Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Учурда жогорку окуу жайлар абитуриенттерди кабыл алууну улантууда. Ошол эле кезде Кыргызстанда окуу жайлар дипломдуу жумушсуздарды чыгарып жатат деп айтылууда. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу билим темасына арналды.

Талкууга Билим берүү министринин орун басары Муктар Орозбеков, Билим берүү министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү, билим берүү жаатында эксперт Кеңешбек Сайназаров жана ишкер Азамат Акелеев катышты.





“Азаттык”: Муктар мырза, Кыргызстанда айрым жогорку окуу жайларына бюджеттик бөлүмдөргө орундар 94% түзүп, үчүнчү тур болору айтылды. Бюджетке кайсы адистерге басым жасалган.

Муктар Орозбеков: Жыл сайын мамлекет тарабынан 5700 бюджеттик орун бөлүнөт. Жылдагыга караганда быйыл абал жакшы, анткени былтыркы жылы мындай ачыктык болбосо керек. Себеби былтыр ушул мезгилде 522 орун толбой калган. Бүгүнкү күндө болгону 289.

Бул орундардын толбогону – жогорку окуу жайлардагы толгон орундар, бирок аягына келгенде үчтөн, кээде төрттөн, же экиден абитуриент талашып калган үчүн толбой калган. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ветеринария адистигине орун толгон жок. Бирок ар бир жогорку окуу жай өзүнө бөлүнгөн орундун жалпы суммасынын ичинен чыкпастан өз ара бөлүп алышат.

“Азаттык”: Мамлекеттик заказ деген болот, кайсы адистиктерге көбүрөк басым жасалып атат?

Муктар Орозбеков: Ушул күндө биринчи кезекте педагогикалык, техникалык, айыл чарба багытындагы адистиктерге көңүл буруп, көбүрөк орун бөлдүк.

“Азаттык”: Жыл сайын 30 миңге жакын улан-кыз жогорку билим алса, алардын көпчүлүгү жумушсуздардын армиясын толуктайт экен. Анын себеби эмне?
Жогорку окуу жайлар базардын шарттарына, жумуш берүүчүлөрдүн, компаниялардын сураган шарттарын угуш керек. Башка мамлекеттерде көп нерсени уюмдар чечет.

Муктар Орозбеков: Биз мамлекет тарабынан жылына 5700 абитуриентти кабыл алабыз. Ал эми калгандары акча төлөө, келишим жолу менен окуп бүткөндөр. Алар өздөрүнүн каалоосу менен жумуш тандап алышат, мамлекет тарабынан биз жумуш менен камсыз кылып бере албайбыз. Быйылкы жылы айрыкча педагогикалык багытта бүткөндөр жумуш орду менен камсыз болду. Буга мугалимдердин айлык акынын көбөйүшү себеп болду.

“Азаттык”: Кесипке даярдоо стратегиясы жок, адам өзүн-өзү баккан кесиптер окутулбайт деп айтып атат. Азамат мырза, сиздердин компанияда да дээрлик жаштар иштейт. 20 жылдан бери дипломдорго карабай, сурабай калышыптыр. Сиз жумуш берүүдө эмнеге көңүл бурасыз?

Азамат Акелеев: Биздин компания башка бизнестер үчүн профессионалдык кызматтарды, маркетинг боюнча ар кандай долбоорлорду жасайбыз. Бизге өзгөчө маркетинг боюнча адистер керек. Маркетинг – жаңы чыккан кесип, муну көптөрү жакшы өздөштүрө элек. Бул багыт боюнча мугалимдер да аз.

Муктар Орозбеков
Мен балдарды алганда адегенде база жагын, мисалы жазганды, туура сүйлөгөндү билеби, жалпы билими, аракети барбы – мына ошого карайм. Дипломуна такыр карабайм десем болот. Окуу жайлар да ушуга көңүл буруш керек.

Биз 2008-жылы компаниялар арасында “жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү канааттандырабы” деген суроо менен изилдөө өткөргөнбүз, ошондо 65 пайызы “канааттандырбайт” деп айткан. Биринчиден, туура жазууну, өз оюн туура айтууну билбейт, коммуникациялык билимдери, экономикалык даярдыктары жок экенин ошондо белгилешкен. Бул көбүнчө техникалык, технологиялык иштер менен алектенген компанияларга маанилүү болгон.

“Азаттык”: Силерге керектүү болгон кесипте адистиктер жетиштүү бекен?
Жаңы факультеттер ачылбайт, кээ бир институттарды, факультеттерди жабуу жагынан иштейбиз. Биз сапатка өтүп, бир жерге күчтү топтой турган заман келди.

Азамат Акелеев: Бизге жетиштүү болбой жатат. Бизге маркетинг боюнча изилдөөлөрдү жакшы билгендер керек. Мен өзүмдүн компанияма Борбор Азиядагы Америка университетин бүткөндөрдү алам. Ал балдарды да компаниямдын ичинде үйрөтүп, даярдашым керек.

“Азаттык”: Окууну бүтүп алып, өз жанын бага албай дипломун сандыкка салып, Орусияга мигрант болуп, же базарга иштеп кеткен жаштар арбын. Өз кесибинде иштеген жаштар бар, бирок аз. Кесип тандоодогу жаңылыштыктар эмнеден болуп атат, Кеңешбек мырза?

Кеңешбек Сайназаров: Себептери ар кандай болушу мүмкүн. Эптеп диплом алыш керек деген балдар жогорку окуу жайга окууга тапшырганда келечекте кандай адистикти алам, ошол боюнча жумуш барбы, жокпу, менин ошончолук потенциалым барбы деген суроолорду тактабастан ата-энесинин, досторунун, же башка факторлордун таасири менен кайсы бир адистикке тапшырып алат.

Экинчиден, максатсыз тапшыра турган болсо да университеттерде биринчи окуу жылында даярдыктан өтүш керек. Ошол мезгилде багыт бере турган мүмкүнчүлүктөрдү түзбөй атат.

Аягы көрүнбөгөн реформа

“Азаттык”: Билим берүү министрлиги коомчулукка, рынокко керек болуп аткан адистиктерди иликтеп чыгып, ошону жарнамалаш керекпи?

Кеңешбек Сайназаров: Албетте ошондой кылыш керек. Ал 2008-жылдан бери талкууланып атат. Азыр 5 миңден ашык адистиктер керек деп атат. Ошол адистиктер эмнеге таянып билинип атат, бүгүнкү пенсияга жакындап калган адистердин санына жарашабы, же орундардын боштугуна каратабы, ошол 5 миң деген сан түшпөй койду.

“Азаттык”: Муктар мырза, эл аралык эксперттердин иликтөөсү боюнча, студенттердин саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө 14-орунда болгону менен, билим деңгээли боюнча акыркы орунда экен. Кесипти туура эмес тандоо, эптеп диплом алуу керек деген түшүнүктөр буга себеп болуп аткан жокпу?
Бизге өзгөчө маркетинг боюнча адистер керек. Маркетинг – жаңы чыккан кесип, муну көптөрү жакшы өздөштүрө элек. Бул багыт боюнча мугалимдер да аз.

Муктар Орозбеков: Бул жерде философиянын аныктамасы билим берүүгө туура келбейт экен, сандан сапатка өтө албайт экенбиз. Себеби саны көп окуу жайлардан начар педагогдор чыгып, начар педагогдор мектептерде начар окуучуларды даярдап, айланып келип сапатка өтүүгө кыйын болуп турат. Ошондуктан министрликтин максаты - биринчи кезекте окуу жайлардын санын кыскартып, сапатка өтүү.

“Азаттык”: Билим берүү тармагын реформа кылыш керек деп көп жылдан бери маселе көтөрүлүп келатат. Бирок алгылыктуу өзгөрүш, жылыштар болбогонун адистер белгилешет. Кеңешбек мырза, байкоочу кеңеш ушул керек эмес факультеттерди кыскартып, жаңысын ачып, сунуштарды берип атасыздарбы?

Кеңешбек Сайназаров: Буга чейин сегиз жолу отурум болду. Ар бир отурумдун ичинде бирден суроону жогорку окуу жайлар боюнча карайбыз. Бир реформаны баштайбыз, ал акырына чыкпай дагы башка нерсе башталат. Чечкиндүү кадамдар болбой атат.

Кеңешбек Сайназаров
Муктар Орозбеков: Быйылкы чечкиндүү кадамдардын эң негизгиси – өкмөттүн токтому менен жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмдөрүнө кабыл алуу болду. Бул биринчи кезекте айкындуулукту, адилеттүүлүктү, көп жылдардан бери жогорку окуу жайлардын беделин түшүрүп жүргөн коррупцияга бир топ бөгөт койду деп айта алам.

Ошону менен бирге айтат элем, акыркы учурда экинчи турга жакындап калган мезгилде медицина менен англис тилинен башка адистиктерге өтө турган босогодогу баллдарды алып салды. Бул кайрадан эле сапатсыз студенттерди алабыз дегенди билдирет.

Кеңешбек Сайназаров: Босого баллдарын алып салганыбыз жок, экинчи турда контракттык бөлүмдөргө кабыл алганда 10 баллга төмөндөтүп бердик. Себеби быйылкы жылы 72 миң бүтүрүүчү болсо, анын 40 миңи жалпы тестирлөөгө катышкан. Ушул себептен өз эсебинен окугандарга аз да болсо мүмкүнчүлүк берели дедик. Бул жылдан жылга күчөйт. Былтыркы жылы кирүү босогосу 105 болсо, быйыл 110го көтөрүлдү.
2008-жылы компаниялар арасында “жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү канааттандырабы” деген суроо менен изилдөө өткөргөнбүз, ошондо 65 пайызы “канааттандырбайт” деп айткан.

Азамат Акелеев: Азыр 52 жогорку окуу жайы бар экен, анын ичинде жүздөгөн институттар, борборлор бар экен. Министрликтин ичинде кандайдыр бир стандарттар бар, лицензия алыш үчүн ошол стандарттарга окуу жайлар ылайык болуш керек. Ал стандарттардан өтөт, анан лицензияны алат, андан соң аттестация. Ушул үч этапты министрлик жакшылап көзөмөлдөсө сапаты жакшырмак. Бизнес болуп кеткен окуу жайлар жабылыш керек.

“Азаттык”: Жабыш керек деп кайсы жогорку окуу жайларды жана кайсы факультеттерди атай алат элеңиз?

Азамат Акелеев: Канча юридикалык, экономикалык факультеттер бар! Ал жерде мугалимдердин да сапаты, академиялык шарттар боюнча да туура келбейт, китептери да жок. Анын баары ушул стандарттардын ичинде бар. Бирок алар дагы эле иштеп жүрүшөт.

Кесиптерди иргечү кез келди

“Азаттык”: Университетте базарда көп керек эмес факультеттер жоюлуп, ревизия жүрүшү мүмкүнбү? Бул жылы жаңы кайсы факультеттер ачылды же ачылат?

Муктар Орозбеков: Министрликтин астында лицензия берүүчү комиссиябыз бар. Ал жерде окутуучулардын илимий даражалары, окуу бөлмөлөрдүн аянттары, китептердин саны, компьютердин саны жана башка талаптарга жооп бергенде гана болот. Биз ошол багытта өзүбүз комиссия түзүп, талапка жооп бербегенди, бүгүнкү заман кайсы адистиктерди кабыл алат, кереги жокторду текшерүүдөн өткөрүп жатабыз. Буйруса, жакын арада жаңы окуу жылына чейин анын кабарын угасыздар.

“Азаттык”: Жаңы факультеттер ачылып калышы мүмкүн турбайбы?

Муктар Орозбеков: Жаңы факультеттер ачылбайт, кээ бир институттарды, факультеттерди жабуу жагынан иштейбиз. Биз сапатка өтүп, бир жерге күчтү топтой турган заман келди.

“Азаттык”: Мисалы сантехник, ширетүүчү болууну каалагандардын саны эми гана көбөйүп жатыптыр. Албетте баары эле сантехник болуп кетсин дебейбиз, бирок жалаң эле көп акча төлөп юрист, экономист болгон да туура эмес болуш керек. Кантип керектүү делген кесипти тандоого үйрөтүү мүмкүн?

Кеңешбек Сайназаров: Орто Азия университети Нарын облусу боюнча иштешет, алардын берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир орунга 14кө чейин жеткен орто билим берүү окуу жайлар бар. Акыркы учурларда Кыргызстанда кыска адистикти алган балдардын дилгирлиги көбөйдү. Азыр атайын кыска адистиктен өткөн балдарды топтоп Канада жана башка өнүккөн мамлекеттерге жөнөткөн топтор көп.

Азамат Акелеев
“Азаттык”: Муктар мырза, бирок көп эле окуу жайларда пенсия жашында окутуучулар сабак беришет. Эски лекция дептерин көтөрүп келип, окуп чыгып кетишет деп көп эле студенттерден угуп жүрөбүз. Ошол эски лекцияны жаттатып, билим берген окутуучулар кантип жаңы реформаларды жасай алат? Ушул багытта реформа болушу күтүлөбү?

Муктар Орозбеков: Кыргыз мурдагы психологиядан башка түз жолго өтүп, балдарын сантехникке, ширетүүчү адистиктерге даярдаганы үчүн 2009-жылы Кыргызстан боюнча биринчи курска 35 миң студент кабыл алынган болсо, өткөн жылы 31 миң студент кабыл алынды, быйыл андан да төмөн болот деп турабыз.

Пенсионерлер Совет доорунда деле, азыркы доордо деле окуткан. Мисалы, математика илими ошол эле бойдон. Мисалы базар экономикасы боюнча, башка мамлекеттерден үйрөнүп келгендер бар, бирок кемчиликтер бар. Билим берүү тармагындагы реформа бир эле министрликтин колунан келбейт экен. Жалпы кыргызстандыктарды, ата-энелер чакырат элем, милдетибиз катары баарыбыз колдоп алдыга сүрөсөк, ошондо гана алдыга жылчудайбыз.

“Азаттык”: Сиздерде маалымат барбы, бүтүрүүчүлөрдүн канчасы жумушка ээ болушат, канчасы жумушсуз калышат?
Быйылкы жылы айрыкча педагогикалык багытта бүткөндөр жумуш орду менен камсыз болду. Буга мугалимдердин айлык акынын көбөйүшү себеп болду.

Муктар Орозбеков: Негизинен бюджеттик орунду бүткөндөр мамлекет менен үч тараптуу келишимдерди түзөт, бүткөндөн кийин алар сөзсүз 2 жылдан жөнөтүлгөн жагына барып иштеп бериши керек.

“Азаттык”: Калган 26 миңин деле керектүү кылып окутса болбойбу?

Муктар Орозбеков: Керектүү кылып окутса болот. Ал үчүн Кыргызстанда өнүккөн экономика болуш керек.

Азамат Акелеев: Азыр бизде базар экономика. Жогорку окуу жайлардын көпчүлүгү министрликтен көз карандысыз. Министрликтин максаты баарына бирдей шарт түзүп берүү жана аны көзөмөлдөө.

Ал эми жогорку окуу жайлар базардын шарттарына, жумуш берүүчүлөрдүн, компаниялардын сураган шарттарын угуш керек. Башка мамлекеттерде көп нерсени уюмдар чечет. Ушул жаатта жогорку окуу жайлар, жетекчиликтери, ишкерлердин ассоциациялары чогуу иштеп, бара-бара базар экономиканын шарттарына туура келиш керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG