Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Жаңы-Өзөн курмандыктарын эскерген музыка


Дэфид Фулмер
Дэфид Фулмер

Ньюйорктук композитор Казакстандын мунай өндүрүлүүчү Жаңы-Өзөн шаарында бир жыл мурдагы зомбулукта өлгөн кенчилерди эскерип күү жаратты.

Жекшембиде Лос-Анжелесте бул композициянын ачылыш аземи өтмөкчү. Андан ары америкалык белгилүү виолончелист Дэвид Фулмер аны жакынкы мезгилге Техаста, Нью-Йоркто жана Вермонтто белгиленген концерттеринде ойнойт.

Реквием-күүнүн 31 жаштагы автору Дэвид Фулмер алгач жаңылыктардан Жаңы-Өзөндөгү трагедия жөнүндө укканда аябай кайгырганын айтты.

Бир нече ай мунай кендеринде иштеген адамдар өздөрүнө жакшыраак иш шарттарын, татыктуу айлык акы талап кылып иш ташташкан, митингге чыгышкан. 16-декабрь эле – Казакстандын эгемендик майрамы. Полиция нааразылыкка чыккан элге карай ок атат, 16 адам набыт болот...

Азыр эми өзүнүн “Түндүктөгү жылдыз” деген жети жарым мүнөттүк композициясын Фулмер ошондон калган кайгыдан "эмоционалдык айыгууну, эркиндикке чыгууну" максат кылып жаратканын айтат.

"Бир эле жалгыз музыкалык чыгарманын, ушул архитектуралык, акустикалык дизайндын күчү маданияттар, диндер жана этностордогу айырмага карабай, жүрөккө жете алат, - дейт композитор. - Биз баарыбыз “кимбиз, биргеликте эмнеге жетебиз, эмне үчүн жаралдык” деген суроолорду ойлогондо жогорудагы диний, улуттук, маданияттагы айырмачылыктарыбыз маанисин жоготот. Мага музыка, чыгарма жаратуу процесси ушунусу менен кызык".

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00
Түз линк

Фулмер - Колумбия университетинин Музыка факультетинин окутуучусу. Жаңы-Өзөн курмандыктарын эскерген реквиеми тууралуу ал өзүнүн досу Нью-Йорктогу Адам укуктары корунун жетекчиси Тор Халворссенге кайрылып, ушул күүнү Жаңы-Өзөн кыргынына байланыштуу окуяларда колдонууну сунуштайт. Халворссен бул идеяны колдоду.

Дүйнөдө адам укуктары жаатында иштеген бир топ абройлуу эл аралык уюмдар, алардын ичинде Human Rights Watch да, узактан бери Нурсултан Назарбаев башкарып келаткан Казакстанда нааразылык толкундарына байланышкан соттук иштердин көпчүлүгүндө митинг-демонстрациялардын катышуучулары, журналисттер менен оппозициялык саясатчылар жазага тартылышканын айтышууда.

Халворссен жаңы жаратылган реквиемдин "таасири аз болушу деле мүмкүн, бирок мааниси өзгөчө" деп эсептей турганын билдирди.

"Жакшы жери - муну баары уга алат. Адамдарга музыка сөз же жаңылык аркылуу жетпей турган таасирди берет", - деди активист.

Композитор Фулмер “балким, айрымдар искусствонун бириктирчү кудуретинен жүрөгүндө тынчтыкка жетер” деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

"Сөзсүз эле тилдешип, же мушташыштын кереги жок, - деди Фулмер. - Анын ордуна жөн гана музыка уга алабыз".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG