Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

25-майда 72 миң мектеп бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Демек ошончо улан-кыз эми окуганга, иштегенге, өз алдынча жашоосун курганга бет алышат. Алар тигил, же бул кесипти тандоого даярбы? “Арай көз чарай” талкуусу ушул теманын айланасында болду.

Талкууга катышкандар:

Эмгек, миграция жана ишке жайгаштыруу министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин башчысынын орун басары Жапаркул Ташиев, Билим берүү министрлигинин жооптуу адиси, министрдин кеңешчиси Эдил Молдоев, Оштун технологиялык университетинин профессору Абдивали Токтоматов, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Олжобай Мажиримов.

“Азаттык”: Быйылкы бүтүрүүчүлөр адаттагыдай эле юрист, экономист болгусу келет, бир эле учурда журналист, же дарыгер болгусу келгендер да бар экен. Дээрлик жаштардын көпчүлүгү, айрым маалыматтарда 70 пайыздайы жогорку окуу жайга барууну каалап жатышат. Эдил мырза, бүгүн Кыргызстан кайсы адистиктерге көбүрөөк муктаж? Бул багытта мамлекеттик пландоо барбы, каалоо менен муктаждык бири-бирине канчалык деңгээлде айкалышып жатат?

Эдил Молдоев: Өзүнчө анализденип чыккан. Бул жылы 5075 гранттык орун бөлүнүп атат, анын ичинен 220сы медицинага барат, Маалымат маданият министрлиги аркылуу – 175, аскер кызмат тарабына, Коргоо министрлигине – 120 киши. Калгандары министрликтин алдындагы жогорку окуу жайлары аркылуу өтөт, бул 4930 орун.

72 миң окуучу 11-классты бүттү, анын 103 миңи 9-классты бүтүп атат. Жылдан жылга биздин бүтүрүүчүлөрдүн саны көбөйүп баратат. Азыркы мезгилде бардык контракт болобу, бюджет болобу тест аркылуу окууга тапшырууга болот.

72 миң бүтүрүүчүнүн 36 миңи тест борборлорунан өтүп жатышат. Бул жылы бир мүмкүнчүлүк кылып койдук: өзгөчө муктаж болгон бүтүрүүчүлөр бар, аларга да атайын тест борборлорду ачтык. Адистиктер жок деп айтууга болбойт, анткени биздин мамлекет бардык жерде жакшы адистерге муктаж болуп атат.

“Азаттык”: Кыргызстан кандай адистиктерге көбүрөк муктаж?

Эдил Молдоев: Азыр Кыргызстан мугалимдерге муктаж. Бул жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүнө байланыштуу конкурс болот деп ойлоп атабыз.
Мамлекеттик деңгээлде комплекстүү мамиле керек. Бардыгыбыз биргелешпесек бул маселени чечиш кыйын.


“Азаттык”: Негизи Кыргызстандын жогорку жайлары акыркы беш жылда канча юрист, канча экономист, доктор даярдады? Алардын бардыгы жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн алдыбы?

Эдил Молдоев: Азыркы мезгилде кээ бири экинчи юридикалык адистикти алып атат, кээ бири жөн эле окуп алайын деп алып атышат. Биз адамдын укугун чектебешибиз керек. 2005-жылы окуу жайлардан юридикалык адистерди жаба баштадык. Ошто бир окуу жай, Бишкекте эки окуу жайына бердик. Бирок биз сапат жагына карашыбыз керек. Укуктук системада адамдар жакшы жашап атканын көрүп атабыз. Юридикалык окуу жайды бүткөндөрдүн көбү өзүнүн жеке иштерин ачып алган.

“Азаттык”: Бирок ошону менен бирге эле юридикалык, экономикалык билим алгандардын көбү бош жүрүүдө. Бир орунга 10 чакты киши дал келип жатат. Ошол эле мезгилде техникалык адистерге муктаж болгон тармактар да бар деп айтып жүрөбүз. Сиз балдарыңызды кандай багыттайсыз?

Эдил Молдоев: Менин балдарым жөндөмүнө жараша ар кайсы багыт менен кетишет. Баланы бир багыт менен окутуш керек, андан башка адамдын табигый өзүнө берилген нерсеси да бар.

Чөнтөктө жаткан дипломдор

“Азаттык”: Абдивали мырза, жашыруун эмес, азыр ушундай тенденция болуп атат, көбүнчө юрист, экономист, финансист, банкир, тиш доктур, хирургдук кесип, милиция, бажы кызматтарына ата-энелер да, балдар да артыкчылык берип, беш баланы сурасаң сөзсүз түрдө анын 2-3 ушул кесиптерди тандашат. Эмне үчүн ушундай каалоо күч?

Абдивали Токтоматов: Бүгүн Кыргызстан боюнча ишке орноштуруу өтө төмөн, өндүрүш жок, сиз эсептеп кеткен адистиктерди бүткөндөрдүн онунун бирөө иштеп кетип, жакшы жашап атат.
Ош, Жалал-Абадда куруучулар жетпей, биз кыйналып, кыска мөөнөттө окууларга тартып, аларды жумуш менен камсыз кылууга аракет кылдык.


Бул биздин коомубуз бир аз ооруп турат. Коррупция күч алган учур. Экинчи жагынан, техникалык адистиктерге бүтүрүүчүлөрдүн аз барып атканынын себеби белгилүү. Биздин Ош технология университетине белгилүү сандагы контингент дайыма келет. Бирок алар бүткөндөн кийин ишке орношуусу өтө төмөн болуп атат. Ал биздин өндүрүштүн жоктугу, иш орундардын аздыгы, экономикалык деңгээлибиздин төмөндүгү болуп жатат.

“Азаттык”: Адистик алган жаштардын келечегин камсыздоо үчүн ушул маселени кантип чечиш керек?

Абдивали Токтоматов: Бүгүн ушул маселе боюнча мамлекеттик мамиле керек. Ушуга карата саясат жүрүш керек болуп атат. Бүтүрүүчүлөрдү кандайдыр бир жеңилдиктерди берип, ишке орнотуу жактарын караш керек. Ишке алып атканда конкурс уюштуруп алыш керек, анткени кээ бир өтө жакшы адистигин билген балдар көчөдө калып атат, ар жерде жүргөн балдарыбыз жакшы ишке кирип кеткен учурлар болуп атат.

Бүгүн жогорку окуу жайдагы балдардын окууга умтулуусу коомдогу жат көрүнүштөрдүн таасири астында төмөн болуп атат. Мамлекеттин чечими менен гана ушулардын бардыгын жөнгө салабы деген ой бар.

“Азаттык”: Олжобай мырза, кесип азыр көбүнчө канча каражат таба алам дегенден тандалып жаткандыгы айкын болуп турат. Кесипти туура тандоо үчүн жаштарга кандай жардам керек? Аларды ким даярдайт, ата-эненин каалоосу боюнча болобу, же мектепке атайын даярдоочу, багыттоочу сабактар барбы?

Олжобай Мажиримов: Балага кесипке багыт берүү бала бакчадан башталыш керек. Бүгүнкү күндө билим берүү мекемелеринде бул колго алынган, мугалимдер тарабынан бир топ иштер аткарылып келет.

Мисалы бизде бүтүрүүчүлөрдү өзүбүздүн аймагыбыздагы жогорку окуу жайлар менен, техникалык лицейлер менен ачык эшик күндөрүн өткөрүп, ал жерге бүтүрүүчүлөрдү алып барып, кандай кесип тандоо керек деген багытта иштер жүргүзүлүп келет. Бирок ошого карабастан, бир дагы бүтүрүүчү келечекте мугалим болом деп айткан жок.

Мунун объективдүү себеби бар. Биздин райондо бүгүнкү күнү 93 мугалим жетишпейт. Бул тармакта бүтүрүүчүлөрдүн окугусу келбегенинин себеби, мугалимдердин эмгек акысынын төмөндүгү жана коомчулуктун анча көңүл бурбаганынан болуп атат. Мугалимдердин эмгек акысы чечилип атат, эми көйгөйлөр чечилип калат деп ойлойм.

Эмгек рыногу өзгөрдү

“Азаттык”:
Менин кесиптешим айтып атат, "кечээ уулумдун 9 досу чогулду, алардын 8и экономисттин, бирөө инженердин окуусун тандап алыптыр" дейт. Бул факт болуп атат. Ошол эле мезгилде дипломду чөнтөккө салып коюп жумушсуз жүргөндөр көп. Ушундан улам кээ бир учурда 5-6 жыл, 2 жыл бакалавр менен магистратураны эске алганда 6 жыл текке кетиргиче, кыска мөөнөттө техникалык билим алууну эмне үчүн жандандырууга болбойт деген суроо туулат. Ошого баргандардын да саны аз деген пикирлер айтылат. Жапаркул мырза, азыр кесиптик-техникалык билим берүүнүн абалы кандай?

Жапаркул Ташиев: Азыр абалы эң жакшы дегенден албетте алысмын. Өмүрдө ар кандай кырдаал болот. Өмүрдүн башталышында да, өмүрдүн аягында да кесип керек. Мисалы мык каккан менен кыш куйгандын, же кирпич тизгендин, жыгач устаттын кимге кандай зыяны бар. Ошон үчүн биздин окуу жайларга кийинки жылдары кызыккандар көбөйө баштады.
Азыр Кыргызстан мугалимдерге муктаж. Бул жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүнө байланыштуу конкурс болот деп ойлоп атабыз.


Кечээ эле биз көп тармактарда куруучулар жетишпей жатканын сездик. Ош, Жалал-Абадда куруучулар жетпей, биз кыйналып, кыска мөөнөттө окууларга тартып, аларды жумуш менен камсыз кылууга аракет кылдык. Биздин окуу жайда жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 27 миңден ашып кетти. Алардын ичинде күндүзгү окугандар 15 миңге жакын.

“Азаттык”: Кайсы кесиптерге көбүрөөк окуп атышат? 10 жыл мурдагы менен азыркыны салыштыра аласызбы?

Жапаркул Ташиев: Азыр эмгек рыногу 10 жылдагыдан таптакыр башкача. Азыр заманбап үйлөр, жолдор, базарлар, жайлар курулуп атпайбы. Бизде азыр аябай эле өзгөрдү десек болот.

“Азаттык”: Советтик мезгилде сабакты начар окугандарды ПТУ деген кесиптик-техникалык окуу жайларга жиберген учурлар болду эле. Бүгүн кандай? Кимдер келет, "кудайдан жөө качкандар" келеби?

Жапаркул Ташиев: Андайлар да арасында болушу мүмкүн. Бирок азыр бизге 3-4-5 айлык окууларга жогорку билимдүүлөр да келип окуп атышат. Адистик алып анан Орусияда иштеп атышат.

“Азаттык”: Адатта мектепте окутуп, кесип тандатып, жогорку окуу жайдан кесиптик билим берип, андан ары ишке жайгаштырып, андан ары турмуш жолуна салуу милдети албетте ата-эненин, мектептин, жогорку окуу жайдын, ишке жайгаштыруучу тармактын милдети болуп эсептелет, мойнундагы жүк. Ушул багытта кандай биргелешкен кызматташтык бар?

Жапаркул Ташиев: Буга мамлекеттик деңгээлдеги мамиле керек деп Абдували мырзанын айтканы аябай жакты. Мамлекеттик деңгээлде комплекстүү мамиле керек. Бардыгыбыз биргелешпесек бул маселени чечиш кыйын.
Бирок биз сапат жагына карашыбыз керек. Укуктук системада адамдар жакшы жашап атканын көрүп атабыз.


Эдил Молдоев: 5075 орунду грант менен жыл сайын берет экенбиз. Ошондой эле министрликтер боюнча адистиктер боюнча бөлөбүз. 10-15 жылдан бери кандай болсо ошол боюнча эле берилип келатат, кыскарган жок, жогору көтөрүлгөн да жок.

Экинчи жактан ушул адистер бизге керекпи? Машиностроение боюнча көптөгөн адистер бар, ал эми бизде мындай заводдор жок. Биз даярдаган студенттер биздин акчага окуп бүтүп алып Орусия, Казакстанга кетип атышат. Башкача айтканда, биз мамлекеттин ишин анализдеп көрө элекпиз. Азыр министрликте ушул тармак менен иштеп атабыз.

Азыркы биздин экономикага керектүү адистерди чыгарганды унутуп калып эле, илгеркидей эле “штамповать этип” чыгарып атабыз. Азыр педагогика жагына артыкчылык берип атабыз. Себеби бизге 3 миң мугалим жетишпейт экен. Андан тышкары технология жагына.

Азыр Казань технология университетинин филиалын ачканга макулдугубузду бердик, ал Кантта ачылып атат. Биздин кийимдерди бүт КМШ кийип атат деп айтып атпайбызбы, бирок ошону түзүү жагынан адистерибиз начар экен. Рынокко керектүү, рынокко жооп берчү стандарттарды чыгарып, ошону менен адистерди дайындайлы деп атабыз. Бизге технологдор да керек.

“Азаттык”: Келечекке мыкты кадрларды тандап, жаштарды кынтыксыз келечектин ээси кылып тарбиялоо маселесинде өз ара кызматташтык деген нерсе кандай болуп жатат?

Абдивали Токтоматов: Ушул көптөн бери менин зээнимди кейитет. Бүгүн министрликтин окуу жайларга болгон мамилеси канааттандырбайт. Бүгүн биз бардыгыбыз бакалавр, магистр формасында адистерди даярдашыбыз керек деп кечээ министрликтен кагаз түшүрдү. Болбогон адистиктерди тыгып, мындай кыласың деп жогортодон ылдый түшүрмөй, бюрократизм, көрсөтмө дагы эле бар.

Бүгүн рыноктун шартында жашагандан кийин ошого жараша мамиле болуш керек. Мамлекеттин акчасы талаага чачылып атат деп айтсак да болот. Беш жыл окуганыңды төлөө деген сыктуу мамлекеттик деңгээлде чечимдер кабыл алынса, коомдо кандайдыр бир тартип келтире алабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG