Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:52

Өзбекстанда тумоо күчөп, абал оорлоду


Өзбекстан, Ташкент. Июль, 2020-жыл.
Өзбекстан, Ташкент. Июль, 2020-жыл.

Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйө баштады.

Жарандар ооруканада орун жоктугун, "Тез жардам" кызматы чакырууларды кабыл албай жатканын айтса, дарыгерлер болсо бейтаптарды алдаганга аргасыз экенин моюнга алышууда. Бийликтин аракетине карабай өлкөдө дары-дармек таңсыктыгы уланып жатат.

Өзбекстанда COVID-19га байланыштуу Интернеттеги социалдык тармактарда "Тез жардам" кызматын чакыра албай жатканына даттанган пикирлер күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Энтигип сүйлөгөн аял "Тез жардам" көмөк көрсөтүү ордуна ар кимге шылтап жатканын сындаган пикирин жарыялады.

"Мына, "Тез жардам" кызматына адеп чалып жатабыз. Ит битке, бит итке шылтагандай. Cаll-борборго чалсаң, "11-05ке чалыңыз" дешет. 11-05ке чалсаң, "10-03кө" чалыңыз дейт. Ошентип, анысы буга чалыңыз, мунусу ага чалыңыз деп, акыры 103кө чалуубузду айтышат. Бирок "Тез жардам" келбейт. Өлсөң өлө бер деген мамиле экен кыскасы. Оңунан келип, "Тез жардам" кызматы чакырууну кабыл алган күндө да бир гана бейтапты карап, калганын карабай жатат".

Ошентип, бир чакыруу боюнча бир гана адамды карай турганын айткан "Тез жардам" кызматкеринин видеосу тарады.

Ошол эле учурда "Тез жардам" кызматынын акыбалы да оор экени ачыкка чыгууда. Ооруканалар толуп калганы, "Тез жардам" ташып келген бейтаптар кабыл алынбай машинелерде жатканы тууралуу видео тарап, учурда өзбекстандык Интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууланып жатат.

"Алты "Тез жардам" автоунаасы турат. Эч кимди кабыл албай жатат. Орун жок. Бейтаптар машинеде отурат", - деп айтылат видеобаяндамада.

Ал арада элге жалган сүйлөөгө аргасыз болуп жатканын билдирген дарыгердин видеосу тарады. Орто жаштагы дарыгер азыркы абалга башкаруу системасын күнөөлөп ыйлаган.

"Бир аялдын анализи организминде коронавирус бар экенин көрсөттү. Бирок ал өзүн-өзү чектеп, үйүндө отурган эмес. Анткени, вируска кабылганын билген эмес. Аны алдашкан. Вирус жок дешкен. Ал үйдө отурбай көчөлөп кеткенин көргөндө гана вирус бар экенин айтышкан. Мындай жалгандын кимге кереги бар? Эмнеге алдашты? Мына, дене табы 38. Же бири-бирибизди алдабай иштейли же баарын таштап коёлу. Биринен-бирине жугуп кете берсин, маңдайга жазганын көрөбүз. Жетишет!".

Өзбекстандын коомчулугу бул видеолорду катуу талкуулап турган чакта президент Шавкат Мирзиеёв жыйын куруп, акыркы абалга байланыштуу бир катар чиновниктерди сынга алды.

"Акимдер жана сектор башчылары өз участкаларындагы чыныгы абалды билбейт. Маселеге сүңгүп кирген эмес. Эл менен жолуккан эмес".

Ушундан кийин өзбекстандык чиновниктер жер-жерлерде дарыгерлер менен баарлашып аткан видеолор тарады. Бирок анда чиновниктер медиктерден маселенин маңызын сурабай эле, тескерисинче аларга акыл үйрөтүп атканын көрүүгө болот.

Өлкөдө чиновниктердин аракетине карабай дары-дармек тартыштыгы да курч бойдон калууда. Айрыкча вируска каршы колдонулуучу дарылар табылбай калды. Суроо-талаптын көптүгүнөн алар көмүскө базарга өтүп кеткенин Башкы прокуратура да моюнга алды.

Өзбекстандын Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин маалымат кызматы дары-дармек таңсыктыгы "жакында чечилет" деп ишендирди. Буга чейин коңшу мамлекетте ооруканалар күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү иштей баштаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG