Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Казакстанда илдеттин жайылышы Кытайдан ашты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер-министр Аскар Мамин жана саламаттык сактоо министри Алексей Цой менен жолуккан учур. Нур-Султан, 28-июль, 2020-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер-министр Аскар Мамин жана саламаттык сактоо министри Алексей Цой менен жолуккан учур. Нур-Султан, 28-июль, 2020-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев карантинди дагы эки жумага узартууга буйрук берди.

Президент бул чечими тууралуу 29-июлда премьер-министр Аскар Мамин жана саламаттык сактоо министри Алексей Цойду кабыл алганда билдирди.

31-июлда Казакстандын шаарларында жана аймактарында коронавирус жуккан 1 414 учур катталды.

Ооругандардын көбү Нур-Султанга (232) жана Алматыга (218 учур) туура келет.

Аймактар арасында Чыгыш-Казакстан облусу лидер болуп ооруну жуктуруп алгандардын саны 187ге жетти.

Казакстан буга чейин да эки ирет карантин киргизген. Биринчиси 16-марттан тартып 11-майга чейин уланган. Экинчи карантин 5-июлда эки жумага киргизилип, андан кийин 5-августка чейин узартылган. Эми минтип дагы эки жумага узартылып отурат.

Мурдараак Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой карантиндик чектөөлөрдү 3-августтан тартып жумшартуу каралып жатканын айткан. Ага карабай президент Токаев карантинди дагы эки жумага узартууга буйрук берди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда жыл башынан бери Казакстанда 89 078 жугузуп анын 59 517и айыкты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан 793 адам кайтыш болгон.

Ошол эле учурда 234 миң адам пневмония менен ооруган. Бул илдеттен 3300дөй адам көз жумган. Казакстан коронавирус менен пневмониядан жабыркагандардын эсебин өз-өзүнчө бөлүп санап жатат.

Министр Цойдун айтымында, ооруга чалдыккандардын кескин көбөйүшүнө маалымат айдыңы себеп болгон.

Алексей Цой.
Алексей Цой.

«Май айында карантиндик чаралар алынгандан кийин маалымат айдыңында «биз коронавирустан кутулдук» дегендей маанай басымдуулук кылып кетти, - деди ал. - Анын айынан эл сактанууну унутуп калды. Маалымат айдыңында бул вирус көпкө чейин жүрөрү, балким жыл аягына чейин созулары, анын кесепети оор болору тууралуу кооптонуу басымдуулук кыла алган жок».

14-июлда Саламаттык сактоо министрлиги маалымат каражаттарындагы жана социалдык тармактардагы терс пикирлерге каршы күрөшүүнү сунуш кылган. Терс маанайдагы пикирлерди 10% чейин түшүрүү каралган. Ошол эле учурда министрлик элдин маалымдуулугун көтөрүүнү көздөгөн. Учурда Казакстанда күн сайын коронавирустун миңден ашык жаңы учуру катталып жатат.

Илдеттин таралуу ылдамдыгына көз салып турган Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда Казакстан вирус эң көп тараган алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирет.

Эпидемиянын жаңы толкуну жана жер-жерлерде дары-дармек тартыштыгы пайда болушу үчүн казак бийлиги элди күнөөлөгөн. Президент Касым-Жомарт Токаев 8-июлда теледен кайрылып, «жарандар карантин талаптарын сактабай койду» деген. Элге кошуп, мурдагы саламаттык сактоо министрин, район жана шаар акимдерин да айыптаган.

Өлкө жарандары болсо «коронавирус былтыр башталганына карабай эч кандай даярдык көрүлгөн эмес, коррупциянын айынан саламаттык сактоо системасы соккуга туруштук бере албай жатат» деп, бийликтин өзүн күнөөлөп келишет. Мисалы Eurasianet.org сайты Казакстандагы бир тагдырды мисалга алып, чакан аңгеме жазган:

«Жаннур Жумагелди түн ортосунда энтиге баштаганда апасы «Тез жардам» чакырды. «Тез жардам» келген жок. Эртеси күнү таң эрте барганына карабай, Семей шаардык ооруканасы 28 жаштагы бейтапты кабыл албай койду. Үйдө жаткан Жаннурдун абалы андан бетер начарлап кеткенде апасы Майра Жумагелди кайрадан «Тез жардам» чакыртты. Бирок «Тез жардам» келген учурда кеч болуп калган эле. Жаннурдун өлүмүнүн себеби жүрөк оорусу деп табылды. Ал коронавирус курмандыктарынын расмий санына кирген жок. Бирок бул кайгылуу окуя коронавирус курмандыктарынын саны расмий маалыматта айтылгандан алда канча көп экенин көрсөтөт».

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

Казак бийлиги саламаттык сактоо тармагына жүздөгөн миллион долларларды бөлүп берди. Ошого карабай казак медицинасы коронавирус менен күрөшкөнгө жөндөмсүз болуп чыкты. Казакстандык саясат таануучу Досум Сатпаев буларды айтты:

«Эгерде башкаруу системасында азыркыдай башаламандык, коррупция жана кайдыгерлик болбогондо балким алардын көбүн сактап калсак болмок».

Эл аралык басылмалар космоско жүк жөнөтчү Байкоңур шаарчасына көңүл бурушууда. Казакстандын Байкоңур шаарын Орусия ижарага алган. Маалыматка караганда бул шаар азыр жабык. Байкоңурда коронавирус жуккандар жана андан кайтыш болгондор азыр Казакстандын да, Орусиянын да расмий эсебине кирбей калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG