Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

15:00 12.2.2024

Египет Израил менен тынчтык келишимин токтоторун эскертти

Эгер Израил аскерлери Египет менен чек арадагы Рафак шаарына кирчү болсо, Каир Тель-Авив менен менен тынчтык келишимин токтоторун эскертти. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Каирдин Кэмп-Дэвид келишимин токтотуу тууралуу эскертүүсү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Рафакка аскерлерин киргизүү ХАМАС (АКШ менен Евробиримдиктер тероорду деп таанылган) радикал тобуна каршы төрт айлык согуштун жыйынтыгы үчүн маанилүү экенин айткандан кийин жарыяланды.

ЦАХАлдын Газа тилкесиндеги согуштук операциясы башталгандан тартып, элдин дээрлик тең жарымы Рафакка качып келген. Палестиндиктердин көпчүлүгү ал жакта Египет менен чек арадагы чатыр лагерлеринде жана Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкалка жайларында күн кечиришүүдө.

Гуманитардык уюмдар дагы Израилдин Рафакка кирүүсү Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалды ансайын татаалдантаарын эскертишүүдө.

ХАМАСтын өкүлдөрү Рафакка чабуул АКШ, Египет жана Катар ортомчулук кылып жаткан сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарарын, согушту токтотуу жана барымтадагы израилдиктерди түрмөдө жаткан палестиндерге алмаштыруу жараяны ишке ашпай каларын билдиришти.

Израилдин өкмөт башчысы ABC News каналына курган маегинде Рафактын жайкын тургундары ХАМАСтан тазаланган түндү тарапка кетишсе болорун сунуш кылды. Телеканал Газа тилкесинин түндүк тарабы согуштан талкаланганын, айрым аймактарда дагы деле айыгышкан кармаш жүрүп жатканын белгиледи.

Israel Hayom басылмасы Тель-Авив Каир менен эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну тескөө жана Рафактагы операция тууралуу талашты чечүү үчүн туруктуу байланышта болуп жатканын жазды.

Евробиримдик менен АКШ Израилди Египет менен чек арада согуштук операциясын жүргүзбөөгө чакырууда. Брюссель менен Вашингтон согуш аймакта гуманитардык катастрофа жаратышы ыктымалдыгын айтышты.

Биньямин Нетаньяху ХАМАСка каршы согуш радикал топту толук жок кылмайынча жана барымтадагы израилдиктердин баарын кайтармайынча уланарын бир нече жолу кайталаган. Акыркы маалыматтар боюнча учурда ХАМАСтын согушкерлеринин колунда 130 израилдик кармалып турат.

Жекшембиде ХАМАСчылар израилдин чабуулунан барымтадагы эки киши мерт кетип, сегизи жаракат алганын жарыялашты.

Согушка чейин Газа тилкесинде эки миллиондон ашуун адам жашаган. Палестин тараптын маалымдашынча, Израилдин чабуулунан соң элдин 80% үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. 30 миңден ашуун адам көз жумду.

Египет менен Израилдин ортосундагы Кэмп-Дэвид келишими 1978-жылы АКШнын Мэриленд штатындагы Кэмп-Дэвид шаарында түзүлгөн. Келишимге жетишүүгө АКШнын ошол кездеги президенти Жеймс Картер ортомчулук кылган.

Келишим менен Египет менен Израилдин ортосунда 1940-жылдан берки согуштук кырдаал аяктаган. Документке ылайык, тараптардын чек аранын эки жагына аскер күчтөрүн жайгаштыруусу да жөнгө салынат.

22:21 11.2.2024

Эл аралык валюта кору (The International Monetary Fund - IMF) жекшембиде билдиргендей, Газа тилкесиндеги согуштан улам мунай жана газ өндүрүү кыскаргандыктан, Жакынкы Чыгыштагы экономиканын өнүгүү ыргагы болжолдогондон солгун экенин көрсөттү.

Эл аралык уюмдун директору Кристалина Георгиева Дубайда өтүп жаткан саммитте ошол эле маалда согуш жана геосаясий кризистерге карабай, «дүйнөлүк экономика таң калыштуудай туруктуулукту көрсөткөнүн» айтты.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал күчөсө анын дүйнөлүк экономикага тийгизген кепети олуттуу болушу мүмкүн.

"Кырдаалдын олку-солку болуп турганы мурдагы кризистерден кийин калыбына келип бараткан экономика үчүн көйгөйлөрдү тереңдетет. Жаңжалдын андан ары жайылышы экономикалык жоготууларды көбөйтөт», - деди Георгиева.

Эл аралык уюм Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы экономиканын өнүгүү божомолун 3,4 пайыздан 2,9 пайызга азайтты. Уюм чөлкөмдө тобокелдик көптүгүнөн улам анын өнүгүү перспективасы бүдөмүк экенин белгилейт. Мындай тобокелдиктерге Газа секторундагы жаңжалдын жайылып кетүү коркунучу, Кызыл деңиздеги жүк ташыган кемелерге жасалган чабуулдардан улам соода-сатык жолдорунун үзгүлтүккө учурап жатканы белгиленет.

Эл аралык валюта кору өткөн айда АКШнын, Кытайдын экономикалык божомолдорун жакшыртып, инфляциянын күтүлгөндөн тез азайганын белгилеген.

22:21 11.2.2024

Газа тилкесиндеги Рафах шаарына Израил армиясынын (ЦАХАЛ) ишембинин таңында урган соккуларынан кеминде 44 палестиндин, анын ичинде ондогон баланын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери кабарлады.

Израилдин коңшулары жана Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу болуп жаткан өлкөлөр эгер Израил армиясы Рафахта операция башталса анын кесепети оор болорун эскерткен. ЦАХАЛ анклавдын түштүгүндөгү Египет менен чектешкен бул шаарда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдиктер тероорду деп таанылган) радикал тобунун таяныч борборлору жайгашкан деп санайт.

Ага чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскердик операцияны баштоодон мурун шаардан жүз миңдеген тургундарды эвакуациялоону пландоону армияга тапшырганан билдирген.

Нетаньяху аскердик операциянын мөөнөтүн так айткан эмес жанан анын мындай билдирүүсүнөн кийин эл дүрбөлөңгө түшкөн.

Төрт айдан ашуун блокадада калган Газанын 2.3 миллион калкынынын жарымынан көбү Рафахтын аймагында баш калкалап турат. Алардын басымдуусу ЦАХАЛдын эвакуация тууралуу буйругунан кийин үй-жайын таштап качып келгендер. Эми бул качкындар кайда барып түнөк табары белгисиз.

16:55 9.2.2024

Жакынкы Чыгыштагы төрт өлкөнүн башкы дипломаттары палестин мамлекетин таанууга багытталган айныксыз кадамдар жасалышы керек деген чакырыгын дагы бир ирет кайталашты. Бул тууралуу Газадагы согуш боюнча Сауд Арабиясы уюштурган сүйлөшүүлөрдө сөз болгонун 9-февралда арабиялык мамлекеттик Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) белгилешти.

Жолугушуу 8-февралда өткөнү, ага Египеттин, Катардын, Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) жана Иорданиянын башкы дипломаттары жана палестиналык жогорку кызматкер катышканы кабарланды.

Бул күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Жакынкы Чыгышка Газада абал курчугандан берки бешинчи иш сапары жыйынтыкталды.

Газа секторунда абал былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу (АКШда жан Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Израилге кол салганда курчуган, себеби израил армиясы жооп катары атайын операция баштап, азыркы учурда Газанын бир катар ири аймактарын көзөмөлдөп турат. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси сектордун 27 миңдей жай тургуну жөөт армиясынын чабуулдарынан каза болгонун, миллиондогон киши качкындар лагерлеринде баш калкалап турганын айтууда.

Израил кол салуу болгон 7-октябрда 1200дөй кишисинин өмүрү кыйылганын, жүздөгөн кишисин террорчулар Газага алып кетип, барымтада кармап турушканын билдирген. Кийин алардын айрымдары бошотулган. Азыркы тапта жүздөн ашуун киши барымтада турат.

Өткөн айдын соңунда Франциянын борбору Парижде АКШ, Катар, Египет жана Израил өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анда Газадагы атышууну токтотуу жолдору талкууланган.

7-февралда ХАМАС ар бири 45 күндүк үч этаптан турган, жалпысынан 4,5 айды камтуучу тынчтык планын ортомчуларга берген.

8-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ал планды четке кагып, Израил жеңишке жакындап калганын айткан.

18-январда Израил келечекте Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жана Газа тилкесиндеги коопсуздукту өзү гана көзөмөлдөй турганын жана АКШнын чакырыктарына карабастан Палестин автономиясынын башкаруусуна макул болбой турганын билдирген. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Газанын «Израил мамлекетин жок кылууга үндөбөгөн, Израилге террористтерди жөнөтпөгөн» жарандык бийлигин тааный турганын кошумчалаган.

Израилдин башкы союздаштарынын бири АКШ палестиндердин өз мамлекети түзүлмөйүнчө бул аймакта тынчтык орнобой турганын белгилеп келет.

Палестиндердин өз мамлекети болмоюнча аймакта туруктуу коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн эмес экенин 9-10-январь күндөрү Түркия, Грекия, Иордания, Катар, БАЭ жана Сауд Арабиясы өлкөлөрүн кыдырып, Израилдин жана Палестин автономиясынын жетекчилиги менен жолуккан Блинкен да айткан.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG