Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:22

Казакстанда чочко тумоосуна 13 адам чалдыкты


Казакстандагы окуядан кийин Орусияда балдарды англис-тилин үйрөнүү үчүн Британияга жибербеш керек деп жатышат
Казакстандагы окуядан кийин Орусияда балдарды англис-тилин үйрөнүү үчүн Британияга жибербеш керек деп жатышат

Борбор Азияда биринчи жолу бул ылаңдын вирусу өткөн аптада Казакстанда табылды. Казак бийликтери элди сак болууга чакырууда.

Дүйнө куш тумоосун эстен чыгара электе азыр массалык түрдө жайыла баштаган чочко тумоосу эми Казакстанда катталганы жергиликтүү элди катуу чочутту көрүнөт. Астанада Британиядан келген үч окуучу ал илдетке чалдыгыптыр деген кабар таркашы менен, аптекаларда бетти чүмбөттөгүч чүпүрөк-маска менен тумоого каршы дарылар кымбаттап кетти.

Астаналык Айгерим Султанова “Азаттыкка”: “Айрым аптекаларда буга чейин 15-25 тенге турган бетти чүмбөттөгүч маска азыр 300 тенгеге чыгып кетти. Ал эми тумоодон коргонуу үчүн мурундун астына сүйкөгүч “оксолин-майы” буга чейин аптекаларда толуп турчу. Азыр көпчүлүк жерден аны таппайсың, болсо да – кымбат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул товарларга бааны атайылап көтөрүп салгандарга каршы чара колдонулаарын, лицензиясын алып кое турганын билдириптир. Бирок, адатта, бу министрлик эскертүүлөрдү жасай берет, бирок андан майнап чыкпайт го...”, - деди.

Айгеримдин айткандары казакстандыктар чочко тумоосу казак жерине жеткенин билишкенден кийин болуп жатат. Өткөн аптанын бейшембисинде эле Британиядан Астанага келген үч казак окуучусунан бул тумоонун вирусу аныкталган. Кийинчерээк дагы үч окуучуда H1N1 вирусу, же чочко тумоосунун вирусу, табылганы ырасталды. Алар да Британияда окуп, Астанага 19-июлда келишкен экен. 27-июлда болсо Германиядан келген дагы бир адам тумоолоп калды.

Алар мекенине келгенден бери дагы кимдер менен байланышта болушканы азыр иликтенип жатат. Бирок тумоо дагы канча адамга таркалганын билүү барган сайын кыйындаша бере турганы айтылууда. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри жалпы журтту азыр өтө этият болууга чакырып, чочко тумоосу таркалып кетпеши үчүн анын алдын алуу зарыл экенин айтты.

“Буга көңүл кош мамиле кылганга болбойт, - деди Саламаттыкты сактоо министри Жакшылык Доскалиев. - Анткени бул - өтө коркунучтуу инфекция. Эгер адамга жукса, анын өлүмүнө чейин алып келиши мүмкүн. Тумоонун алгачкы белгилери болуп, температура көтөрүлсө (өзгөчө, чет-өлкөдөн келгендер көңүл бурушу керек), биринчи эле кезекте “Тез жардам” кызматын чакырыңыздар же жергиликтүү ооруканага барыңыздар”.

Казакстанда чочко тумоосунун вирусун эми эле Британияда окуп келген балдардан табышты. Британия - чочко тумоосунан эң көп залака таркан мамлекет. Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм азыр бул вирус дүйнөнүн 160 мамлекетине таркалганын, 800дөн ашуун адам андан көз жумганын өткөн аптанын этегинде айтып чыкты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG