Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Кайсар: Казакстанда бир да шайлоо мөөнөтүндө өткөн эмес


Казакстан кайрадан мөөнөтсүз шайлоого кадам таштады. Мажилистеги депуттардын жарымынан көбү парламентти таратууну өтүнүп, президентке кайрылуу жолдоду.

Казак парламентинин мурдагы депутаты, быйыл жаздагы президенттик шайлоого катышууга талаптанып, бирок тил сынагынан кулатылган оппозициячыл саясатчы Уалихан Кайсар “Азаттыкка” курган маегинде депутаттык корпустун кайрылуусун Акордодо күн мурунтан даярдалган иш катары мүнөздөдү.

Уалихан Кайсар: Эгер тарыхты карасак, азыр иштеп жаткан Мажилис көз карандысыздыктын жыйырма жылындагы жетинчи чакырылыш. Бирок, тилекке каршы, Казакстанда акыркы 20 жылдын ичинде парламенттик шайлоонун бири да өз учурунда өткөн эмес. Парламенттин баары мөөнөтүнөн мурда таратылган, шайлоо мөөнөтүнөн мурда белгиленген.

Бул ирет соңку эки-үч айдан бери парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт деген кеп-сөздөр жүрүп келген. Элүү үч депутаттын бүгүнкү кайрылуусу бир ай мурда эле белгилүү болгон. Бул президенттин администрациясында даярдалган иш-аракет.

"Азаттык": Өзүңүз айткандай казак парламенти буга чейин бир нече ирет мөөнөтүнөн мурда таратылган. Ар учурда мунун ар кандай себептери болгон. Бул ирет Акордонун мөөнөтсүз шайлоого барып жатышынын негизги себептери кайсылар?

Кайсар: Менимче мунун эки себеби бар. Эң биринчи себеби бизди көздөй экономикалык кризис келе жатат. Биздин бийликтин учурда жүргүзүп жаткан экономикалык багытына калк нааразы.

Эгер парламенттик шайлоо өз учурунда өтө турган болсо, бул кийинки жылдын сентябр айы. Бирок бийлик ага чейин калктын нааразылыгы күчөп кетет деп кооптонууда. Ага катар келерки жылдын сентябрына чейин азыр бийликте отурган "Нур отан" партиясынын бедели түшүп кетүүсү мүмкүн.

Эрте шайлоонун экинчи себеби - Казакстанда кыш өтө катуу болушу ыктымал. Анткени жазда эл минтингге чыга алат, ыңкылап да жасап жиберүүсү мүмкүн. Ал эми кыш күндөрдө андайга калктын чама-чаркы жетпейт. Катуу суук болуп, эл сыртта тура албайт, палаткаларды да орното алышпайт. Мына ушул жагдайларды эске алып, бийлик мөөнөтсүз шайлоого бара жатат.
Келерки жылдын сентябрына чейин азыр бийликте отурган "Нур отан" партиясынын бедели түшүп кетүүсү мүмкүн.

"Азаттык": Бул жолку кайрылуусунда казак Мажилисинин депутаттары да, сиз айтып өткөндөй, алдыда келе жаткан экономикалык кризисти жүйө тартып атат. Себеби кайрылуу ээлери парламент эртерээк шайланып алып, бийликтин бүткүл көңүлү антикризистик чараларга бурулуусу керек деп эсептешет экен. Демек казак Мажилисинин мүчөлөрү келтирип жаткан жүйө жөндүүбү?

Кайсар: Ал жөн гана шылтоо. Азыр Казакстанда өкмөт өзүнүн иштерин аткара албай жатат. Эгер азыр парламент тарай турган болсо, анда Конституция боюнча азыркы өкмөт да кайрадан курулуусу керек. Ошондуктан азыркы өкмөт таратылып, башка өкмөт куралмакчы. Бул да шайлоонун эрте өткөрүлүүсүнүн бир себеби.

"Азаттык": Акыркы жылдары казак парламентинде бир гана "Нур отан" партиясы гана болуп келди. Мурдагы чакырылыштарга коммунисттердин бирин-серин мүчөлөрү кирип калчу. Бир ирет президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын кыска убакытта уюшулган партиясынан да өкүлдөр кирген. Болочок парламент кайсы саясий күчтөрдөн куралуусу мүмкүн, оппозиция парламент курамына бул шайлоодо кире алабы?

Кайсар: Менимче, келерки парламентте кеминде 3 партия болот. Бул "Нур отан" өзү, экинчиси “Нур отандын” сателлити "Ак жол" партиясы, үчүнчүсү Элдик коммунисттик партиясы болушу мүмкүн.

"Азаттык": Коммунисттер партиясы - бул оппозициядагы саясий бирикмеби?

Кайсар: Жок, бизде азыр коммунисттердин эки партиясы бар. Бири нукура оппозициялык партия, бирок анын иши соттун чечими менен алты айга токтотулган. Андыктан оппозициячыл Коммунисттер партиясы шайлоого катыша албайт. Экинчиси, Элдик коммунисттик партия шайлоого катышып, парламенттен орун алып кетиши ыктымал.

"Азаттык": Өзүн казак оппозициясынын башкы саясий күчү катары көрсөтүп келе жаткан жалпы улуттук "Азат" социал-демократиялык партиясынын мүмкүнчүлүгү кандай?
Элүү үч депутаттын бүгүнкү кайрылуусу бир ай мурда эле белгилүү болгон. Бул президенттин администрациясында даярдалган иш-аракет.

Кайсар: Менимче, башка партиялардын мүмкүнчүлүгү жок. Жалпы улуттук "Азат" социал-демократтар партиясынын саясатына, чакырыктарына караганда аларды өткөрбөйт. Анткени алар президентти, өкмөттү, парламентти, бийликтеги чиновниктерди өтө катуу сындашат.

"Азаттык": Быйыл апрелде болгон президенттик шайлоону оппозиция бойкоттогон эле. Ал азыркы шайлоого парламентке кире албасын билсе деле катыша береби же бул өнөктүктү да бойкоттошу мүмкүнбү?

Кайсар: Оппозиция алдыдагы шайлоого катышарын күздөн бери эле айтып келе жатат. Оппозициядагы Коммунисттер партиясынын ишмердиги ушул үчүн токтотулду. "Азат" партиясынын кайра катталышына тоскоолдук жасалууда. Бирок алар бийликти сындай турган партия болгондуктан өткөрүшпөйт.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG