Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:38

Дипломдуулар көп, кесипкөйлөр тартыш


Лев Толстой көчөсүндө күнүмдүк иш үчүн кардар күткөндөр.

Лев Толстой көчөсүндө күнүмдүк иш үчүн кардар күткөндөр.

Кыргызстанда расмий катталган жумушсуздардын саны 210 миң. Ошол эле кезде өлкөнүн эмгек базары иштин көзүн билген куруучу, ашпозчу, тигүүчү сыяктуу кесип ээлерине суусап турат.

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө күнүмдүк иш үчүн кардар күткөндөрдүн катары суук түшкөнү калыңдайт. Шаардыктар бул жерди эмгек биржасы же "кулбазар" деп билишет. Эмгек биржасынан иш издегендердин саны жайкысын 120-200дү түзсө, кышкысын 800дөн миңге чейин жетет.

Дипломдуу ишсиздер

Борбор калаанын өзүндө жумушсуздардын расмий тизмесинен орун алган 41 миң адам бар. Мындай маалымат 10-декабрда Бишкекте өткөн жумушсуздук маселесине арналган жыйында айтылды. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков ишсиздердин саны кыскарбай жатканын айтууда.

- Бишкекте жалпы 929 миң адам жашаса, алардын 340 миңи экономикалык жактан активдүү жарандар. Шаар тургундарынын 58 пайызы жумуш менен камсыз болгон. Жалпы ишсиздер 41 миң адам. Бирок бизде 7400ү гана каттоодо турат. Бизге иш сурап кайрылгандар аз. Бирок учурда 25 миңге жакын шаар тургуну өз алдынча иш издеп жүрөт. Бул маалыматтар иликтөө жыйынтыгында дайын болду.

Эмгек базары.10-декабрь, 2014-жыл

Эмгек базары.10-декабрь, 2014-жыл

Ишсиздер өздөрү каалаган маянадагы жумуш таппай жаткан чакта иш берүүчүлөр кесибин мыкты билген адистерге муктаж экенин какшап келишет. Ишкерлердин айтымында, Кыргызстандын эмгек базары юрист, экономисттерге эмес, иштин көзүн билген куруучу, ашпозчу, тигүүчү сыяктуу кесип ээлерине суусап турат.

Жаш ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек ишсиздердин санын кесип тандоодон адашкан жогорку билимдүүлөр көбөйтүп жатат деген ойдо.

- Көп студенттер өзү жактырбаган же түшүнүгү жок кесиптерди тандап алышат да бүткөндөн кийин жумушсуздардын катарына кошулат. Кыргызстандын билим берүү системасы өз казанында кайнап, студенттерди өзү каалаган кесиптерге окута берет. Эмгек базарында кайсы кесипке талап жогору болуп жатканын эске алышпайт. Негизги иш берүүчүлөр болуп саналган ишкерлердин ой-пикир, сунуштарын угуп да коюшпайт.

"Кулбазарда" жалкоолор гана иштейби?

Макаланын башында айтылган эмгек биржасынын арты менен канча адам күн көрүп жатканын так айтуу кыйын. Бирок ал жайда ысык-суукка карабай иш күткөн карысы да, жашы да, соосу, масы да бар. Күнүмдүк жалданма жумушта иштеп, 200 сомдон 1000 сомго чейин акы алышат. Бактыбек Усупбаев алар мэрия таап берген туруктуу жумуштан баш тартып жатканын айтты.

- Биз эмгек биржасындагыларга 10-15 миң сом айлыгы бар жумуштарды сунуштайбыз. Алар күнүмдүк акчага көнүп алгандыктан, андан баш тартышууда. Арасында көбү жалкоолор. Күнүнө сегиз саат иштегилери келбейт. Бир-эки саат жүк ташып иштеп, акча тапканды жакшы көрүшөт. "Кулбазардагылардын" көбү тапканынын жарымын ичкиликке жумшашат.

Бишкек шаары

Бишкек шаары

Бишкек мэриясы иши жок шаардыктарга кар күрөө, көчө шыпыруу сыяктуу коомдук жумуштарды да сунуштайт. Бирок коомдук ишке тартылгандар төрт сааттык күнүмдүк иш үчүн мэриядан айына болгону миң сом акы алышат экен.

Кыргызстанда жумушсуздардын расмий саны 210 миңге жетти. Бирок чыныгы ишсиздердин саны мындан алда канча көп экенин айткандар да бар. “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жаңы иш орундарын түзүүнүн ордуна, жарандардын өлкөдөн чыгып кетишине көмөктөшкөн Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин сынга алды.

- Жаштар министрлиги ишке жарамдууларды чет өлкөгө чыгаруудан башка эч нерсе кылган жок. Мындай саясат такыр туура эмес, өлкө келечеги үчүн кооптуу. Мен билгенден мамлекет бир да иш ордун түзө алган жок. Жумушсуз үйдө отургандар толуп жатат. Тиешелүү министрликтер ишкерлер менен жаңы ишканаларды куруп, иш орундарын түзүшү керек болчу. Мунусу аз келгенсип, жарандарыбыз ачка отурса, жыл сайын 13 миңге жакын чет өлкөлүккө иш орундарын бөлүшөт.

Өлкө жарандарынын 2,5 миллионго жакыны ишке жарамдуу болуп саналат. Алардын 32 пайызы айыл чарба тармагында, 16 пайызы соода-сатыкта, 11 пайызы курулушта жана 7 пайызга жакыны тейлөө тармагында эмгектенишет. Кыргызстанда орточо айлык акы 12 миңдин тегерегинде. Бейрасмий маалыматтарга таянсак, кыргызстандыктардын 150 миңи Казакстанда, 750 миңи Орусияда эмгек миграциясында жүрөт.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG