Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Казакстандагы жумушсуздук көйгөйү


Даурен Базарбаев
Даурен Базарбаев

Казакстанда 2 миллиондой киши эмгек келишими жок иштейт. Социологдор көбүн жаштар түзгөн ал кишилердин укуктары корголбогонун, туруктуу жумуштун жоктугу алардын маргиналдашуусуна алып келерин эскертишет. Өкмөттүн маселени чечүү планы айрым адистердин сынына кабылууда.

Алматы шаарынын борборундагы Сейфуллин проспектиси көп жылдардан бери бейрасмий эмгек базарына айланып калган. Үй салып же ремонт жасатуу, эмеректерди ташытуу, жаз келгенде айыл чарба иштерине арзан жумушчу күч керек болсо, ушул жерге келип жалдап кетишет.

Негизинен орто курактагы жумушсуздар үч-төрт кишиден болуп топтолуп турат. Өзүн Даурен Базарбаев деп тааныштырган киши майда иш табуу үчүн бул жерге 10 жылдан бери келип турат.

Даурен Түштүк-Казакстан облусунда туулуп-өскөнүн, филология факультетин бүтүргөндөн кийин мугалимдин жарыбаган маянасына иштебей койгонун айтат. Айылда үй-бүлөсүн багууга жете тургандай акы төлөнгөн башка жумуш таппай коюп, Алматыга келип алган. Шаарда курулушка орношуп, сырткы дубалдарды жасалгалоо кесибин үйрөнгөн.

- Жумушка аларда бир сумманы айтып, бирок иш жүзүндө 90 миң теңге төлөшчү, аны да көп учурда кечигип беришчү. Башка жерлерге орношкондо да эмгек келишиминин шарттарын компаниялар дайыма бузушчу, - дейт Даурен.

Кайсы бир учурда мугалим болуп иштөөнү чечип, бирок тажрыйбасы, стажы жок болгондуктан, аны албай коюшкан. Пара берүүгө болсо акчасы жок болчу. Ошондон бери ар кайсы кара жумушка жалданып иштеп жүрөт. Эң жакшы дегенде 8 миң теңге табат.

- Акчаны макулдашканыңа жараша төлөшөт. Ар кандай болот. Кээде 5, кээде 8 миң теңге алам. Кээде жумалап иш табылбайт. Жөн эле көчөдө турасың.

Жетиштүү акча топтогондо Даурен айылдагы үй-бүлөсүнө барып, тамак-аш, башка керектүү нерселерди алып берип турат. Достору менен чогуу турган батирге төлөш үчүн да акча калтырып коюшу керек.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда 2 миллиондой киши эмгек келишими жок иштейт. Алардын 600 миңдейи жаштар. Жумушсуз жаштардын саны 9,5 пайызга өскөн. Мындай маалымат эл аралык уюмдар өткөргөн форумда айтылды. Адистер "жаштар иш издеп шаарларга кетишет. Бирок туруктуу жумуш таба албай, анда-санда жалданып иштешет, маяналары болсо төмөн" дешет.

Социолог Серик Бейсембаев өз изилдөөлөрүндө туруктуу жумуштун жоктугу жаштардын маргиналдашуусуна алып келген себептердин бири деп болжолдойт.

- Экономикалык, социалдык пландан алып караганда ошондой эле болот. Ал адамдар же айылдык эмес, же шаардык эмес болуп калат. Ар кандай стресстерден азыраак коргонгон, радикалдуу идеологияларга тезирээк сугарылат. Анын үстүнө эч кандай келишимсиз иштегендиктен укуктары корголбойт, социалдык жактан камсыздалбайт. Банк кызматын пайдаланбайт, салык төлөбөйт, пенсияга акча которуп турбайт. Мунун бардыгы акыр-аягында мамлекеттик бюджетке чоң жүк болот.

Маселени чечүү үчүн өкмөт жумушсуздукту азайтуу программасын ишке киргизүүдө. Бирок ал канчалык натыйжалуу болот деген суроо айрым депутаттарды да түйшөлтүп турат.

«Талап» изилдөө борборунун жетекчиси Рахим Ошакбаевдин пикиринде, өз бизнесин ачууга шарт түзүү өңдүү ыкмалар жемишин бербейт:

- Жумушсуздукту кыскартуу максатын койсок, жумуш орундарын түзүү керек. Азыр болсо талап кылынган кесиптерге кайра үйрөтсөк, иш табат деген жаңылыш ой үстөмдүк кылат. Ал эми ошол адистиктер боюнча орундар барбы?

Борбор өткөргөн изилдөөгө ылайык, сурамжылоого тартылган жумушсуздардын 15 пайызы гана кайра окууга даяр, бир пайызга жетпегени өз ишин ачууга каражат издегенин айткан.

Анын үстүнө соңку жылдары Казакстанда ишкерликтин активдүүлүгү төмөндөгөнү байкалган. Мисалы, 2016-жылы орто жана чакан бизнеске таандык 104 ишкана жабылган.

Ал эми биз башында сөз кылган Даурен Базарбаев банктан насыя алуу үчүн түнү кароолчу болуп орношту. Эмне дегенде банк жумуштан жана пенсиондук фонддон маалым кат талап кылат. Жигит болочокто өз айылына кайтып дыйканчылык менен алектенгиси келет. Бирок жерди, техниканы ижарага алуу, мал багууга көп акча керек. Ал эми кароолчунун маянасы аз болгондуктан, насыянын суммасы да анча көп болбойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG