Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Илимге кызыккан жаштар көбөйдү


Кыргызстандык жаш окумуштуулардын ачылыштары дүйнөнү дүңгүрөтөр бекен?

Кыргызстандык жаш окумуштуулардын ачылыштары дүйнөнү дүңгүрөтөр бекен?

Советтер союзу урагандан кийин жаштар арасында илимге кызыккан жаштардын саны кадимкидей азайганы менен, акыркы кездерде илим изилдеп, окумуштуу болгусу келген жаштардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук илидер академиясында өткөн “Илимге карай жол” деген аталыштагы илимий жыйында айтылды. Академиянын 55 жылдыгына арналган конференцияда жаш окумуштуу, аспиранттардын илимий иштери окулду.

Жаш окумуштуу Улан Кадыркулов жездин эритмесинин микропорошогун алуу, анын касиеттерин изилдөө боюнча илимий изилдөө жүргүзгөн. Анын айтымында, Кыргызстанда бул биринчи ирет алынып жатат. Уландын айтымында, аморфтуу микропорошок дүйнөдө да алына элек.

Улан өзү илимий иштерге, деги эле окумуштуу болууга студент кезинен эле кызыкчу. Ал дипломдук ишин жазып, аны улантууну туура көргөн.
Акыркы кезде Академияда окумуштуулардын 20 пайызы 35 жашка чейинки жаштар.


- Мунайдын запасы азайып, 20-30 жылда түгөнөт деп жатышат. Азыр мен изилдеп, жез-цинк эритмесинен алып жаткан микропорошоктор келечекте көмүрдөн бензиндин ордуна метонол алынат, башкача айтканда, көмүрдөн суюктук алса болот. 20-30 жыл аралыгында баары бир ушуга өтөт, окумуштуулар деле айтып жатат. Кыргызстанда көмүрдүн запасы көп да.

“Жаш окумуштуулар үчүн Академиянын эшиги ачык”

Бул ирет Илимдер академиясына 65 жаш окумуштуулардын илимий эмгектери келип түшкөн. Жаш илимпоздор көбүнчө информатика, экономика, биотехнология багыттарына кызыгууда. Жыйында Академиянын президенти Шарипа Жоробекова учурда илим изилдөөгө кызыккан жаштар аз болгонун белгиледи:

- Бул айлык акынын аздыгына, начар каржылоого, аспиранттардын стипендиясынын аз болушуна жана башка социалдык маселелерге байланыштуу да болчу. Бирок азыр биздин президиум тарабынан атайын жаш окумуштууларды колдоо программасы иштелип чыккан. Анын негизинде биз маселелерди акырындап чечип келе жатабыз. Мисалы, өткөн жылы биринчи болуп жаш окумуштууга сыйлык берилди. Академиянын президентинин кабылдамасы жаш окумуштуулар үчүн дайыма ачык. Кандайдыр бир маселеңер болсо бирге чечкенге дайым даярбыз.

Ушул тапта Академиядагы окумуштуулардын 20 пайызын 35 жашка чейинки жаштар түзөт. Алардын санын көбөйтүү үчүн да аракеттер жүрүп жатат. Бул туурасында жаш окумуштууларды колдоо фондунун жетекчиси Кайыркул Шалпыков “Азаттыкка” билдирди:

- Азыркы кезде жаштардын илимге болгон кызыгуусу артып баратат. Быйылкы жылы аспирантурага сынактар боло баштады. Мурда бир орунга 2-3 киши тапшырчу эмес, кээде тапшырылбай да кала берчү. Быйыл аспирантурага дээрлик 99 пайыз кабыл алынды. Азыркы кезде Академияда окумуштуулардын 20 пайызы 35 жашка чейинки жаштар. Биз муну 50 пайызга жеткиришибиз керек.

Академиянын алдында атайын жаш окумуштууларды колдоо фонду түзүлүп, фонддо алардын илимий эмгектери китеп болуп чыгарылган. Андан сырткары 12 жылга демөөрчүлөр тарабынан веб-сайт төлөнүп берилген. Бул илимге кызыккан жаштарды колдоо жана илимге тартуу максатында кабыл алынган чечимдер.

Илимий жыйында жаш окумуштуу, аспиранттардын ар кандай темадагы ондон ашуун илимий эмгектери угулду. Алар Кыргызстандын аймагынан табылган динозавр, таш бака, крокодил жана башка ушул сыяктуу жаныбарлардын сөөктөрүн иликтөө, өлкөдөгү эгиндин түрлөрү жана алардын сакталышы, дары чөп, тоо гүлдөрүнүн түрлөрү, картайган адамдардын иммунитетинин өзгөрүшү, иттердин тери оорулары жана башка темаларда болду. Соңунда жаш окумуштуу жана аспиранттарга сертификаттар тапшырылды.

"Азаттыктын" архивинен: Темирден жасалган Темирбек аттуу робот

Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинин бүтүрүүчү студенти Чыңгыз Кадыркулов досу экөө Кыргызстанда алгачкы робот курады. Студенттердин айтымында, Темирбек аттуу робот мындан ары да өркүндөтүлөт. 2009-жылдын 24-июну.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG