Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Жалал-Абад: жер мыйзамсыз бөлүнгөнбү?


Жалал-Абад шаарындагы жер маселеси Жогорку Кеңештин сессиясында да көтөрүлдү. 
Жалал-Абад шаарындагы жер маселеси Жогорку Кеңештин сессиясында да көтөрүлдү. 

Облустук прокуратура үй салуу үчүн бөлүнгөн бир гектар жер боюнча кылмыш ишин козгоду.

Аталган жер маселеси Жогорку Кеңештин сессиясында да көтөрүлдү.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы шаар бийликтерине каршы кылмыш ишин өткөн жумада Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде козгогон. Мекеменин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ага прокурору Азамат Жунусовдун ырасташынча, мамлекеттик менчиктеги бир гектар жерди шаар бийлиги мыйзамсыз өздөштүргөнү аныкталган.

- ИИМдин 5-башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн атайын иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шаардык мэриясына, шаардык кеңешке, архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу бөлүмү менен Жаза аткаруу кызматына карата кылмыш иши ушул жылдын 5-февралында ачылды. Анткени бир гектар мамлекеттик менчиктеги жерди жогорудагы кызматтар документ кагаздарын даярдап, жарандарга пайдаланууга бөлүп жиберишкен. Жер кодексине ылайык, бул жерди жергиликтүү бийликтин жана башка мекемелердин бөлүштүрүүгө эч кандай укугу болгон эмес. Ошол себептүү аныкталган материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек көчөсүнүн 127-кварталында жайгашкан бул жер 1970-жылы ошол кездеги шаардык кеңештин токтому менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №10 мекемесине административдик пайдалануу үчүн берилген. Бирок Жаза аткаруу кызматы 2013-жылдын 16-сентябрында жогорудагы жерди калктуу конуш категориясына өзгөртүп, өздөрүнүн кызматкерлери үчүн жеке турак жай курууга бөлүп берүүнү суранган. Бул суранычты 2014-жылы шаардык кеңеш токтому менен орундатып, шаар бийлиги өткөн жылы №10 колониянын кызматкерлерине бөлүп берген. Шаар мэри Салайдин Авазов бул жерде эч кандай мыйзам бузуу фактысы орун албаганын айтат.

- Бул жер башынан баштап эле муниципалдык жер катары белгилүү. Кийин ЖАМК тарабынан бизге кат жолдонуп, турак жай курууга уруксат бергиле деп суранганда да бул жагдайды тактап көрдүк. Шаар куруу иштери жана жер комиссиясы бул багытта иштеп, жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн бизге таандык деген кагазды алып келишти. Шаардык кенештин 2015-жылдын 4-декабрында да макулдугун берген токтому бар. Ошонун негизинде гана биз жер тилкесин бөлүштүрүп бергенбиз. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуучулук жагдайы жок деп айтсам болот. Балким прокуратуранын тергөөчүлөрү бул жагдайды байкабай калгандыр.

Жалал-Абад шаарынын мэринин атайын буйругу менен өткөн жылдын июль айында калаа аймагында муниципалдык жерлерди сатууга 2016-жылдын соңуна чейин мораторий жарыяланган.

Айрым бир маалыматтарга караганда, жогоруда бөлүштүрүлгөн жер тилкелери жең ичинен бааланып сатылган. Ошондуктан шаардын мурдагы мэри, КСДП фракциясынан шаардык кеңештин депутаты Тилек Акамбаев бул багытта шаар башчысын күнөөлөп, жер бөлүштүрүүдөгү кезекке туруу тизмеси бузулганын шаардык кеңештин жыйыны учурунда билдирди.

- Биз 31 депутат аткаруу бийлигинен сураганга милдетүүбүз. Курманбек көчөсүндөгү 127-кварталдагы ЖАМКга тиешелүү бир гектар жер деп турат буйрукта. Ошол мекеменин кызматкерлерине бөлүнүп берилсин деп чыгарыптыр. Учурда шаарда алты миң адам жер тилкесин алууга кезекте турат. Алардын катарында бюджеттегилер, мугалимдер ж.б. социалдык тармакта иштеген кызматкерлер турат. Эмне себептеп ирети менен ошолорго бербестен биринчи кезекте бир гектар жерди аларга берип койдуңар. Бул туура эмес, жооп беришиңер керек.

Шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурдин Мисиралиев коюлган дооматтарды четке какты.

- ЖАМКтын атайын суранычы бар, бир эмес эки жолу бизге кат жолдогон. Алар 20 жылдан бери өз кызматкерлерибизди турак жай менен камсыздай албай келатабыз. Ошол биз иштетип келе жаткан жер аянтын жер тилкеси катары бөлүп бергиле деген. Шаар бийлиги баарын карап чыгып, мыйзамдык негизде гана бөлүп берген.

Облустук прокуратура жерди мыйзамсыз пайдалануудан мамлекетке 6,1 млн сомдук зыян келтирилген деп эсептеп чыккан. Бул факт тергелип, бирок, конкреттүү адамдарга айыптар тагыла электигин билдиришти.

Ал арада Жогорку Кеңештин “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Тазабек Акрамов бул маселени парламент сессиясында да көтөрүп, ал үчүн шаардын биринчи-вице-мэри Таирбек Чойбековду айыптап, бул ишти өз көзөмөлүнө алууну башкы прокуратурадан суранды.

Ал эми вице-мэр Таирбек Чойбеков депутаттын бул аракетин этикага жат көрүнүш катары баалап, соттун чечимисиз эле айткан бул сөзүн маданиятсыздык деп атады.

Жалал-Абад шаардык кеңеши аталган маселеге карата көз карашын билдире элек.

XS
SM
MD
LG