Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Абактагы аялды зордуктаган майор соттолду


Наталья Слекишина (оң жакта) Алматы, 30-сентябрь, 2016-жыл
Наталья Слекишина (оң жакта) Алматы, 30-сентябрь, 2016-жыл

Казакстандын Алматы шаарындагы абакта жазасын өтөп жаткан аялды зордуктады деп айыпталган түрмө сакчысы Руслан Хакимов тогуз жылга эркинен ажыратылды. Каракчылык боюнча сегиз жылга соттолгон Наталья Слекишина өткөн жылы түрмөдө зордукталып, быйыл кыз төрөгөн.

Алматыдагы райондук соттун бүгүнкү чечимине ылайык, соттолуучунун үй-мүлкү конфискацияланып, юстициянын майору наамынан ажыратылды.

Ымыркайдын атасы деп аныкталган түрмө сакчысы Руслан Хакимов күнөөсүн жарым-жартылай гана моюнуна алды. Укук коргоочулар бул чуулгандуу иш күч кызматкерлери аралашкан кыйноо жана зомбулук фактыларын ашкерелөөгө жардам берет дешет.

Каракчылык боюнча сегиз жылга соттолгон Наталья Слекишина азыр жарым жашка толо элек ымыркайы менен Алматыдагы абакта мөөнөтүн өтөп жатат. Ал 2015-жылдын август, сентябрь айларында түрмөнүн төрт кызматкеринин сексуалдык зомбулугуна кабылганын айтып, аларды жазалоону талап кылган. Иликтөөнүн жыйынтыгында абакта төрөлгөн ымыркайдын атасы Алматыдагы тергөө абагынын кызматкери Руслан Хакимов экени аныкталып, ал негизги айыпталуучу болуп калган. Калган үч шектүүнүн макамы өзгөрүп, күбө катары сот алдына келишкен. Слекишина бүгүнкү өкүмгө канааттанып турганын айтат:

“Сот өкүмүнө канааттандым. Бирок башкаларын да жоопко тарттырабыз. Анткени ал жалгыз эмес болчу. Биз прокуратурадан кылмыш ишин козгоону суранабыз.”

Соттолуучу Хакимов болсо айыптарды четке каккан. Ал соттун өкүмү чыгып жатканда жүзүн көрсөтпөстөн, ылдый карап отурду. Слекишинанын адвокаты Айман Умарованын айтымында, Алматыдагы райондук соттогу буга чейин угууларда Хакимов кызмат абалынан пайдаланды деген айыпты моюнуна алып, бирок Слекишинаны зордуктабаганын, ал экөө өз ыктыяры менен мамиледе болушканын билдирген. Эми адвокат Слекишинаны убактылуу абактан чыгарууну суранууда:

- Наталья Слекишина жаза мөөнөтүн убактылуу токтото туруу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Мен башкы прокурорду бизди колдоого чакырам. Себеби анын түрмөдө турушу ал гана эмес, ымыркайы үчүн да кооптуу.

Бул өтүнүчкө жабырлануучунун коопсуздугу да себеп болду. Себеби Слекишина сентябрдын орто чениндеги соттук териштирүүлөрдүн биринде элдин көзүнчө адвокаты Айман Умарованын кызматынан баш тартарын айткан. Бирок адвокатына жашыруун жол менен жөнөткөн катында түрмөнүн кызматкерлеринин кысымы менен бул кадамга барууга аргасыз болгонун белгилеп, өзүнүн жана ымыркайынын коопсуздугун сактоону өтүнгөн. Кийинчерээк адвокаты менен жолуктуруу талабын айтып ачкачылык да жарыялаган.

Слекишинанын окуясы Казакстандагы күч кызматкерлери адамдарды кыйнаган же ур-токмокко алган алгачкы учур эмес. Укук коргоочу Анна Смирнова бул көрүнүштү ооздуктоо үчүн соңку соттук иш аягына чыгышы керек деп билдирген эле:

- Слекишинанын иши Казакстан үчүн прецедент. Эгер бул иш аягына чыкпаса, анда ал жазасыз калуу көрүнүшүнө жол ачат.

Чуулгандуу окуянын чоо-жайы коомчулукка белгилүү болгондон кийин Слекишинанын ишин Алматы шаарынын прокуратурасы өз көзөмөлүнө алды. Ошондой эле жабырлануучу отурган камерага видео көзөмөл орнотулуп, аны атайын кызматкерлер кайтара башташты. Мындан тышкары түрмөлөрдө видео көзөмөлдү жакшыртуу жана абактагылар үчүн ишеним телефонун ачуу сунушу айтылууда.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG