Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Арыстагы жарылуунун зыяны эсептелди


Арыс шаарына жакын аймакты ок-дарыдан тазалоо иштери уланууда.
Арыс шаарына жакын аймакты ок-дарыдан тазалоо иштери уланууда.

Казакстандын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампанын жарылуусу келтирген зыян эсептелди.

Баштапкы эсеп боюнча, келтирилген зыян 20 миллиард теңгеге же дээрлик 53 миллион долларга бааланды. Кырсык бир жума мурда болгон жана үч адамдын өмүрүн алып кетти. Ал арада айрым жергиликтүү тургундар курмандыктар кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтышууда. Алар жалган маалыматты жайылткан деп айыпталып, полицияга жеткирилди.

Жергиликтүү алты тургун «билип туруп жалган маалымат тараткан» деп айыпталууда. Мунун алдында айрым жашоочулар бийлик курман болгондордун так санын жашырып жатканын, өлгөндөрдүн саны ондоп саналаарын айтып чыгышкан. Бийлик мындай билдирүүлөрдү чагым катары баалап жатат.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Арыс шаарынан убактылуу эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайткандан кийин алардан райондук ички иштер бөлүмүнө жүзгө чукул арыз түштү. Адамдар полицияга үйү тонолгонун, машинелери жоголгонун айтып арыз жазышкан.

Өзгөчө кырдаал боюнча комитеттин төрагасы Владимир Беккер буларды айтты:

«Ар кандай мүнөздөгү арыздар түшүп жатат. Кээ бирөө келип, шкафында сакталган 1 миллион теңгеси жоголгонун айтууда. Кечээ 85 арыз түшкөн эле, полиция жеринде иш жүргүзүп, кошумча суроолорду бергенден кийин 13 адам арызын кайтарып алды».

Миңден ашык сапёр шаарга жакын аймакты ок-дарыдан тазалоо иштерин улантууда. Бийлик шаар ок-дарыдан толугу менен тазаланганын айтканы менен көпчүлүк тургундар дагы эле коркуп жашап жатышат. Алар шаарда жарылбай калган бомба калышы мүмкүн жана ал күтүлбөгөн учурда жарылышы ыктымал деп кооптонууда.

Өзгөчө кырдаал боюнча комитеттин төрагасы Владимир Беккер коркунуч бар экенин моюнга алды:

«Көрүп калсаңыз, ошол заматта чалышыңыз керек, балдар аны кармап албашы үчүн чара көрүлүүгө тийиш. Албетте, ок-дары кала бериши мүмкүн деген коркунуч бар. Бирок минималдуу гана. Ошентсе да сактыкта кордук жок деп коюшат эмеспи. Ар кандай окуялар болот».

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Жарылуудан кийин Арыста 5 тоннага жакын азык-түлүк жок кылынып, ошондой эле өлгөн малдын сөөктөрү көмүлдү. Шаарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бийликтин айтымында, учурда материалдык зыянды баалоо боюнча жумуштар жасалууда.

Ошентип келтирилген зыян 20 миллиард тенге же дээрлик 53 миллион доллар деп бааланууда. Бул сан дагы өзгөрүшү мүмкүн. Өкмөт кампадагы калган ок-дарыны чыгарып кетээрин кабарлады. Бирок кайда чыгараары жана бул иштер качан жасалаары тактала элек. Ок-дары сакталган кампадагы жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Түркстан облусунун жергиликтүү бийлиги Арыс шаарынын ар бир тургунуна 100 миң тенгеден же 250 доллардан төлөп берүүнү пландоодо. Бул акча казынадан бөлүнөт, ошондой эле кайдыгер эмес адамдар ачкан атайын эсептен алынат. Өкмөт өз резервин дээрлик 200 миллион долларга көбөйтүүгө убада берди. Бул акчанын бир бөлүгү Арыстагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга багытталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG