Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Асел: Атам самурай уулум болот деди


Асел Дүйшөнова.
Асел Дүйшөнова.

«Журтташтар” рубрикасынын бул жолку каарманы - Жапонияда жашаган Асел Дүйшөнова. Жапон жигит менен баш кошкон Асел ушул тапта Нагасаки шаарында турат. Каарманыбыз 18 жашынан тарта ыктыярчы болуп бир катар өлкөлөрдө иштеген.

Күн чыгыш өлкөсүндөгү жашоо, дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө өтөгөн ыктыярчылыктын сыры тууралуу Асел “Азаттыкка” кеңири баян куруп берди.

"Азаттык": Асел, мына Жапонияда жашаганыңызга жарым жылдан ашып калыптыр. Жаңы жерге тез эле көндүңүзбү? Кайын-журтуңуз кандай кабыл алышты?

Асел Дүйшөнова: Ушул күнгө чейин көнүп атам десем болот. Тилди түшүнүп, өзүм да анча-мынча сүйлөп калдым. Азыр баары жакшы, жашоом өзүмө жагат. Кайындарыма мен тууралуу жолдошум Теру кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезде айткан экен. Кайненем алгач таң калып «Кыргызстандан? Аны менен кантип тааныштың?”- деген сыяктуу суроолорду узатып, андан соң менин сүрөтүмдү көрсөт дептир. Сүрөтүмдү көргөндө ага жагыптырмын. Кийин жолукканыбызда мени аябай жакшы кабыл алышты. Мен кайын-журтума ыраазымын. Алар башка шаарда турушат, ошол себептен көп деле көрүшпөйбүз. Бирок кайненем такай жер-жемиш, белек-бечкегин жиберип, менин ал-акыбалымды, ден соолугумду сурап турат. Салт-санаалары тууралуу айтсам, мен алар менен жолукканда жүгүнбөй, тескерисинче кучактап өптүм. Бул алар үчүн аябай күтүүсүз болду окшойт, анткени жапондор өз сезимдерин ачык билдире беришпейт. Мен болсо кыргызмын да, ачыкмын. Кайненем телефон чалганда мен аны жакшы көрөрүмдү айтсам, ал башында эмне деп жооп беришти билбей, чочуганынан “рахмат” деп эле койчу. Эми көнүп калды. Азыр “мен дагы сени жакшы көрөм” деп айтат. Кайнене-кайнатам экөө тең эле жаш, заманбап адамдар. Мен алар менен англисче сүйлөшөм.

Жапондор аябай чынчыл, так келишет. Алар эч качан калп айтышпайт. Бул жакта орой жооп бергенге болбойт, дайыма сылык сүйлөшөт.
Асел Дүйшөнова.

"Азаттык": Жолдошуңуз Теру менен кайдан тааныштыңыз эле? Ага турмушка чыгам дегенде сиздин ата-энеңиз кандай кабыл алды?

Асел Дүйшөнова: Биз экөөбүз Лондондо таанышканбыз. Бир ирет мени курбум жапондордун кечесине ээрчитип барды. Мен дароо эле Теруну байкадым, ал бою узун, келбеттүү болуп башкалардан айырмаланып турду. Ал мага биринчи басып келип эле, жапон деп ойлоду окшойт, өз тилинде сүйлөй баштады. Мен жапон эмес, кыргызмын десем, ал өтө деле таң калган жок. Биздин өлкө тууралуу жакшы билет экен. Биз ошентип таанышып, сүйлөшүп, кыз-жигит болуп калдык. Кийин мен Кыргызстанга кайтканда, ал артыман келип колумду сурады. Ата-энеме айтканда, апам бул чечимди анча жактырган жок. Ал менин кыргыз жигит менен эле үй-бүлө курушумду каалаган. Атам болсо “Билимдүүбү? Боорукерби?” деп сурады. Мен Теру тууралуу көп нерсе айтып берген соң, "самурай уулубуз болот экен" деп экөө тең макул болуп, батасын беришти. Азыр болсо күйөө баласын жакшы көрүшөт, чалган сайын сурап турушат.

Жолдошум Теру экөөбүз Лондондо таанышканбыз.
Жолдошум Теру экөөбүз Лондондо таанышканбыз.

"Азаттык": Үйлөнүү үлпөтүңөр да башкалардан айырмаланып, оригиналдуу өткөн экен. Бул кимдин идеясы болду? Кыргыздар шаан-шөкөттү жакшы көрүшөт эмеспи, туугандар каршы чыккан жокпу?

Асел Дүйшөнова: Биз үйлөнүү тоюбузду Чоң Кеминде “Ашуу” конок үйүндө өткөрдүк. Ал жактын табияты абдан кооз эмеспи. Коноктордун көбү чет өлкөдөн келгендигине байланыштуу мен алардын тойго конок болуп, анан биздин табиятты да көрүп кетишин кааладым. Албетте, менин туугандарым түшүнгөн жок. Мен түшүндүрүп, анан чакан чөйрөдө той өткөрүүнү чечкем. Тизме боюнча 120дай эле кишини чакырганбыз. Бирок андан көбүрөөк болду, бизде чакырылбаган да туугандарын ээрчитип алышат эмеспи. Биздин менталитетке каршы туруу чынында кыйын. Тоюбуз үйдөгүдөй көңүлдүү өттү. Баарын колубуз менен жасалгаладык. Тамак-ашты эжелерим, жеңелерим даярдашты. Досторум аябай көп болду.

Тоюбузга чет өлкөдөн көп досторубуз келишти.
Тоюбузга чет өлкөдөн көп досторубуз келишти.

"Азаттык": Сиз турмушка чыкканга чейин АКШ, Британия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жашап, кайрымдуулук менен алектенген уюмдарда ыктыярчы болуп иштеген экенсиз. Биздин угармандарга ыктыярчылыкка кандайча кызыгып, аны аркалаганыңыз тууралуу айтып бериңизчи.

Асел Дүйшөнова: Биринчи жолу чет өлкөгө мен 18 жашымда чыккам, ал кезде колледжде окучу элем. Мен алгач ирет ошондо Азербайжанга атайын программанын алкагында ыктыярчы болуп баргам. Ал кезде Тоолуу Карабакта жаңжалдар күчөп турган эле. Казакстандык бир кыз экөөбүз бир айылга бардык, биз кичинекей балдарга англис тилин үйрөтүп, жакыр үй-бүлөлөргө ар кандай жардам берчүбүз.

Эмнеге ыктыярчы болуп жүргөндү жакшы көрөрүмдү түшүндүрүү кыйын. Мага адамдарга жардам берген, өз эмгегимдин натыйжасын көрүп, алардын жүзүнөн кубаныч көргөндү жактырам. Ыктыярчылыктан рахат алам.
Асел Дүйшөнова.

Кийин Кыргызстанда университетте окуп жүргөндө деле ыктыярчылык ишти уланттым. Бейөкмөт уюмдардын ар кандай долбоорлоруна катышып, жардам берип жүрдүм. Балдар үйлөрүнө барып, ал жактагы наристелерди ойнотуп, пианинодо ойноп берчүмүн. Досторуман акча чогултуп, аларга таттууларды алып барып берчүмүн. Кийин АКШга көптөргө белгилүү Work and travel программасы менен кеттим. Ал жакта стоматологиялык клиникада дарыгерге жардамчы болуп иштедим. Кийин мекениме кайтып келип, кайра Британияга кеттим. Ал жакта да бейөкмөт уюмда ыктыярчы болуп, негизинен кароосуз калган көчө балдары менен иштеп жүрдүм. Лондондо качкындардын балдары көп, биз аларды ар кайсы жерден таап, кеңсебизге алып келип, тамак берип, ар кыл темаларда сүйлөшчүбүз. Аларды жакшы жолго салып, жаркын келечекке ишендирүүнүн айласын издечүбүз. Кийин мектепте мигранттардын балдарына жана англичандардын балдарына англис тилинен сабак бердим. Албетте, бул кызыктай угулушу мүмкүн, бирок мен англичандардын балдарына англис тилин үйрөттүм.

"Азаттык": Ыктыярчылыкка кызыгууга эмне түрткү берди эле?

Асел Дүйшөнова: Эмнеге ыктыярчы болуп жүргөндү жакшы көрөрүмдү түшүндүрүү кыйын. Мага адамдарга жардам берген, өз эмгегимдин натыйжасын көрүп, алардын жүзүнөн кубаныч көргөндү жактырам. Ыктыярчылыктан рахат алам, элдерди улутка бөлбөйм. Мен үчүн адамдардын баары бирдей. Мен кайда болсом да, адамдарга, коомго пайда тийгизгим келет.

"Азаттык": Азыр Жапонияда эмне менен алектенесиз? Ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

Асел Дүйшөнова: Ишенесизби, бул жакта да ыктыярчымын. Жапонияда тилди билбегендиктен бир аз кыйынчылык бар. Мен бул жактан таптакыр башка дүйнөгө түшүп калгандай болдум. Буга чейин болгон өлкөлөрдө англис, орус, анча-мынча түркчө сүйлөчү элем да. Ошентсе да бул жактан тааныштар аркылуу иш таптым. Азыр үй-жайсыз адамдарга ысык тамак таратам. Ооба, Жапонияда да селсаяктар бар. Кыргызстандагы үй жайсыздарга караганда жапониялыктар таза жүрүшөт жана иштешет. Болгону метролордо, жер төлөлөрдө түнөшөт. Мен бир жумада бир жолу кеңсеге барып, тамак жасап, ысык бойдон таратам. Калган күндөрү бала бакчада жапон балдарына англис тилин үйрөтөм.

Ыктыярчылыктан рахат алам.
Ыктыярчылыктан рахат алам.

"Азаттык": Сизди Жапонияда таң калтырган нерсе эмне болду?

Асел Дүйшөнова: Жапондор аябай чынчыл, так келишет. Алар эч качан калп айтышпайт. Бул жакта орой жооп бергенге болбойт, дайыма сылык сүйлөшөт. Таң калтырганы көчөлөрдө таштанды салган челектер жок. Анткени таштандынын баарын жапондор үйлөрүнө көтөрө кетишет. Маселен, мен дайыма жанымда кичине баштык алып жүрөм, көчөдөн балмуздак жесем, анын кабыгын баштыкка салып, үйгө алып келип ыргытам. Жапондор аябай эмгекчил, жандары тынбайт, чынында эле роботтой иштешет. Эми терс жактары деле болсо керек, мен ал нерселерди өтө байкай элекмин.

"Азаттык": Алдыда кандай пландарыңар бар?

Асел Дүйшөнова: Биз Кыргызстанга кайтууну пландоодобуз. Теру өз келечегин Жапонияда көрбөйт, меники деле ошондой. Биз азыр убактылуу эле бул жакта жашап жатабыз, мен жапон маданияты менен таанышып, элине көнүп, тил үйрөнүп алгыча эле турабыз деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG