Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Кыргыз революциясын эңсеген казак ишкери


Тохтар Тулешов жана Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев
Тохтар Тулешов жана Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев

Казак бийлиги сыра магнаты Тохтар Тулешовду Кыргызстандын ыкмасы менен бийликти тартып алууга аракеттенген деп айыптады. Алты айдан бери абакта жаткан казакстандык ишкерге мурда коюлган айыптар өзгөртүлдү.

Казакстандагы "Шымкент" сыра заводунун ээси Тохтар Тулешовдун иши бонча тергөөнүн негизги бөлүгү жыйынтыкталды.

Анын натыйжасында Тулешовго "адам уурдоо", "бийликти алмаштырууга чакырык жасоо", "каракчылык", "адам өлтүрүү" сыяктуу 13 оор айып коюлду.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Руслан Карасевдун билдиришинче, Тулешов эл аралык криминалдык топтордун жардамы менен бийликти алмаштырганга камынган.

- Тулешов криминалдык дымагын ишке ашыруу үчүн мекемелерин кайтаруучу күзөт кызматынын карамагында уюшкан кылмыштуу топту түзгөн. Алар атайын машыгуудан өткөн, жакшы куралданган, Тулешовдун буйруктарын кынтыксыз аткарган жоокерлерге айланган. Анын карамагында катталган жана катталбаган курал-жарактар болгону тинтүүдө далилденди. Эл аралык криминалдык топторго Тулешов тарабынан ири суммадагы акча тынымсыз которулуп турганы ачыкка чыкты. Андан сырткары ал түзгөн бандиттик топ адамдарды уурдаганы, кыйноого алганы жана өлтүргөнү өздөрү тартып алган фото жана видео тасмалардан улам маалым болду.

Тулешовдун аскер кийимдери
Тулешовдун аскер кийимдери

Коопсуздук кызматы Тулешовго тагылган айыптар боюнча бир нече далил буюмдарды да көрсөттү. Алардын арасында ондогон ок атуучу куралдар, жасалма сыйлыктар, күч кызматтарына таандык болгон даражалуу кийимдер, орден медалдар менен жасалма күбөлүктөр жана Тулешовдун ири криминалдык аталыктардын арасында түшкөн сүрөттөрү бар.

Коопсуздук комитетинин өкүлү Руслан Карасевдун маалымдашынча, ал Казакстан бийлигин Кыргызстандын тажрыйбасы менен алмаштырууну көздөгөн.

- Тулешов Кыргызстандагы 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы төңкөрүштөрдү терең изилдеп чыккан. Бул боюнча керектүү материалдарды Кыргызстанга барып топтоп жүргөн. Ал өз кызыкчылыгына пайдалана турган бийликке нааразы маанай Казакстандын түштүк облустарында бар деп эсептеген. Нааразылык толкундоолорун жаратып, анын арты менен бийликке ультиматум коюп, вице-президент болууну, андан соң өлкөнү башкарып калууну көздөгөн.

Тулешовдун үйүнөн табылган курал-жарактар
Тулешовдун үйүнөн табылган курал-жарактар

Алты айга созулган тергөөнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында Тулешовду камакка алган учурда тагылган диний экстремисттик адабияттарды жана баңги заттарды мыйзамсыз сактаган деген айыптар тууралуу бир дагы сөз болгон жок.

Азырынча Тулешовдун жакындары же адвокаты ага тагылып жаткан айыптар боюнча эч кандай билдирүү таратыша элек.

Тулешовдун иши боюнча 25 адамга ар кандай айыптар коюлган. Алардын катарында башкы прокурордун мурунку орунбасары, Коргоо министрлиги менен Ички иштер министрлигинин эки генералы жана бир нече полковник бар. 300 киши тергөөдө күбө катары көрсөтмө беришкен.

Казак прокуратурасы Тулешов боюнча соттук жараян жабык болорун азыртадан эскертти.

"Шымкент" сыра заводуна кожоюндук кылган Тулешов өлкөдө ири ишкер катары белгилүү. Анын Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстанда да бир нече ири бизнестери болгон.

Тергөө тараткан мааламаттарга караганда, Тулешовдун мамлекеттик банктарга 200 миллион доллар карызы бар. Дал ушул ири карыз аны мамлекеттик төңкөрүш жасоого түрткөн деген божомолдор айтылууда.

XS
SM
MD
LG