Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Назарбаев: Бизге акыл үйрөтпөгүлө


Нурсултан Назарбаев (оңдо) менен Дэвид Кэмерон Астанадагы жолугушууда, 1-июль, 2013.
Нурсултан Назарбаев (оңдо) менен Дэвид Кэмерон Астанадагы жолугушууда, 1-июль, 2013.

Дэвид Кэмерон Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Буга чейин бир да британ премьери бул өлкөгө өкмөттү жетектеп турган учурда барган эмес. Адам укуктары жөнүндө Кэмерондун максаты, Назарбаевдин жообу жалпы визиттин экономикалык фонунун артында калгансыды.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин британиялык премьер Дэвид Кэмерон менен биргелешкен маалымат жыйынында казак президенти Нурсултан Назарбаев: “Эч ким бизге кантип жашаганды жана кантип өлкөнү курууну үйрөтүүгө укугу жок”, - деп билдирди. Назарбаев британиялык журналисттин Казакстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндө узаткан суроосуна жооп берип жатып ушинтип айтты.

Назарбаевдин айтымында, “Казакстанда ар бир жаран негизги укуктарга жана эркиндикке ээ”.

Британ премьери болсо күн тартибинде алар бардык маселелерди, анын ичинде адам укуктарынын абалын да, буга чейин Human Rights Watch уюму премьерге жиберген катын да талкуулашканын айтты. "Биздин ортобузда ушундай ачык сүйлөшүүнүн болгону маанилүү", - деди ал.

Кэмерон казак лидери менен жолугушууга чейинки сөзүндө эле бул визитинин башкы максаты деп “экономикалык келишимдерге жетишүүнү” атаган, бирок өз алдынча сүйлөшкөндө “адам укуктарынынын абалы жөнүндө да сүйлөшөөрүн кыйыткан”.

Бүгүн Кэмерон менен Назарбаев негизинен экономикалык алакаларды камтыган Стратегиялык кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Назарбаев журналисттерге сүйлөп жатып, Казакстан Улуу Британия менен энергетикалык кызматташтыктын жаңы деңгээлине даяр экенин белгиледи. Мунун мааниси Казакстан өзүнүн чийки сырьесун инвестицияга, заманбап технологияга алмаштырууну самайт.

Мындан сырткары, аталган келишим эки тараптуу соода-сатыкты жандандырып, транспорт каттамдарын, жарандык авиацияны өнүктүрүүнү да эсепке алат.

Кэмерон – Казакстанга өкмөттү жетектеп турган чакта барган алгачкы британ премьери. Ал жекшембиде Атырау шаарына Пакистандан учуп келди. “Кашаган” мунай жана газ кени жайгашкан жерде “Болашак” деп аталган заводдун ачылышына катышты.

"Мен Пакистандан кечигип учкандыктан, Казакстанга бир сааттай кеч кондум. Келгенден кийин президент Назарбаевден аны күттүрүп койгонум үчүн кечирим сурадым. Президент мага карап: “Мен британ премьеринин келишин 20 жылдан ашык убактан бери күтүп жүрөм. Ошон үчүн сиздин бир аз кечиккениңиз эч нерсе эмес”, - деди. Мен Казакстанга келгениме чексиз кубанычтамын", - деп айтты Кэмерон.

“Болашак” – бул Каспий деңизинин түндүгүндөгү ири газ жана мунай кенжайы “Кашаганда” жайгашкан завод. Быйыл жыл этегинде “Кашаганда” иш толук күчүнө киргизилгенде, күнүнө 450 миң баррель мунай, 8.8 млн.куб метр жаратылыш газы өндүрүлөт деп божомолдонууда.

Кэмерон мунайга бай Казакстанга британиялык 30 ишкер менен кошо келди. Визиттин жыйынтыгында 1 млрд. доллардан ашык баага тете бизнес-макулдашууларга жетишери алдын ала айтылган болчу.

Казакстанды 20 жылдан ашуун мезгилден бери башкарып келаткан Нурсултан Назарбаев - өзүнүн саясий оппоненттерине жана диссиденттерге эч бир чыдабай турганын көрсөтүп келаткан лидер.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG