Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Батыш: ирандыктар митингге чыгууга укуктуу


Иран -- Тунистеги жана Египеттеги элдик козголушту колдоп көчөгө чыккандар, 14-февраль.
Иран -- Тунистеги жана Египеттеги элдик козголушту колдоп көчөгө чыккандар, 14-февраль.

АКШ жана Евробиримдик Иран бийликтерин тынч митингге чыккандарга уруксат берүүгө чакырды.

Дүйшөмбү күнү Тегеранда өткөн митингде куралдуу күчтөр күч колдонуп, ондогон адамдар камакка алынган эле.

Египетке шыктануу

АКШ конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө Хиллари Клинтон Ирандагы демонстрацияга чыккандарды кубаттап, расмий Тегеран дагы Египеттен үлгү алып, саясий системасын кайра карап чыгып, ачык, демократиялык нукка бурулушу керектигин баса айтты.

- Биз ирандыктардын жалпы укуктарын колдойбуз. Алар дагы египеттиктердей укуктарынын корголушуна татыктуу жана ал укуктар алар жарык дүйнөгө келгенде берилген.

Полиция демонстранттарды газ атып кууду. Тегеран, 14-февраль.


Мамлекеттик катчы ирандык оппозиция лидерлери менен өткөн жумадагы египеттиктер көрсөткөн кайратмандыкка шыктанып, бийликке каршы чыккан тайманбас адамдарга чечкиндүүлүк да каалады.

Тегеранда оппозициянын колдоочулары Египет менен Тунистеги ыңкылапка тилектештигин билдирип көчөгө чыкканда коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. Ирандан келген маалыматка караганда, бир адам өлүп, ондогон кишилер камакка алынды.

Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон Иран бийлигин өз жарандарынын эркин пикир билдирүү жана чогулуу укугун «толук сыйлоо менен сактоого» чакырды.

Шейшембиде Ирандын Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Рамин Мехманпараст батыш өлкөлөрүнүн жогорудагыдай эскертүүсүн четка кагып, «Биз чөлкөмдөгү бардык өлкөлөрдөй эле басып алуучулук каалоосу күчөп тургандардын тилегин билебиз. Алар АКШ баш болгон сионисттик режимди колдогондор», - деди.

Тегеранда эл козголосо Батыш күнөөлүбү?

Дүйшөмбүдө Тегеранда өткөн митингге күбө болгондордун бири «Азаттык» үналгысына нааразылыкка чыккан миңдеген адамдар - «Бийлик тынч жыйындарга тыюу салган чектөөлөрдү алып салсын!», деп кыйкырышканын айтып берди. Бийликке каршы мындай митингдер Шираз жана Исфахан сыяктуу башка шаарларда өткөнү дагы кабарланды.

Тегерандагы митингге чыккандар Ирандын башкы лидери Аятолло Али Хомениге каршы чакырыктарды кыйкыра баштаганда куралдуу күчтөр аралашты. Эл эң көп топтолгон "Эркиндик" аянтында полиция асманга ок чыгарып, чогулгандарга каршы көздөн жаш агызган газды колдонду.

Полиция демонстранттарды газ атып кууду. Тегеран, 14-февраль.


Оппозиция болсо бул митинг Ирандагы 2009-жылдын декабрынан кийинки эле эң көп адам катышкан жыйын деп белгиледи.

«Фарс» жаңылыктар кызматы өлкөнүн ички иштер министринин орун басарына таянып, 1 адам өлүп, бир нече киши жарадар болгонун, анын ичинде аскер күчтөрүнүн 9 кишисине ок тийгенин маалымдады.

Иран бийлиги Тегерандагы ок атышууга террордук деп саналган «Мужахединдердин уюмун» күнөөлөп, митингдер АКШ, Британия менен Изрил тарабынан уюштурулду деп айыптады.

15-февралда Ирандын мамлекеттик жаңылыктар каналынын англис тилиндеги кызматы дүйшөмбүдө өткөн Тегерандагы демонстрация тууралуу мындай кабар таратты:

- Ирандын баш калаасы Тегеранда өкмөткө каршы топтор, анын ичинде террордук "Мужахединдердин уюму " башаламандык уюштуруп, бир киши өлдү. Ал "Басиж" кыймылынын мүчөсү экени аныкталды. Башаламандык уюштургандар карапайым күбөлөргө ок чыгарып, бир канча киши жарадар болду. Мурдагы президенттикке талапкерлер Хуссейин Мусави менен Мехди Каррубини колдогон чакан топтор шаардын ар кай бөлүктөрүндө дагы чогулду.


Тегеранда митинг болоор алдында оппозициялык лидерлер Мусави менен Каррибиге үйдөн чыкпоого эскертүү берилген. Мехди Карруби өткөн жумада үй камакка алынган.

Шейшембиде IRNA мамлекеттик агенттиги Иран паламентинин депутаттары Мусави, Карруби жана экс-президент Хатаминин камакка алуу сунушун киргизип жатканын кабарлады.

Ирандагы иш сапары маалында Түркиянын президенти Абдулла Гүл «Эгер өлкө башчылары өл элинин талаптарына көңүл бурбаса, анда адамдар өз талаптарын ишке ашыруунун аракетин өзү көрө баштайт», - деп эскертти.

Расмий Вашингтон болсо Иран бийлиги Египеттеги көтөрүлүштү башка кыязда түшүнүп, жыйындарга тыюу салып, оппозицияны үйдөн чыкпоого мажбурлоодо деп сындады.

Британ тышкы иштер министри Уиллям Хейг дүйшөмбүдөгү сөзүндө ирандыктар дагы өз өлкөсү жөнүндө ой-пикирин египеттиктердей эле билдирүүгө толук укуктуу экендигин эске салды.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG