Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкө боюнча 18 миңден ашык жумушчу орду бош деп жар салды.

Жумушсуз деп расмий катталган миңдеген жарандар менен иш издеп жаткан жаш адистердин алар кандай кызмат, кайда кайрылып, кайсы мекемеге ишке орношсок болот деген кызыгуусу күч алды.

Эки жүз миңден ашык жараны расмий түрдө жумушсуз аталып, жарым миңден ашык адам жумушсуздугу үчүн жөлөк пул алган Кыргызстанда министрликтин мындай маалыматына ишенбегендер да арбын.

“Арай көз чарай” талкуусуна эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова, Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек жана Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаева катышты.

“Азаттык”: Зууракан айым, Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиясында 202 миңге чукул жумушсуз адам бар деп расмий түрдө айтылган. Анан 18 миң 200 жумушчу орду бош деген маалымат кайдан чыкты? Ал бош орундар кайда? Миңдеген адам жумушсуз болуп жүрсө бош орун кайда болсун деген күмөн ой жаратып жатат.

Зууракан Каденова: Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жумушсуз 201 500 жаран бар. Ал калктын 8% түзөт. Ал эми расмий жумушсуздук 2,3 пайызды түзөт.

Негизинен экономикалык активдүү калк республика боюнча 2 504 200 болсо, 2 302 700 адамдын жумушу бар. Жумушсуз деп катталгандардын саны 87 900. Ал эми июль айындагы көрсөткүч боюнча 23 700 бош орун бар экендиги эсептелген, иш издеп кайрылгандардын 20 900 ишке орношту.

Ай сайын ар бир райондогу иш менен камсыз кылуу кызматтарыбыз район, шаарлар боюнча жумушсуздарды каттап, жумуш менен камсыз кылуу аракеттерин көрүшөт. Мисалы, жармаңке өткөрүлөт. Жумушсуздар биз тараптан сунушталган иштерди тандашса иш менен камсыз болушат.

Азыркы күндө жумушчу кесиптер электрик, ашпозчу, тигүүчү, ширетүүчү, компьютер оператору ж.б. көп талап кылынат. Бир айда 20 900 адам кантип жумушка орношту деген күмөн саноого берер жообум - булардын 10 900ү коомдук акы төлөнүүчү жумуштар, булардын ичинде мезгилдүү иштер да бар. Мисалы, Ош, Бишкек шаарларын жашылдандыруу, социалдык объектилердин курулуш иштери сыяктуу иштерде 1 айдан 9 айга чейин иштей алышат.

“Азаттык”: Демек, 18 миң жумушчу орундарынын баары маянасы аз жана кара күч талап кылынган иштерби?

Зууракан Каденова: Баарынын эле айлык акысы төмөн дегенге болбойт. Мисалы, тигүүчү, ширетүүчүлөрдүн, ашпозчулардын маянасы жакшы. Жумуш сурап келгендер маянасы аз иштерге деле бара беришпейт. Демек жумушка орношуу жарандардын өзүнө көз каранды болуп жатат.

Алдын ала божомолдоо жок деп жатасыз, бирок биздин министрлик бул боюнча иш алып барат. Мисалы, 2014-2017-жылдарга 3 жылдык план түзгөнбүз. 2014-2017-жылдар аралыгында дарыгерлер, тоо-кен багытындагы адистер, мугалимдер, ашпозчулар, жеңил өнөр жайдагы технологдор, тигүүчүлөр, ширетүүчүлөр көп талап кылынары аныкталган. Ал Билим берүү министрлигине берилген. Бирок, буга жаштардын, ата-энелердин көз караштары менен тандоосу тескери таасир тийгизип жатат.

“Азаттык”: Рыскүл айым, профсоюз уюмдары жарандын эмгектенүү укугун коргоого милдеттүү, бирок бул уюмга көп учурда иш берген тарап менен жарандын ортосундагы талаштар боюнча арызданышат. Ал эми иш орду бар туруп, ишке албай койгон учурлар боюнча жылына орто эсеп менен канча арыз түшөт жана алар канааттандырылабы?

Рыскүл Бабаева: Мен жогоруда айтылган 18 200 иш орун бар деген маалымат күмөн ой жаратышы мүмкүн дегенге кошулам, себеби фабрика, завод курулдубу деген суроо пайда болот.

Жумушка орношуу боюнча бизге миңдеген адам кайрылат. Алардын көбү жумуш берүүчү менен адистин ортосундагы юридикалык талаштар, акы төлөнбөстүк боюнча болот. Кайрылуулардын дээрлик баары канааттандырылат.

Ал эми жумушсуздардын көбөйүшүнө эмгек акысы боюнча татыктуу иштин жоктугу башкы себеп. Бизде иш бар болсо да татыктуу эмгек акы менен камсыз кылуу маселеси аксап жатат.

Жаштарды ылдыйкы тепкичтен баштап өсүүгө багыттап, жумушка киргенден кийин иштен сурануу, кечигүү дегендей эмгекке өтө кайдыгер мамилени жоюшубуз керек.

“Азаттык”: Руслан мырза, Кыргызстанда быйыл орто мектепти 62 миңден ашык адам аяктады, жогорку окуу жайларды аяктагандардын саны да миңдеп саналат. Сиздердин ассоциация аларды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүп жатабы?

Руслан Акматбек: Биздин ассоциациянын мүчөлөрү иш берүүчүлөр, аларды квалификациялуу, тажрыйбалуу, даяр кадрлар менен камсыз кылуу биздин иштин бир бөлүгү.

Кыргызстанда кызыктуу бир жагдай орун алды - жумушсуздук жогору, бирок жумуш орундары көп. Буга адистерди даярдоо менен жумуш берүүчүлөрдүн айкалышынын жоктугу башкы себеп. Бизнеске келген кадрлар иш берүүчүлөрдүн стандарттарына жооп беришпейт. Азыр көбүбүз кесиптин ээси болууга эмес диплом алууга аракеттенебиз. Ошондуктан, иш берүүчүлөр дипломдун бар же жок экендигине эмес эмнени билерин жана резюмени сурашат.

Иш берүүчүлөрдүн көбү адистерди кайра окутуп, убакыт коротуп, каражат кетирип даярдап жатышат. Бул бизнес үчүн аябай чоң көйгөйгө айланды. Биз мурун инвесторлорго Кыргызстанга келсеңиз бизде квалификациялуу, тил билген адистер көп деп мактанчубуз, азыр бул артыкчылыгыбыздан айрылдык. Эми чет жактык эмес, өзүбүздүн ички бизнес да даярдыкка ээ болгон, билими бар кадрларды таппай калды. Бул рынокту жакшы изилдебегендик, анын талабы эмне экендигин жана мындай тенденция кайда алып барарын билбегендик.

Азыр орто мектепти аяктап жаткан окуучуларда кесип тууралуу маалымат жок. Абитуриенттердин көбү мүмкүнчүлүктөрүнө же ата-энесинин каалоосуна жараша жана эл арасында популярдуу кесиптерди тандашат. Ошентип, биз замандын талабына ылайык келбеген дипломдордун ээлерин даярдап чыгарып жатабыз. Бул биздин эң чоң жаңылыштык.

Биз глобалдуу чөйрөдө жашайбыз, демек глобалдык деңгээлдеги адистерди даярдашыбыз керек. Биз даярдаган кадрлар тек гана Кыргызстандын ичинде эмес, анын чет аймагында да жумуш таап кетиши керек. Биз улут катары кесипке болгон мамилени өзгөртүүбүз зарыл. Окууну бүтөөр замат дароо эле портфель кучактап, кол коюп, башкаларды башкарган жумуштарда иштөөгө ашыгабыз. Кол оорутуп, көз майын жумшап иштелүүчү жумуштар бааланбай жатат.

Жаштарды ылдыйкы тепкичтен баштап өсүүгө багыттап, жумушка киргенден кийин иштен сурануу, кечигүү дегендей эмгекке өтө кайдыгер мамилени жоюшубуз керек. Мисалы, азыр тигүүчүлөр абдан керек, бирок алар бир жума иштегенден кийин ишке ар кандай шылтоо менен чыкпай коюушу мүмкүн. Мына ушул көрүнүштөр жумушсуздарды да, бош жумушчу орундарды да пайда кылып жатат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG