Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

Өзбекстанда жаңы чектөөлөр киргизилди


Өзбекстандагы "Тез жардам" унаасы.
Өзбекстандагы "Тез жардам" унаасы.

Өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу Өзбекстан 13-июлдан 1-августка чейин жаңы чектөөлөрдү киргизди. Ага ылайык, 18-19-июль күндөрү жана 25-26-июлдагы дем алыш күндөрү коомдук унаалардын жана такси кызматынын иши токтотулат. Атайын уруксаты бар машинелер гана иштейт. Жашы 65тен улуу курактагыларга үйдөн чыкпоо сунушталды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 13-июлдан тартып ички темир жол жана аба каттамдары да токтотуларын жарыялады. Транспорт министрлигинин өкүлү 1-августка чейин поездге 5900, ал эми аба каттамдары үчүн 330 билет сатылганын кабарлады. Поезд билеттеринин акчасы кайтарылып берилет, ал эми учактын билетин сатып алгандар аны жылдын этегине чейин пайдаланышса болору айтылды.

13-июлдан тартып бардык чачтарачканалар жана сулуулук салондору жабылды. Өзбек бийлиги коронавирустун жайылуусун токтотуу максатында 10-июлдан тарта карантинди күчөткөн.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны өлкөдө 12, 5 миңге чукулдады. 56 киши оору жуктуруп каза болду. Жети жарым миңден ашык адам вирустан сакайып кетти.

XS
SM
MD
LG