Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:49

Жеңижоктой күпүлдөсө, депутаттын жүрөгү дүкүлдөп...


Эрдиги да, эси да жок, ордени бар эргул. 05.7.2011.
Эрдиги да, эси да жок, ордени бар эргул. 05.7.2011.

Айтылуу Жеңижоктун (Өтө Көкө уулунун) төккөнүн туурап, азыркы саясий турмушка аралаштырып, ырына жаңы түс берген шайырлар да жок эмес. Ошондой бир жамакчы аты белгисиз депутат саясатчыга арнап “төгүптүр”. Ким тууралуу сөз жүрүп жатканын Жеңижоктун тапан “котормочусу” өзү дурус билсе керек.

* * * * * * *

Ак сайдан аккан дарыя,

Арманым айтам жарыя.

Көк сайдан аккан дарыя,

Күйүтүм айтам жарыя.

Аргымак оозун бурайын,

Ай айланып жыл келет,

Айтпай бир кантип турайын.

Күлүктүн оозун бурайын,

Күн айланып ай келет,

Күйбөй бир кантип турайын.

Күмүшүн ырдын терейин,

Күйүтүм айтып берейин.

Алтынын ырдын терейин,

Арманым төгүп берейин.

Сарыны кийдим тонунан,

Саргардым бийлик жогунан.

Караны кийдим тонунан.

Кайгырдым бийлик жогунан.

Кымыздык өскөн кең колот,

Кыйырына барып эл конот.

Кымбатым элим келипсиң,

Кыйытып айтсам не болот?

Балтыркан өскөн кең колот,

Башына барып эл конот.

Башымда турган арманды,

Байкатпай айтсам не болот?

Баш мыйзамды оңдодум,

Баары бир Ажо болбодум.

Канституцияны оңдодум,

Баары бир башчы болбодум.

Алтынды жезге өткөрбөйт,

Айтпасам дартым бөксөрбөйт.

Күмүштү жезге өткөрбөйт,

Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт.

Алтындын жайы гүл бакта,

Айланайын мекендеш,

Арманым айтам бул тапта.

Күмүштүн жайы гүл бакта,

Кагылайын кыргызым,

Күйгөнүм айтам бул тапта.

Аял да болсоң сен турдуң,

Алтын башым бар деп сен,

Бака башка тең турдуң.

Колумда турган бийликти,

Кенебей коюп уттурдум.

Килемиң согуп түр кылдың,

Каңырыш угуп көп сөздү,

Көк үйдүн ичин “гүл” кылдың.

Кажары согуп түр кылдың,

Айың сөзгө ишенип,

Ак үйдүн ичин “гүл” кылдың.

Сап-саптап каттап күнүгө,

Сарамжал кирди үйүңө.

Беш-бештен каттап күнүгө,

Береке кирди үйүңө.

Керегеңди кынадың,

Кериле басып жыргадың.

Ууктарын кынадың,

Убайым тартпай жыргадың.

Эскини эстен чыгарып,

Жаңыртып баарын сырдаттың.

Жалтанбай коюп кызматка,

Жакындарың жыргаттың.

Келгин куштан үлгү алдың,

Каганатка үн салдың.

Учаар куштан үлгү алдың,

Улустарга үн салдың.

Шакегиңдин жүлгүсү,

Шаңкайга кетти үлгүсү.

Оймогуңдун жүлгүсү,

Оруска кетти үлгүсү,

Казы элечек кара көз,

Капталдан чыккан бала көз.

Торко элечек торгой көз,

Туурадан чыккан бото көз.

Оймогуңа гүл тактың,

Отунбайдын кызы сен,

Он эркектен сен таксың.

Шакегиңе гүл тактың,

Шанаңдаган Роза айым,

Сан эркектен сен таксың.

Байкатпастан көсөмдүк,

Кылып кеттиң арман күн.

Бышкан этке бөкөөлдүк,

Кылып кеттиң кайран күн.

Добуштардын жарымын,

Жулуп кеттиң арман күн.

Кан күйүп жатса тайманбай,

Туруп кеттиң арман күн.

Чуу чыгарбай акырын,

Жылып кеттиң арман күн.

Кылычташпай эл менен,

Сылык кеттиң арман күн.

Алты эшекке жүк болгон,

Амалың сенин курусун,

Айла кетип, баш чайкап,

Арманым айтып турумун.

Адырга чыккан куу казык,

Аркардын эти жол азык.

Алмазбектен кем кылдың,

Алла-таалам менде не жазык?

Чытырманда куу казык,

Чебичтин эти жол азык,

Чыныбайдан кем кылдың,

Чын Эгем, менде не жазык?

Суусамырда куу казык.

Сононун эти жол азык,

Сооронбайдан кем кылдың,

Соболум - менде не жазык?

“Мерседес” рулун кармасаң,

Май-май эмей эмине.

Алдыңда бийлик болбосо,

Арман эмей эмине.

“Тойота” рулун кармасаң,

Таалай эмей эмине.

Колуңда бийлик болбосо,

Арман эмей эмине?!

Башкарсам элди башында,

Бак-дөөлөт болмок башымда.

Cурасам элди башында,

Санаам жок болмок башымда.

Каардансам элдин кашында,

Кайгым жок болмок башымда.

Аттиң бир гана дүнүйө арман күн!!!

Сүт куйган чарам толгон жок,

Сүйөнөөр бийлик болгон жок.

Аш куйган чарам толгон жок,

Айбаттуу бийлик болгон жок.

Алтындан кемер байланып,

Айчылык келсем айланып,

Айчылык жолдон келгенде,

“Атчёт” берген “бийлик” жок,

Артымдан ээрчип шайланып.

Күмүштөн кемер байланып,

Күнчүлүк келсем айланып,

Күнчүлүк жолдон келгенде,

Кошомат айткан “бийлик” жок,

Кезек күтүп жарданып.

Ак шумкар учат кыр менен,

Ак сарай бүтөт сыр менен.

Амалдуу бийлик колдо жок,

Армандуу болдум муң менен.

Көк шумкар учат кыр менен,

Көк сарай бүтөт сыр менен.

Каардуу бийлик колдо жок,

Күйүттүү болдум муң менен.

Ай төбөдөн жаңырат,

Арманым качан арылат,

Күн төбөдөн жаңырат,

Күйүтүм качан арылат?

Күн төбөдө түш болду,

Күйүтүм жаман күч болду,

Ай төбөдө түш болду,

Арманым жаман күч болду.

Маңдайга бүткөн тагдырбы,

Болом деп Ажо жазганбай,

Салижан ака айткандай,

Болуп мен “түбөлүк кандидат”,

ЖоКеде жүрөм майпаңдай.

Аралга бүткөн тал белем,

Арманга бүткөн жан белем.

Капталга бүткөн тал белем,

Кайгыга бүткөн жан белем.

Кара-Шоро, Чатыр-Көл,

Көркөмү кооз укмуш жай,

Келалбай калдым элетке,

Кеп-сөзүм элдер угушпай...

Баштагыдай бапырап,

Кел-кел деп сыйлап турушпай.

Көксөгөн бийлик колдо жок,

Күйүтүм айтсам көп жомок.

Кейиште жүрөм ушундай.

Эгерде бийлик болгондо,

Ак үйдө, темир коргондо,

Чычканга кебек алдырбай,

Жатмакмын жыргап кайгырбай,

Өкмөттү бүт чогултуп,

Ичкенин ириң кылмакмын!

Айланасын Ажонун,

Жегенин желим кылмакмын.

Бет пардасын ЖоКенин,

Эбак сыйрып тытмакмын.

Бизнесменди бир паста,

Безине сайып жыкмакмын.

Байбатчаны байлатып,

“Подвалдарга” тыкмакмын.

Чекесине демократтын,

Чыйкан болуп чыкмакмын.

Акайып-Бакайып баарынын

Алкыштарын укмакмын.

Каршы чыккан элдердин,

Өрттөтмөкмүн үйлөрүн.

Айбат кылып башкага,

Көрсөтмөкмүн күйгөнүн.

Өз бир тууган инимди,

Көшөкөр болгон бириңди,

“Кумтөргө” түз жетелеп,

Кароол кылып коймокмун.

Интернет билген бириңди

“Желеден” берип колуңа,

Жасоол кылып коймокмун.

Аффинажга чоң болуп,

Агаларым отурмак.

Бажы кызмат башына,

Бажаларым отурмак.

Алыс кетпей салыкты,

Тагаларым чогултмак.

Чек араны чектешип,

Жээндерим кайтармак.

Иштеп бермек дос-курбум,

Мамкаттоону майкандап.

“Атдел кадр” милдетин,

Асылыма бермекмин.

Акаарат айткан пенденин,

Алтынын колдон термекмин.

Айчылык жолго куудуруп,

Азабын катуу бермекмин.

Митингге чыккан оппоздун,

Мыдырын койбой термекмин.

Сары изине чөп салып,

Сазайын колго бермекмин.

Күбүрөгөн кишинин,

Күмүшүн колдон термекмин.

Күнчүлүк жолго айдатып,

Катыгын колго бермекмин.

Маданият тармагын,

Көзөмөлгө алмакмын,

Маза кылып өзүмдү,

Маштап тасма тартмакмын,

Мамилелеш төкмөгө,

Мактатып бир жатмакмын.

Мана бунун бири жок,

Мына турган ушу - мен

Маңыроо бир акмакмын.

* * * * * *

(Ар кыл интернет булактарынан)

XS
SM
MD
LG