Линктер

Узап бараткан жумада мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаратты. Казакстан геосаясий оюндардын тегирменине түштүбү? Беш айда республиканын экономикасы эмнеге жетишти?

Чубак ажынын чуусу

Парламенттик шайлоо алдында саясий партияларды "суктандырган", миллион кырдуу жашоонун ар бир учуруна жообу даяр диний аалым Чубак ажы Жалилов жума намаз үчүн танаписти бир саатка узартууну колдобогон депутаттарды зекип, опузалап, кыргыз коомунун алдында турган коркунучтарды көз алдыга тартты.

Ошондуктан мурунку муфтий, азыркы кезде кеңири аудиториясы жана көп сандаган тарапкерлери бар дин адамынын мындай позициясы кыргыз коомун селт эттирип, “кайсы жерге келип калганбыз” деген суроону пайда кылды.

Чубак ажы Жалиловдун мисалы диний салт-санаасы, көз караштары жаңыдан калыптанып келаткан Кыргызстанда фундаменталисттик агымдар, башкача ойлонгон, башкача жүрүп-тургандарды жектеп-жекирип, ыңгайы келсе ачык жихад жарыялоого даярлар үстөмдүк кылып баратканын айгинелөөдө. Бул чындыгында эле опурталдуу.

Анткени фундаменталисттик агымдар же такфиристтер ич ара тытышып, жалпы Ислам дүйнөсүн канды-булоонго, миллиондогон адамдарды кайгы-азапка салып жатканы араб дүйнөсүнүн мисалында көрүнүп турат.

Кыргызстандагы ислам аалымдарынын ыңгайы келген жерде эле шииттерди жекирип, суннилер менен шииттердин ортосундагы кылымдап келе жаткан ажырымды улам күчөтүп жатканы да кыргызстандыктардын Сирияга кетип жатышына идеологиялык шарт түзүп берип жатат деген чочулоолор жок эмес. Анткени Сириядагы согушка кетип жаткандар шиит-алавит саналган президент Башар Асадга каршы күрөшүп жаткан жихадчыларга кошулуу үчүн барып жатышканы белгилүү.

Андан тышкары Чубак ажы Жалилов сыяктуу аалымдар жалпы мусулмандардын биримдиги, алардын илим-билимге, технологияга умтулуусуна эмес, көбүнчө майда-барат айырмачылыктарын биринчи орунга алып чыгып, бетке кармоосу тарапкерлерин, алар менен кошо жалпы коомду кургуйга жетелөөдө деген пикирлер да бар.

“Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси Кадыр Маликов азыркы кезде имамдар, муфтийлер өтө аяр болуп, саясаттын мизинде жүрүшкөнүн билиши керек дейт. Эзелтен суннит жана шиит деп бөлүнүү бар, бирок алар бирге жашап келишкен. Ошондуктан бул жерде өтө аяр саясат жүргүзүп, жалпы мусулмандарды бир болууга, туруктуулук жана тынчтыкты сактоого аракет жасалышы керектигин Маликов кошумчалады.

10-июнда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди, Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушевди, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду кабыл алды. Анда президент диний ишмерлердин саясатка аралашуусун айыптап, «бардык иште аша чапкандык жарабайт. Диний догмаларды сокурлук менен ээрчүүнүн арты айрым араб өлкөлөрүн эмне кесепеттерге алып келгенин көрүп жатабыз. Мындай чакырыктар түптүз ИГИЛге жол ачат», – деген.

Кыргызстандын дин иштери боюнча комиссиясынын төрагасы, өзү да такыбаа инсан Орозбек Молдалиев мурунку муфтийди сынга алды:

- Чубак ажынын кийинки кездердеги жүрүм-турумун баарыбыз эле көрүп жатабыз. Шайлоого катышам, кайра катышпайм деди. Баланча-түкүнчө партияга барам деди. “Кыргызстан” партиясын колдойм деп туруп, кайра башка партия менен жарнамаларын илди. Эми мунун баары Конституцияга, мыйзамга туура келбейт. Ал жөнөкөй адам эмес, Аалымдар кеңешинин мүчөсү, диний ишмер. Ошондуктан анын саясатка аралашканы мыйзамга туура келбейт. Анан анын “жаназа окулбасын, булар мусулман эмес” дегендей сөзү биздин ханафи мазхабыбызга туура келбейт. Биздин мазхабдын чегинен чыгып кеткени көрүнүп жатат. Анткени бул мазхабда өзүн мусулманмын дегендерди мусулман эмес деп айтканга эч кимдин укугу жок. Мусулмандыкка туура эмес иш кылса анда ал аркы дүйнөдө өзү жооп берет.

Белгилүү дин аалымы Кадыр Маликов бул чатакта Чубак ажы Жалилов да, бийлик да өтө аяр болуш керек деп эсептейт:

- Мен ыйык Рамазан айында Чубак ажыны да, депутат Жанар Акаевди да жарашууга чакырам. Чубак ажыны өтө аяр болууга үндөймүн. Анткени анын артында ага ишенген өтө көп мусулмандар бар. Бир туура эмес айтылган сөз, ишаара коомдо динге ишенгендер менен светтик коомду жактагандардын ажырымына алып келет. Бийликтин болсо диний аалымдарды баалашын каалайт элем. Мамлекет экстремизмге, радикалдашууга каршы күрөшүүдө. Аалымдар мына ошол идеологиялык күрөштүн сап башында турат. Эгерде белгилүү аалымдарды жаманатты кылып алсак, анда мамлекет терроризм менен жекеме-жеке калат. Ошондуктан бул өтө опурталдуу учурду бардык тараптар туура түшүнүшү керек.

Кадыр Маликов социалдык түйүндөрдөгү келишкис талаш-тартыштар, дин маселесинде өтө аяр болууга сабак болушу керектигин, жарандык коомдун биримдиги үчүн эки тарап бири-бирин кечирип, жарашууга барышы керектигин кошумчалады.

Кыргызстандын муфтияты да Жанар Акаев менен Чубак ажы Жалиловду жарашууга чакырды.

Жаңжалдын чыгуусуна жума намазга убакытты узартуу боюнча мыйзам долбоордун Жогорку Кеңештин комитетинде өтпөй калышы себеп болгону маалым. Долбоорго каршы добуш берген депутаттарды айыптаган Чубак ажы Жалилов алардын "жаназасына турбасын" айтып, "муфтий болгонумда алардын жамандык-жакшылыктарына катышпоого имамдарга буйрук берер элем" деген. Анын бул сөзүн Жанар Акаев "экстремизмге тете" чакырык катары баалады.

Чубак ажы Жалилов акыркы жылдары мечит-медреселерде эркектер менен аялдарга өз-өзүнчө диний маселе кургандан тышкары, бир катар теле-радиолордо атайын берүүлөрдү даярдап алып барууда. Мындан тышкары диний гана эмес, коомдук-саясий маселелер боюнча да пикирин билдирип, парламенттеги мыйзам долбоорлору боюнча да оюн ортого салып келе жатканы маалым. Бирок ал пикирлер дайыма эле мамлекеттин саясатына, мыйзамдарга жана Конституцияга далма-дал келбей калып жатканы белгиленип жүрөт. Депутаттарды зекиген акыркы билдирүүсү боюнча болсо УКМК расмий эскертүү берди.

Казакстанда кризис, атышуу, импердик "оюндар"...

Кошуна Казакстан жаз айларынан бери кооптуу мезгилди башынан кечирүүдө. Апрель, май айларында Казакстан жарандары жерди чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө ижарага берүүгө каршы митингдерге чыкса, июнь айында Актөбө облусунда атышуулар болду. Анын аягы ушул кезге чейин тыйыла элек.

10-июнда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Актөбөдө дагы беш шектүүнү атып өлтүрүлгөнүн кабарлады. Биринчи кол салуу 5-июнда болгон эле. Анда белгисиз адамдар Актөбө шаарындагы курал саткан эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө кол салган. Казак бийлигинин маалыматы боюнча, бул кол салуулардан 4 жай тургун, 3 аскер кызматкери каза тапты. Кол салгандардын 18и жок кылынып, 9у кармалып, дагы 2 изделүүдө.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев кол салгандарга катаал чара көрүүнү тапшырды:

- Баарын, бирин калтырбай кармаш керек. Куралдуу каршылык көрсөткөндөр жок кылынууга тийиш. Баары катаал түрдө жазасын алып, бирөө да кармалбай калбашы керек.

Казакстан президенти кол салгандарды “жалган-динчилдер” деп атап, алар сырттан башкарылганын белгиледи. 10-июнда кечинде гана казак бийлиги алар салафизм агымына киргендер экенин жарыялады. Ага чейин Актөбөдөгү кол салууга баргандардын кайсы диний-экстремисттик уюмга жакындыгы айтылган эмес. Ошондуктан Актөбөдөгү окуяны митингдер, элдин нааразылыгы күчөгөн убакта бийлик тарабынан атайын уюштурулган операция деген сөздөр жок эмес.

Казакстанды солк эттирген апрель-майдагы митингдердин себеби катары жер маселесинен сырткары экономикалык кризис, бийликтин жана байлыктын бир үй-бүлөнүн колуна топтолушу, коррупция, адилетсиздик аталууда.

Бирок кээ бир фактылар Казакстандагы туруксуздуктун бир учугу үлкөн мамлекеттердин геосаясий күрөшүнө барарын көрсөтүүдө.

Маселен, Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы “Шымкентпивонун” ээси, Казакстан олигархы Тохтар Тулешовду республикадагы нааразылык акцияларын каржылаган, тополоң чыгаруу менен бийликти басып алууну көздөгөн деп айыптады. Тулешов январь айында камакка алынган. Тулешовдун өтмүшүнө көз салганда, ал Орусиянын империялык кызыкчылыктарын коргогон, анын авангардында жүргөн уюмдар менен байланышта экени байкалат. Маселен, ал Казакстандын орус-казактарынын бирикмесинин жогорку атаманынын кеңешчиси, “Орус коомчулугу” республикалык коомдук бирикмесинин өкүлү жана башка ушул сыяктуу уюмдар менен байланышта болгон. Ал 2015-жылы Орусиянын геосаясий кызыкчылыктарын кантип коргоо боюнча китеп жазганы да маалым.

Орус-казактар болсо Орусиянын импердик кызыкчылыгын коргоодо алдыңкы сапта турган, ошол кызыкчылыктарды коргоодо колдонулуп келген курал экени маалым. Анын эң жаңы мисалы Чыгыш Украинадагы согуштагы орус-казактардын ролу.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Ержан Карабеков Тулешов тууралуу мындай маалыматтарды айтты:

- Тохтар Тулешовдун артында Орусия турат деген сөздөр чыгып жатат. Бирок мунун баары казак өкмөтүнүн маалыматты толук бербей жатышынан чыгууда. Ошондой эле азыркы саясий кризисте казак өкмөтүнүн кыймыл-аракети карама-каршы болуп, өкмөт эмне кыларын билбей отурат. Азыркы маалыматтар боюнча Тохтар Тулешов орус-казактары менен, Орусиядагы аскерий түзүмдөр менен байланышы болгон. Ошондой эле Орусиянын мамлекеттик Думасында эксперттик кеңештин төрагасы болгону айтылууда.

Ержан Карабековдун айтымында, Тулешов Казакстанда, Европада да демөөрчүлүк иштерди жүргүзгөн. Бирок анын каражаты жалгыз эле “Шымкентпиводон” эмес, баңги соодасынан көбөйгөн деген да маалыматтар бар. Казак органдары да Тулешовду кылмыш дүйнөсүн каржылоо, баңги соодасы боюнча да айыптоодо.

Орусиялык-империялык бирикмелер Кытайдын Борбор Азияда, анын ичинде Казакстан, Кыргызстанда таасири күчөшүнө каршы. Кыргызстандагы Кытай демилгелеген бир катар долбоорлорго мына ошол күчтөр каршы чыгып, маалыматтык өнөктүктөрдү уюштурганы да маалым. Дал ошондон Сары-Жазда ГЭС куруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлор токтоп калганы да белгилүү.

Орусиялык-империялык күчтөр Казакстанда жердин чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө берилишинен биринчи кезекте Кытай пайдаланып, региондо орун-очок алып, таасирин күчөшүнө жол ачылат деп эсептейт. Алар казак калкынын кыргыз калкындай эле Кытайдан чочулоо инстиктин ойготуп, нааразылык пикирдин үстөмдүгүн жарата алышканы байкалат.

Казак бийлиги, албетте, бул татаал оюнду байкап, Тулешовду камакка алган. Бирок таасирлүү жана кубаттуу кошунасын айыптоого дааган эмес. Анткени Астана үчүн коомдук-импердик уюмдар менен Кремлди байланыштырып мамилени бузуу максатка ылайыксыз. Ошондуктан Москва менен Астана мамилеси расмий түрдө мыкты, ал эми реалдуу кызыкчылыктарга келгенде ар ким өзүнүкүн бербейт. Анын үстүнө расмий Москва Казакстанда туруктуулук болушун каалайт, бирок империялык кызыкчылыктарга доо кете баштаганда өз оюнун баштайт.

Митинг, атышуулар орун алган Казакстанда бийлик алмашуу маселеси да турат. Бийлик үчүн кландардын күрөшү, үлкөн мамлекеттердин геосаясий кызыкчылыктары кошуна өлкөдө бийлик алмашуу маселесин ого бетер татаалдаштырган фактор. Белгилүү болгондой, Нурсултан Назарбаев дээрлик отуз жылдан бери бийликте. Анын жашы да бир топко барып калды.

Сомдо туруктуулук, экономикада ишенимсиздик

Кыргызстандын финансы системасы азыркы учурда бир топ турукташып, Улуттук банк өткөн айда үстөк пайызын төмөндөтүүгө барды. Бул албетте, улуттук валюта сомдун курсунун доллар, евро сыяктуу валюталарга карай турукташуусунан кийин мүмкүн болуп калды. Өткөн жылдагы девальвация толкунунан кийин быйылкы жылы сом өзүн ишенимдүү сезип, азыркы кезде бир доллардын баасы 68 сомдун тегерегинде кармалып турат.

Мындай жагдайда Улуттук банк өткөн айдын соңунда жылдык үстөгүн 10%дан 6%га түшүрдү. Улуттук банк муну менен коммерциялык банктардын насыялары да арзандап, ишкерлер төмөнүрөөк пайызда насыя ала башташы керектигин билдирүүдө. Бирок финансы, банк системасында ишеним бир-эки ай эмес, бир-эки жылда араң келери белгилүү.

Ошентип, республиканын акча-финансы системасында төмөн инфляция, валютанын туруктуулугу жана үстөк пайыздын төмөндөшү сыяктуу оң жараяндар байкалат. Бирок республиканын экономикасында төмөндөө токтой элек. Анын негизги себеби катары Кумтөр алтын кенинин солгун иштеши аталууда.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын беш айында ички дүң продукция 4% төмөндөдү. Кумтөрдү кошпогондо ИДП 0,5% өсүш берген.

Тармактар ичинен өнөр жайы -24%, энергетика тармагы -13% ылдыйлаган. Курулуш тармагы минималдуу 1,7% өсүш берген. Текстиль тармагы -43,5%, тигүүчүлүк -23,4% төмөндөгөн.

Тышкы соодада төрт айда экспорт 29,1%, импорт 9,1% кыскарган. Акчалай алганда, экспорт 348 млн доллар, импорт 1 млрд 187 млн долларды түзгөн. Тышкы соодада эки-үч эсе тескери сальдо мурдагыдай эле сакталууда.

Узак мөөнөттүк келечекте республиканын финансылык системасы жана улуттук валютасы азыркы кездегидей туруктуулугун сактайт деп айтуу кыйын. Анткени экономикалык өсүштүн жоктугу, тышкы карыздын ченемсиз өсүп баратышы ошондой ойго негиз берет.

Азыркы мезгилге карай тышкы карыздын өлчөмү 3 млрд 800 млн доллардан ашып, ал ички дүң продукциянын 70%на жакындаган. Республиканын мыйзамына ылайык, мамлекеттин карызынын көлөмү 60%дан ашпаш керек. Анткени андан ашкан карызды төлөй албоо коркунучу пайда болот деп, мыйзам аркылуу чектөө киргизилген.

Бирок бийлик тышкы карыздын өлчөмүн чектеген мыйзамды жокко чыгарууну көздөөдө. Алар муну инфраструктуралык жана башка долбоор үчүн насыяларды алуу зарылдыгы менен байланыштырууда.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Улан Примов иш жүзүндө тышкы карыздын өлчөмүн чектөө алып салынганын маалымдады:

- Буга чейин Жогорку Кеңеш Бюджеттик кодексти кабыл алып, президент кол койду. Ал 2017-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Ал Бюджеттик кодексте карыз боюнча анын көлөмү, эл аралык нормаларга ылайык жүргүзүлөт деп даана жазылган. Мындайча айтканда, атайын чек менен белгиленбестен, жыл сайын бюджет кабыл алынып жатканда тышкы карыздын көлөмү бекитилип турмакчы.

Мурунку экономика министри, белгилүү ишкер Эмил Үмөталиев болсо, мындай саясаттын акыбети жакшы болбойт дейт:

- Бул коркунучтуу нерсе. Жыл сайын өзгөртө берсе андай мыйзамдын эмне кереги бар? Талапка жараша ар бир бийлик өзүнүн керектөөлөрүн канаатттандыруу үчүн корото берет. Ысырапкорчулукка жол ачылат. Мындан сырткары ар бир келген өкмөт кыска кызыкчылыктар үчүн карыз алып, оңой эле ашыкча коротууларды кыла бериши мүмкүн.

Тышкы карыздын өсүшү бюджетке оорчулук алып келет. Анткени карыз бюджет аркылуу төлөнөт. Азыркы жылдары Кыргызстан тышкы карызды төлөө үчүн үчүн жыл сайын 15 млрд сомдун тегерегинде акча бөлүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG