Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстанда билим берүү коррупцияга баткан тармак катары таанылган. Билим берүү мекемелеринин бюджети ачык эмес, жетекчилери шайланбастан бийлик тарабынан дайындалуусу, окутуучулардын айлык акыларынын төмөндүгү – коррупцияга алып барган негизги себептер.

Билим берүү тармагынын коррупцияга батты деп айтып Кыргызстанда азыр эч кимди таң калтыра албасаң керек. Кеп азыр бул илдетти кантип жеңүүдө турат.

Коррупцияны жеңүү, билим сапатын арттыруу максатында “Кесилиш Club” талкуу тобу менен Билим берүү министрлигинин Байкоочу кеңеши бир катар мамлекеттик окуу жайларды менчиктештирүү, жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) лицензия алуу эрежесин жокко чыгаруу жана алардын бюджетинде ачык-айкындуулукту камсыз кылууну сунуштап жатышат.

Демилгечилер билим берүүдө 20 жылдан берки коррупциянын себептерин атап беришти. Биринчиден, ЖОЖдордун ректорлору шайлоо аркылуу эмес, мурдагы президенттер Акаев, Бакиев доорунан бери дайындоо жолу менен кызматка келет. Ошондуктан ректорлор өз тагдыры бир гана мамлекет башчысынын колунда экенинен улам жамааттан жана коомчулуктун пикиринен анча коркушпайт.

Экинчиден, ЖОЖдордун бюджети ачык эмес болгондуктан окуу жай жетекчилери каражатты өз билгенине жараша пайдалануусуна өбөлгө түзүлөт.

Үчүнчүдөн, лицензия берүү эрежеси жеке менчик окуу жайлардын ачылуусуна, атаандаштыкка тоскоолдук жаратууда жана айрым чиновниктердин кызмат абалынан кыянатчылык кылуусуна шарт түзүүдө. Андыктан лицензияны бекер кылып же жоюп, окуу жайлардан эл аралык тажрыйбада колдонулчу стандарттарды талап кылган оң. Ал үчүн көз карандысыз ассоциациялардын каттоосунан өтүп, “сапаттуу окуу жай” деген даражага ээ болсо болот.

ЖОЖду бийлик тескебеши керек

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, өлкө башчылары бүгүн да ЖОЖдорду илгеркидей түздөн-түз башкаргысы, каалаган адамын ректор кылып дайындагысы келет:

- Өздөрү досун, тууганын койот. Ал ректорлор жогору жакты гана карап, эл менен иши жок чөнтөгүн толтуруп коюп гана жүрөт. Бул өнүкпөй турган система. Ошондуктан биз демократиянын негизинде атаандаштык шартты түзүп, иштей турган система курушубуз керек.

Эң оболу окуу деңгээли боюнча ЖОЖдорго стандарттарды коюш керек, мобундан ылдый болбош керек деп. Экинчиден, ошол деңгээлге жетиш үчүн кандай материалдык курал-жарактары, шарттары, канча компьютери ж.б. болушу керек? Мына ушуну стандарт кылып аныкташ керек. Ошого жооп берген ЖОЖдор гана иштеш керек. Бул эми төмөнкү стандарт чеги катары болушу керек, андан өйдө кандай өнүгөт ар кимдин өз иши...
Кыргызстанда билим берүү тармагын оңдош үчүн жалпы системаны оңдош керек.


Эл аралык билим берүү боюнча эксперт Мырза Каримовдун ырасташынча, демейде университеттердин казынасынан миллиондорду уурдаган жетекчилер же жазаланбай, же андан да чоң кызматка көтөрүлүп, болгону 500 сом алган мугалимдер тутулуп калганы да эл оозунда көп айтылат.

Каримовдун айтымында, коррупция ректорду дайындоодон башталат. Жаңы ректор дайындалары менен эл ичинде айтылгандай майлуу кызматтарга өз кишилерин алып келе баштайт. Ошентип ректор окуу жайда акыркы чечим чыгарган жалгыз адамга айланып, окуу жайдын каражаты кандайча коротулуп атканын эсепчи менен ректордон башка эч ким билбейт.

Дипломдун кантип куну кетти?

Ар кыл эсептөөлөр боюнча, Кыргызстандагы ЖОЖдордо жылдык каражаттын 40 пайыздайы гана окутуучулардын айлык-акысына, окуу процессине жумшалат. Калган 60 пайызы кандайча коротулары тууралуу так маалымат жок.

Кээ бир ЖОЖдун алдында факультеттердин ордуна бир канча институттар ачылып кеткен. Алар да өз алдынча эсеп-чот жүргүзүп, жасалма түрдө жетекчилердин саны көбөйүп кете берген. Каримовдун пикиринде, ЖОЖдун ректору өз айлыгынан тышкары ошол окуу жай алдындагы институттардан да өзүнчө айлык алат. Андан тышкары, ректор менен башкы эсепчи техникалык каражаттарды, компьютерлерди, жарак-жабдыктарды сатып алууда, имаратты оңдоо иштеринде олчойгон акча жасашат. Андыктан окуу жайлардын жеке менчик же аралаш түрдө болгону максатка ылайыктуу.

Канат Садыков
Билим берүү министри Канат Садыков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ЖОЖдорду дале үстүдөн, Ак үйдөн башкаруу системасы кала берип жатканын, ошол эле маалда дипломдор базардагыдай сатылган учурлар бар экенин айтат. Анын ырасташынча, бул маселеге чогуу-чаран киришпесе жалгыз министрликтин алы жетпейт:

- Биз коомчулук, өзүбүз бул жакка абдан катуу көзөмөл салышыбыз керек. “Жалгыз эле министрлик өзүнүн күчү менен мунун баарын алдыга жылдырат” деген ойдон алыс болушубуз керек.

Билим берүү министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрага орун басары Абубакир Жураевдин айтымында, мамлекет жылына ЖОЖдор үчүн 360 миллион сомдой каражат бөлөт. Ошол эле маалда 365 миллион сомдой каражат жыйнап алат. Демек мамлекеттик делген окуу жайларды мамлекеттик деп аташка ооз барбайт. Анткени алар мамлекеттен бир тыйын албай эле акча таап, тескерисинче кайра берүүдө. Ошентсе да окуу сапаты төмөн бойдон калып, талапка ылайык кадрлар даярдалбай келет.

А.Жураевдин пикиринде, мамлекеттик башкаруу системасын комплекстүү түрдө жакшыртмайын бир тармакта олуттуу жылыш болуусу кыйын:
Биз демократиянын негизинде атаандаштык шартты түзүп, иштей турган система курушубуз керек.


- Азыркы билим берүү системасын өркүндөтүү маселелери көбүнчө декларативдүү болуп келген. Азыр деле ошондой болуп турат. Кыргызстанда билим берүү тармагын оңдош үчүн жалпы системаны оңдош керек. Бир гана билим берүү системасын оңдоп, финансы ж.б. тармактарды оңдобой жасай албайбыз муну...

Ушул тапта Кыргызстанда 52 ЖОЖ бар. Алардын жыйырмасы жеке менчик, калганы мамлекеттик. Бул окуу жайларда жалпы 233 миң 605 студент билим алат. Ошентсе да алардын көбү окуусун бүткөндө жумушсуз калып келатат. Андыктан бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары ЖОЖдор үчүн чыныгы атаандаштык шарттарын түзүү, окуу жайларда камкорчулар кеңешин түзүү жана ректорлорду шайлоо жолу менен тандоо сыяктуу маселелерди көтөрмөкчү болушууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG