Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:41

Назарбаевдин унаасы Назарбаев көчөсүнө өтүп, тыгын жаратканда…


Куйругуңа баракелде, чоң жолдун Чокчолой баатыры! Кимбайке. 23.07.2011.
Куйругуңа баракелде, чоң жолдун Чокчолой баатыры! Кимбайке. 23.07.2011.

"Күлкү кербенинде" - казактардын жер-суу аттарына байланыштуу жаңы саясий азилдеринен бир шиңгил.

* * * * * * *

Жаңы көчө аттары…

Айрым-бир шаарга Казакстандын көзү тирүү президентинин ысымы берилгенде, казак куудулдары дароо азил чыгарышты:

- Карагым, шаардагы төлөнчө соода үйүнө кантип жетем?

- Апе-ей, Сиз адашып калган турбайсызбы? Сырт жактан келгенсиз го? Эмесе, такси кармаңыз да, оболу Нурсултан Назарбаев көчөсүнө өтүңүз, андан солго - Бакытжан Сагынтаев көчөсүнө бурулуңуз, андан ары Кайрат Абдразакулы Мами көчөсү менен жолуңузду улаңыз. Андан соң Касым-Жомарт Токаев көчөсүнө өтүп, орто жолдон Нурлан Зайруллаевич Нигматулин көчөсүнө оң жакка өтүп кетиңиз. Мен болсо Динмухамед Кунаев көчөсүндө кала берем.

(Айрым окурмандарга кыска түшүндүрмө:

Нурсултан Назарбаев – элбашы.

Бакытжан Сагынтаев – өкмөт башчы.

Кайрат Абдразакулы Мами – Жогорку соттун төрагасы.

Касым-Жомарт Токаев – Сенаттын төрагасы.

Нурлан Зайруллаевич Нигматулин – Мажилис төрагасы.

Динмухамед Кунаев – маркум; “элбашы” наамын албай туруп элбашы болгон дешет).

* * * * * * *

Көп балалуу ата жөнүндө жомок

Илгери-илгери бир кишинин көп баласы болуптур. Уулдары да, кыздары да бар экен.

Алардын улуусу – Алматы экен. Оболу алма багын өстүрүп, кийин анын ордуна ишканаларды, эми болсо дүкөндөрдү куруп калыптыр. Дагы бир уулу – Шымкен (Чимкент) экен. Соодага бүйрө жан экен, эч кимден акча сурабай эле оокатын кылып, коңшу өлкөгө алып сатарлык менен жер кезип турат дейт. Дагы бир уулу – Караганды, дайыма көмүр жыттанып турат дешет. Актоо деген кызы мунай менен газга, анан деңиз портуна чиренип, тим эле агасы Алматыга карабай койкоктоп калганын айтышат. Дагы бири – Семей экен. Ал жаш кезинде радиациялык нурданууга кабылып, азыркыга чейин жөткүрүп жүрөт дейт. Дагы бири – Байкоңур деген кызы экен. Анын жолу болуп, түндүктөгү бай коңшусуна турмушка чыгыптыр, бирок Плисецк деген дагы бир күнүлөшү пайда болуп, эми кабагы суз жүрөт дешет. Ал эми балдарынын кенжеси жана эркеси – Астана деген уулу экен. Атасы аны аябай чалчактатып, эмне акча болсо эле ошонукуна ташынып жатат дешет…

Эми уктай кой, жомоктун калганын эртең улантайын. Алдей, алдей!..

(Айрым окурмандарга кыска түшүндүрмө:

Жомокто сөзгө алынган аталыштарды фолклор иликтеген адистер казакча киши аттарынын арасынан али бүгүнкүнө чейин таба албай келишет).

* * * * * * *

Көчөдөгү тыгын

- Бүгүн эмне эле унаалар мурда болбогондой чоң тыгын түзүп калган?

- А-а, уга элек турбайсызбы! Элбашы Нурсултан Назарбаевдин унаасы коштоочулары менен кошо жаңы эле Нурсултан Назарбаев көчөсүнө өтүп кетти. Ошого байланыштуу жолду убактылуу жаап коюшту. Эми алар кайра Нурсултан Назарбаев атындагы аба майданына кайтып кетмейинче тыгын боло берет ко…

(Жыйнап, которгон - TT).

XS
SM
MD
LG