Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Өзбекстан: завод курулушундагы ондогон жумушчудан коронавирус табылды


Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда синтетикалык күйүүчү май өндүрүүчү «Uzbekistan GTL» заводун куруп жаткан жумушчулардын 127синен коронавирус табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушу тапта вирустун жайылышына жол бербөө максатында заводдун курулуш аянтчасында тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Өзбекстанда коронавирус пандемиясы маалында заводдор менен ири ишканалар ишин токтоткон эмес.

Буга чейин өлкөдөгү бир нече заводдун жумушчулары карантинге байланыштуу эки жума үйлөрүнө барбай, жумушта түнөп иштөөгө мажбурланып жатышканын айтып чыгышкан.

10-июлга карата Өзбекстанда коронавирус жукканы аныкталгандар 11,7 миңден ашты. Алардын 52си көз жумду. Жети миңден ашуун адам айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG