын төрагалыгын Иранга өткөрүп берет. Андыктан президент Мурсини жыйынга чакырып, Каирге Ирандын вице-президенти өзү барды.

Жогорудагыдай сын пикирлерге жооп берген Пан Ги Мундун өкүлү Мартин Несирки башкатчы сапары ар кандайча кабыл алынарынан кабардар экенин, ошол эле учурда ал дүйнөлүк уюмдун жетекчиси катары Бейтарап өлкөлөр кыймылы менен Ирандын мамилеси үчүн жоопкерчилигин сезээрин айтты:

- Анын визити зарыл учурда болууда жана Бириккен Улуттар уюмунун алдындагы жалпы проблемаларга байланыштуу өтө маанилүү да. Бул жерде башкатчы бүтүндөй эл аралык коомчулуктун түздөн-түз Иран жетекчилери менен сүйлөшүп, Тегеран эмне каалаганын биле алат.

Мамдепартаментинин өкүлү Виктория Нуланд айымдын билдиришинче, АКШ саммитке катышкандар, анын ичинде Пан мырза дүйнө коомчулугу Тегерандын ядролук программасына байланыштуу кандай жооп күткөнүнө жана өз эл аралык милдеттенмелерин так аткаруусуна Иран жетекчилигинин көңүлүн бурат деген үмүттө.

Иран парламентинин таасирлүү мүчөсү Аладин Бурожердинин 12-августта айтышынча, саммит АКШ жана Израилдин Иранга каршы бирдиктүү дүйнөлүк фронт бар деген билдирүүлөрүн калпка чыгарат.

Алекс Ватанка Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институнун Иран боюнча серепчиси. Анын пикиринче, бейтарап мамлекеттердин саммитин өткөрүү Иран өкмөтүнө “биз элди чогулта алабыз деп айтканга” жакшы мүмкүндүк берет.

Талдоочу жыйындын ийгилигине анынын тарыхына таянып, анча ишенбейт деле:

- Бейтарап өлкөлөр кыймылы өз тарыхында бирдиктүү аракеттенген эмес. Алардын өлкөлөрдүн жамааты ирети биригип, Иранга каршы киргизилген санкцияларды бузуп саларына эч кандай мүмкүндүктөрү жок. Бул талкууланбайт да. Бул жөнүндө узактан бери эч ким да сүйлөбөйт.

Адам укугун коргоочулар Тегерандагы эл аралык саммитке келгендердин көңүлүн Ирандагы адам укугун тепсөөлөргө бурганга аракет кылып жатышат.

Ирандык блоггерлер менен оппозиционерлер болсо жыйынга саясый туткундар - оппозиция лидерлери Мехди Каруби, Мир Хусейн Мусави, Мусавинин зайыбы Захра Рахнаварды катыштырууга үндөшүүдө. Бул үчөө 2011-жылы Египет менен Тунистеги элдик чыгууларды колдогон демонстрация өткөрүүгө чакырып чыгышкандан бери үй камагында отурат.

Алар ушундай эле кайрылууну Пан Ги Мунга да жөнөтүштү.

XS
SM
MD
LG